Добавить статью
8:13, 6 декабря 2012 26236

Болуп жаткандар кырсыкпы, сынообу, же жазабы?

Кеп башы

Мен жакында Ибн Касирдин сөзүнүн негизинде түзүлгөн, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын уруксаты менен Садык Гавай тарабынан кыргыз тилине которулуп, редакцияланып 2011-жылы басмаканадан чыгарылган “Пайгамбарлар тарыхы” (Кысас-ул-Анбия) аттуу китебин окуп чыктым. Бул китептин инсан жашоосуна өзгөчө таасир этүүчү тарбиялык мааниси жогору экендигинен улам жана өзүм Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде иштегендигиме байланыштуу Жараткандын кайсыл учурларда адамзатка кандай сыноолорду, кандай жазаларды жөнөткөндүгүн калктын эсине дагы бир ирет салып, жарыялап коюу ашыктык кылбай тургандыгын жана учурдун талабы экендигин эске алып ушул макаланы жазууга кириштим.

Биз-адамзат кандайдыр бир кырсыкка күбө болсок да, кабылсак да анын себебин жана күнөөлүүнү ар жактан издеп убара тартабыз, ошондой эле кимдир бирөөлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тарттырууга же тартууга болгон күч аракетибизди жумшайбыз. А чындыгында бизди жана ааламдарды жаратуучу дагы кандай апаат берээрин, же апаатты эмне үчүн, ким үчүн жөнөтүп жаткандыгы жөнүндө аз ойлонобуз. Жерди жана ааламдарды жаратуучу жалгыз Алла буга чейинки биз билген тарыхтарда ар бир бузулган коомго аларды эс-акылга чакыруу үчүн пайгамбарларды жөнөтүп турган. Биздин угуп жана окуганыбызга караганда улуу Жараткан Адам ата алейхиссаламдан баштап Мухаммад алейхиссаламга чейин 124 миң пайгамбарды жиберип, адамзатты күнөөлөрдөн арылууга үндөп, акылга чакырган. Бирок, инсандын негизги душманы болгон шайтан да өз ишин жигердүүлүк менен аткарып, Адам атабыз менен Обо энебизге Алла таала тарабынан жегенге тыюу салган дарактын мөмөсүн алдоо жолу менен жегизип, бейиштен чыгууга мажбур кылгандан баштап, адамзатты акылдан азгырып, күнөөгө батыруунун үстүндө болгон күч кубатын жумшап келет. Алла таала Адам атаны жаратканда эле акыркы пайгамбар катары Мухаммад алейхиссаламды адамзатка жөнөтөөрүн убадалаган жана жаратуучубуз тарабынан буга чейин пайгамбарлар аркылуу жерге түшүрүлгөн бардык китептерде да бул туурасында айтылгандыгы маалым. Демек, акыр заман болоору алыс эмес, анткени азыркы биз жашап жаткан коом да болуп көрбөгөндөй бузулуп бараткандыгына күн сайын эле күбө болуудабыз. Акыр заманды алыстатуунун бирден бир жолу-ыйман келтирүү экендигин негизинен көпчүлүгүбүз билебиз, бирок ошону аткарууга келгенде же шайтанды ээрчийбиз, же жалкоолугубузга баш ийебиз. Бул өтө өкүнүчтүү.

Жогоруда биз сөз кылып жаткан китептин 38-39-беттеринде “Нух алайхиссалам пайгамбар тууралуу баян” бөлүмүндөгү келтирилген аяттарда: 1. “Нухтан кийин Биз канчалаган муундарды (Аллахка жана Анын пайгамбарларына каапырлык кылышканы үчүн) ойрон кылдык... Роббиң Өз пенделеринин кылган күнөөлөрүн (ар дайым) көрүп, (ар качан) билип турат!”

