Добавить статью
4:11, 28 июня 2012 24750

Коррупцияны жеңүүнүн стратегиясы

Коррупция менен Атамбаев эмес, ачык-айкындуулук жана атаандаштык күрөшөт

Кыргызстан дүйнөдө эң эле коррупциялашкан өлкөлөрдүн катарына кирет. Коррупция өлкөнүн өнүгүүсүнө тескери таасир берип, бура бастырбай буту-колду тушай турган нерсе. Кыргызстандын 20 жылдан бери жакырчылыктын сазына батып, элдин көбү тишинин кирин соруп олтурганына так ушул коррупция, тагыраагы коррупционерлер күнөөлү.

Абалдан чыгуунун жолу кандай? Бул маселени бир гана күчкө таянуу менен чечүү мүмкүн эмес, ал тургай андай жол тескери натыйжа берүүсү да толук мүмкүн. Дүйнөдө коррупция менен күрөшүү боюнча Сингапурдун, Швециянын жана Гонконгдун эффективдүү деген стратегиялары белгилүү. Андай стратегия ар бир өлкөнүн өзгөчөлүктөрүнө жараша болооору талашсыз. Бирок негизги принциптери анчейин айырмаланбай тургандыгын билип коюбуз керек.

Алар кандай принциптр болуусу мүмкүн? Биринчи кезекте – коррупция менен күч органдары эле эмес, саясый аренада, башкача айтканда ачык-айкындуулуктун негизинде жарандык коом жана сөз эркиндиги күрөшүүсү зарыл. Ошондо гана күрөш эффективдүү боло алат.

Буга далил катары Кыргызстагы азыркы абалды айтсак болот. Маселен бир жумадан бери кыргыз коомчулугу будуң-чаң түшүп эле жатып калды. Буга Кумтөр кенинин иштетилишиндеги жана депутат Н. Түлеевдин Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезиндеги коррупциялык аракеттери себеп болууда.

Кумтөр алтындын запасы боюнча дүйнө жүзүндө жетинчи орунда турган ири кен экендиги белгилүү. Алтындын бир унциясы (31 грамм) дээрлик 2 миң долларга чейин бааланууда. Андыктан жүздөгөн тонна запасы бар Кумтөргө ээ болуп туруп Кыргызстан элинин итке минип жашоосу кечирилгис жана буга коррупционер саясатчылар күнөөлү. Адегенде Акаевден башталып, кийин Танаевдин 2003-жылдын 31-декабрь түнү Кыргызстандын кызычылыктарына каршы келишимге кол коюсу менен коштолгон. Мында Кыргызстан болуп көрбөгөндөй зыян тарткан.

Ал иштин баары буга чейин «бармак-басты, көз кысты» болуп көз жаздымда калып келген. Анткени ага жогорку эшелондогу аткаминерлердин катыштыгы бар болгон. Акаевдин аракеттерине каршы турган «легендарлуу парламент» таркатылып тынды. Андан кийинки аракеттерден да майнап чыккан эмес. Маселен К. Исабековдин аракеттери ал кездеги президент К. Бакиев тарабынан кадимкидей сынга алынып, ал гана эмес ич күйдүлүгү да байкалган. Бул маселе эми гана толук кандуу көтөрүлүп, парламенттик комиссиянын күчү менен чуунун баары ачык иликтене баштады.

Бирок эмнегедир мамлекеттик комиссия керек деген шылтоо менен кийинкиге жылдырылды. Мунун эки себеби болуусу мүмкүн. Биринчиси, маселени негизинен «Ата Журтчу» С. Жапаров көтөрүп жаткандыктан беркилер «ичи тар итине бок бербейт» демекчи, «Кумтөрдү кайрып берди» болуп «Ата Журт» эл оозуна алынып кетпесин деген кызыкчылыгы болуусу мүмкүн. Экинчиден, баягыле коррупция маселеси. Анткени маселенин куну Кумтөрдөгү алтындын 700 тонна запасы менен ченелүүдө.

Кандай болгон күндө да бул биринчи кезекте парламенттик башкаруунун натыйжасы деп койсок болот. Анткени саясый күчтөрдүн ачык конкуренция аркылуу күч сынашуусуна шарт түзгөн так ушундай атаандаштык системасы гана бул өңдүү былык иштердин бетин ачып, коррупциялык механизмдерди сындырууга өбөлгө түзөт.

Кыргызстандын тарыхында күч органдары парламент депутатынын колуна кишен салып, камакка алган учур болгон эмес. Бирок криминалдык чөйрөнүн аталыктары депутат болуп шайланып, бир нече депутат криминал менен болгон байланыштарынан улам чаламандын чак түшүндө киши колдуу болуп өлүшкөн. Бул эки көрүнүштүн айырмасын айтуунун кажети жоктур.

