Бөлүнгөндү бөрүлөр жеп кетет дейт,
Майдаланып кыргыздар бөлүнбөгүн.
Бөлүнсөӊ бөк түшүп шал болоорсуӊ,
Кордук көрүп, кулу болуп көрүӊгөндүн.
Эл бузган, чагымчыл жамандардын
Сөзүн угуп, кызыл канга чөмүлбөгүн.
Батыштын баалуулугун балдай көрүп,
Тепселенди улуттук ырыс-дөөлөт.
Эсиӊе кел! Тамыры соолуй турган улуттардын,
Карыларын жаштары уруп-жөөлөйт.
Эне тилди сүйбөсөӊ, эл-жерди барктабасаӊ,
Эзилип жок болоорсуӊ эрксиз кулдай.
Ыйыктыгын Ата-Журттун сактабасак,
Ыдырап чачырайсыӊ эшилген сары кумдай.
Биримдик, ынтымакты ураан тутуп,
Ала-Тоодой ыйык жерди сактай билгин,
Кыргыз менен кыргызча эле сүйлөйлүчү,
Кадырын кетирбестен эне тилдин.
Автор: Илияс Сексенбай