Добавить статью
6:12, 19 июля 2011 72133

Жогорку Кенеш президентти шайласа, президент А.Акаев жана К.Бакиевдин кейпин кийип калышы мүмкүн

Азыркы учурда коомчулукта 2011-жылдын 30-октябрда боло турган президенттик шайлоо жөнүндө эл арасында жана Жогорку Кеңеште түрдүү пикирлер  айтылып жүрөт. 

Президенттик шайлоону өткөрүү үчүн чоң суммадагы акча каражаты кетет аны биздин  бюджетибиз көтөрө албайт, биз парламенттик мамлекет болгондуктан, мамлекет башчысын эл өкүлдөрү шайлап койсо болот деп, айрым депутаттар жана саясий серепчилер массалык маалымат каражаттарына айтып жүрүшөт.

7-апрелден кандуу революциядан кийин бийликке келген Убактылуу өкмөт, биз, кийинки муунга легитимдүү бийликти орнотуп беребиз деп сөз берген.  

2010-жылы Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөтүүлөр жана толуктоолорду референдум жолу менен кабыл алган, мыйзамга ылайык президентти эл шайлайт деп жазылган.

Эгерде бюджет жетпейт деп, президентти Жогорку Кеңеш шайласа, мыйзам бузуу менен бирге легитимсиз бийлик орноп, шайланып келген президент А.Акаев жана К.Бакиевдин кейпин кийип калышы мүмкүн.

Саясий серепчилер өнүккөн Европа мамлекеттеринин демократиясын бизге таңуулап жатышат, биздин байыртадан келе жаткан нукура демократиябыз, каада – салттарыбыз менен «Каган» ажобузду жалпы эл, ачык-айкын шайлап жашап келген. Европанын демократиясы бизге туура келбейт. 

Ошондуктан, азыр  каржы көйгөйүн шылтоо кылбастан, кыйын болсо да таап, президенттик шайлоону мыйзам чегинде  өткөрүп мыйзамдуу, легитимдүү бийлик орнош керек.   

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

25-10-2012
Ж.Сатыбалдиев Аксыга келип, бюджеттин акчасын негизсиз пайдаланып  кетти
66415

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×