Н. Түлеевдин «Коррупция» беренеси менен айыпталып, камакка алынуусуна бир жактуу баа берүүгө али эрте. Анткени саясый чөйрөдө бул ишке эки өңүттөн баа берилүүдө. Айрымдар муну «президент өз таасирин күчөтүү максатында парламентти кысымга алууда» деп кандайдыр бир саясый технологиянын бир элементи катары кабылдап жатышат. Ошол эле учурда «Н. Түлеевдин ири коррупционер экендиги эбактан бери белгилүү, абдан туура кадам болду» деп колдоого алгандар да көп. Эң негизгиси «булар да камалат экен го» деген коомдук пикир чоң таяныч болуп бермекчи.

Бул маселедеги процессуалдык чекиликтерден улам күч түзүмдөрү менен парламент ортосунда ачык тирешүү башталды. Башкы прокуратура менен УКМК депутаттардын атайын комиссиясы мыйзамсыз деп парламент менен эсептешпей койду. Ал тургай сот аркылуу өз чындыгын бекемдеп да алды. Күч органдары президенттин карамагындагы түзүмдөр экендигин эске ала турган болсок бул тирешүүнүн арты эмне менен бүтөөрү бүдөмүк.

Кандай болгон күндө да депутаттардын «коррупционер» кесиптешин коргого алган аракети парламентке абийир алып келбейт. Президент Атамбаев мунусу менен упай топтой алды, бирок анысын коррупция менен чындап күрөш жүргүзүп гана бекемдей алат.

Кантип? Биринчи кезекте «нариманчасынан» катын-баласын чырылдытып караңгы түндө барып кармап кетпей, коррупцияга шарт түзгөн механизмдерди сындыруу менен системалык түрдө күрөшүү зарыл. Анткени жалаң кара күчкө таянуунун арты айланып барып саясый атаандаштардын баарын «коррупционер» кыла турган диктатурага өтүп кетүүсү толук мүмкүн. Андыктан мындай «оору» менен күрөшүүдө жардамга жарандык коомду жана сөз эркиндиги өңдүү институттарды чакыруу зарыл. Коррупцияны кайсы гана лидер, канчалык гана көрөгөч болбосун жалаң гана күчкө таянуу менен жалгыз жеңе албайт. Күрөш саясый талаада ачык-айкындуулуктун, атаандаштыктын негизинде гана эффективдүү боло алат. Бу жерде маселенин тузу – шайлоолорго барып такалат. Мында иштин натыйжасын дароо көрүүгө болбойт. Бирок бул түпкүлүгү туура жол болуп эсептелет.

Коррупциялык механизмдер демекчи, «уурдап» алды деп ууруну издеп убара болгончо ууруга шарт түзүп берген механизмдерди жокко чыгаруу зарыл. Анткени коррупция жарандардын аткаминерлерге болгон көз карандылыгынан улам келип чыгаары белгилүү. Ал эми ууруларды кармап жазалоо, аткаминерлердин айлык акысын жогорулатуу өңдүү иш-чаралар маселенин техникалык гана жагы болуп эсептелет.

Илимий тил менен айтканда президент Атамбаев жана ага баш ийген күч түзүмдөрүнүн коррупцияга каршы күрөшү ички көзөмөл, ал эми ачык-айкындуулук жана атаандаштык системасынын күрөшү сырткы көзөмөл болуп эсептелет. Айта кетүүчү жагдай дүйнө жүзүндө парламенттик республикаларда коррупциянын деңгээли президенттик башкаруудагы өлкөлөргө караганда алда канча төмөн экендиги аныкталган. Анткени парламенттик башкаруунун алкагында саясый атаандаштык, сөз эркиндиги жана ачык-айкындуулук тышкы көзөмөл катары эффективдүү иштейт. Ал эми ички көзөмөл баардык эле учурда оң натыйжа бере бербеси белгилүү.

Андыктан коррупция менен Атамбаев эмес, ачык-айкындуулук жана атаандаштык системасы күрөшөт. Күрөшкөндө да алда канча эффективдүү күрөшөт, анткени Атамбаев саясый конъюнктурага жараша ар кандай азгырыктарга алдырып коюсу мүмкүн. Президент «нариман» операциясы өңдүү ар кандай технологияларды өз бийлигин күчөтүү максатында колдонбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ал эми ачык-айкындуулук жана атаандаштык системасы жеке же кандайдыр бир саясый кызыкчылыктарды көздөгөндү билбейт. Бирок коомдо болгон баардык саясый күчтөргө бирдей шарт түзүп берип, арасынан эң эле татыктуусу жеңишке жетүүсүнө мүмкүнчүлүк берет. Демек, стратегия катары оң натыйжа берээри турган иш.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

26-07-2012
Саясий антибиотик
44375

05-07-2012
Геосаясат: «Алеша» алыс кете алабы?
33181

21-04-2011
Конституциялык коллизия же коалициялык казус
31306

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×