Добавить статью
3:13, 27 ноября 2012 29095

Президентке, БШКга кайрылуу

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевге

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.Абдраимовго

Кайрылуу

Биз Жалал-Абад шаардык кеңешке партиялык тизме менен шайлоого катышкан төмөнкү саясий партиялардын өкүлдөрү Сиздерге кайрылабыз, себеби:

Жалал-Абад шаардык кеңешке 2012-жылдын 25-ноябрында болгон шайлоо мурда болуп көрбөгөндөй одоно мыйзам бузуулар менен өттү. Шаардагы бардык участкалык шайлоо комиссиялары башка аймактардан келишкен, шаарда жашабаган, шайлоого укугу жок жарандарга бюллетень беришип, өздөрү «карусел» ыкмасы менен добуш берүүгө шарт түзүп беришти.

Ал тургай шаардык шайлоо комиссиясынын төрайымы Б.Турдубаеваны чакырганда мыйзам бузууларга өзү да таң калып, прокуратура аркылуу областтык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерин чакырып тартипке сала албай койду. Башка жактардан келишкен көптөгөн адамдар шайлоо участкаларына ээн эркин киришип, бюллетень таштап жатышты.

Ал эми көптөгөн шаардын жашоочулары өздөрүн шайлоочулардын тизмелеринен таба албай, кабарлоолорду алышпай шайлоо укугун колдоно алышпады.

Бюллетендер, шайлоочуларга жетпей калган кабарлоолор шайлоо участкаларынан сырткары жерлерде таркатылып жатты.

Урматтуу Президент! Урматтуу БШКнын төрагасы!

Болуп өткөн шайлоо шаардыктардын шайлоосу эмес. Бул участкалык шайлоо комиссиялары келишип алышып жасашкан мыйзам бузуу.

Шайлоого шаардык шайлоо комиссиясы айтып жаткан 63 пайыз эмес, ошонун жарымы да катышкан жок.

Биз шайлоонун жыйынтыгына ишенбейбиз жана тааныбайбыз! Жогорудагы мыйзам бузууларды бардык шаардыктар өз көздөрү менен көрүшүп күбө болушту.

Тез арада БШКдан, укук коргоо органдарынан комиссия түзүп, Жалал-Абад шаардык кеңешке болгон шайлоону бардык саясий партиялардын, коомчулуктун, массалык маалымат каражаттарынын катышуусунда текшерип чыгууну талап кылабыз!

Эгер Кыргызстанда эл адилет шайлоого, мамлекеттик бийликке ишеничин жоготпосун десеңер, мындан ары өлкө өнүгүүсүн кааласаңар, Жалал-Абад шаарындагы бардык шайлоо участкаларында бюллетендерди кайра эсептеп, тизме менен шайлоого катышкандарды текшерип, мыйзам бузууга жол беришкен участкалык шайлоо комиссияларын жоопко тартуу керек. Бул мындан ары элдин мамлекетке, бийликке ишенимин калыбына келтирүү үчүн өтө зарыл. Тазаланууну шайлоодон баштоо керек!

Саясий партиялардын өкүлдөрү:

1. Ата Мекен социалисттик партиясы

2. Замандаш-Современник партиясы

3. Бүтүн Кыргызстан партиясы

4. КСДП

5. Эгемен Кыргызстан партиясы

6. Акшумкар партиясы

7. Кыргызстан коммунисттер партиясы

8. Республика партиясы.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

11-04-2011
26169

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×