Добавить статью
8:44, 7 августа 2012 12518

Бюджет маселесин элдин эсебинен чечпегиле

Өкмөттүн бюджеттик чыгымдарды азайтууга кылган аракетин колдоого болот. Бирок, аны жөнөкөй катардагы кызматкерлердин эсебинен чечип жатканы, ар бир кыргызстандык жаранды түйшөлтөт, ал эмес кыжырын кайнатып нааразылык туудуруп, аны каршылык көрсөтүү ниетине түртмөлөйт. Митингге, пикетке чыгып, жол тосууга баргысын келтирет.

Бюджеттик мекемелерди кыскартуу компаниясы кеңири кулачын жайып, ансыз да каржалып турган элге сокку болууда. Айына бир колуна тийчу жарыбаган айлыгын тартып алганы турушат жөнөкөй каратамандардын. Бул адилетсиздик, өз эли журтунун тагдырына болгон кайдыгерлик.

Өкмөттүн реформасын ишке ашырып жаткан Т. Сыдыкбековдун «Ныпамбайлары» силер кыскартуу дегенди бири- бирин кайталаган пайда –батасы аз ишкана уюмдарды бириктирүүдөн, алардын жетекчисинин айтканын эки кылбай милдетин аткарып жүргөндөрдү кыскартпай, алардын жетекчилерин, бухгалтерин, кассирин орун басарларын, помдорун кыскартсаңар чыныгы реформаны жүргүзгөн болосуңар. Албетте, колунда бийлиги, тааныш туугандары жок бир пендени кызматынан кетирип коюш жетекчиге жеңил жана ыңгайлуу болууда.

Сөздүн чынын айтсак ишкана,уюмдарга келип түшкөн бюджеттик каражаттардын көпчүлүгү бул андагы жетекчи, директор, башчылардын жана алардын орун басарларынын, бухгалтер,склад башчыларынын жем акыры катары (кормушка) пайдаланылууда. Эң эле начар карызга баткан, итке минген ишкана, уюмда эбин таап миллионду жеп койгон амалкөйлөр күч структураларынын кылтагына илинип жатат. Ой, ушул ишканадан жеп жибергидей эмне табылат деген ойдо турасын. Бирок ыгын тапса ал жерден да мойсоп койсо болот тура.

Мындай ой-пикир жеке менин ойлоп тапканым эмес, эл айтып жатат. 120 депутаттын эмне кереги бар деп баары эле кыйкырып айтып жүрүшпөйбү. Сессияларда 30га жакын депутат толук кандуу иштеп, мызам боюнча маселелерди чечүүгө салымын кошот. Демек, калгандарынын кереги жок деп айтууга толук негиз бар. Дегеле бул институтту башкача баягы союз мезгилиндей делегат кылып жиберип тургандай кылса, өкмөттүн бюджетине үнөм болот эле. Депутаттардын иш сапары үчүн эле 100миң-200миң сом жумшалат экен,ага кайсы бюджет чыдайт.

Дагы бир жем акыр, бул фестивал майрамдар деп эсептейм, ал турсун толук ынанымдамын. Бул иш чарага миллион сом, тиги иш чарага 250 миллион сом бюджеттен которулду деген маалыматтар кетет ар кайсы маалымат булактарынан. Ал сумманын барысы эле иш чараны өткөрүүгө кетет деп кепилдик бере аласыңарбы. Жок, жолду же көпүрөнү ондоп салдык, таш, топурагына түкүнчө чыгым кетти дегендей эле кагаз жүзүндөгү отчеттор кетет өкмөткө оюн- зоок уюштуруучулардан. Ал эми майлуу –суттуу жумушка орноштурам, ишкерчиликке, кен иштетүүгө лицензия берем деп аны чоң бизнеске айландырган чиновниктер, океанда оозун ачып, балыктарды жутуп жаткан киттердин элесин берет. Иши кылып эбин тапса эки жейт деген карышкырлардын заманында жашап жатабыз да.

Учурда болуп жаткан кыскартуу маселесине оюм жогоруда айткандай. Элдин убалын ойлоп, атка минерлер ойлонуп, иш кылса деген эле ниетте ойумду билдирдим.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

05-12-2013
Жети-Өгүздөгү спорт комплекси бүтпөй жатат
13539

25-07-2013
Түп-Кеген унаа жолунун 76 чакырымынын 27синегана асфальт төшөлдү
12688

25-07-2013
Тыюу салынганына карабастан көлдүн жээгинде автоунаа токтоочу жай уюштурулган
17271

18-07-2013
Ысык-Көлдүн «Жыргалаң» шахтасы токтоп турат.
18008

17-07-2013

Ак-Суу районундагы балдардын реабилитациялык борбору оңдоп-түзөөгө муктаж

23239

09-07-2013
«Каприз-Каракол» отели кимдин менчигине өткөнү жатат?
17840

28-06-2013
Ысык-Көлдө кароосуз калган имараттар өкмөттүк деңгээлде көңүл бурууга муктаж
16741

14-06-2013
Ысык-Көлдөгү ири өрттүн чыгышына себепкер болгондорго укуктук баа берилген эмес
18897

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×