2. “Алардан соң Биз башка жаңы муунду жараттык”

....4. “Булардан мурдагы муундардын далайын жок кылдык. (Болбосо ыймансыз каапыр болгон) алар байлыгы жана (дөөлөттүү) көрүнүшү жагынан булардан (башкача айтканда азыркы каапырлардан) алдаканча күчтүү болчу...” – деп, адамзатка жасаган күнөөлөрүнө жараша жиберилген жазалар жөнүндө кеп болууда.

Ошентип Алла таала өзү жараткан пенделери чектен чыгып, туура жолдон адашып, Жаратканга тообо келтирүүгө, ыймандуу жашоо жолуна түшүү жөнүндө ой жүгүртүүгө дараметтери келбей, шайтандын кулуна айланып калган кезде, ошол муунга чоң апаат жиберип, аларды түп тамырынан бери жок кылып, алардын ордуна жаңы коомду пайда кылып койгондугу жөнүндө эскертүүдө.

Жердин бетин топон суунун капташы

Жалпы адамзатка бүгүнкү күндө Нух алейки саламдын мезгилиндеги жерди топон суу каптагандыгы белгилүү жана аны менен ушул кезге чейин окумуштуулар изилдөө жүргүзүү багытында алектенишүүдө. Бул жерде жалпыга маалым болгон бир чындык бар, ал-ошол кездеги коом же болбосо адамдар чектен чыгып, ыйман эмне экендиги жөнүндө уккулары да келбей калган. Нух алейхиссаламдын аларды оң жолго баштоо жөнүндөгү чакырыктарына текеберленишип, келекелөө, шылдыңдоо менен кабыл алышкан. Ал эми ошол топон суу жөнүндө диний булактарда алда качан эле кеңири маалыматтарды берип койгон. Маселен жогоруда биз кеп кылып жаткан китептин 57-бетинде “Жердин бетин бүтүндөй каптаган топон суу” –деген темадагы бөлүмүндө “Дүйнөнү Топон суу кандайча каптаганын Ибн Касир (рахм.а) мындайча түшүндүрөт: Ошондо Аллах Таала мурда эч качан болуп көрбөгөндөй нөшөрлөгөн жамгырды жаадырат жана ошондон кийин да нөшөр эч качан антип төккөн эмес. Анчалык нөшөрлөгөн жамгырды адамзат тарыхы ошондон кийин эч качан көрө элек. Оо, ал ушунчалык катуу нөшөр болгон! Ошол эле учурда Аллах Таала жердин баардык жеринен (мурда булагы жок чөлдөрдөн да) булактардын атылып чыгуусуна буйрук кылган. Бул тууралуу ыйык Куранда Аллах Таала мындай дейт:

“Ал (Нух) Роббисине: “Мен, чындыгында, (каапырлардан) жеңилип баратамын. Жардам бере көр” – деп (Аллахка) жалбарды. (Ошондо биз) асман(дардын) эшиктерин (абдан катуу) нөшөрлөгөн жамгыр менен ачтык. (Ошол эле учурда) Жерди жарып булактарды (чыгардык). Ошондо суулар мурда аныкталып коюлган буйрук боюнча (селге айланып океанга) биригишти. Аны (Нух алейки саламды) тактайлуу жана мыктуунун үстүндө (кемеде) алып жүрдүк. (Нухтун кемеси) Биздин көз алдыбызда (Аллахтын тыйганынан) тыйылган жанга (Нух а.с.га) сыйлык болуп сүзүп баратты”.

Китептин 58-бетинде: ”Айрым тафсирчилер (куранды которуучулар) минтип айтышат: Топон суу Жер бетиндеги эң бийик тоонун туу чокусуна чейин, башкача айтканда, эң бийик тоонун эң бийик чокусунан да бийик, дагы 15 чыканак бийик көтөрүлөт. Ошондой эле, суу жердин эң бийик чокусунан сексен (80) чыканак жогору көтөрүлгөн деген да кабарлар бар. (Ошентип) Топон Суу бүтүндөй жер шарын тоолору, токойлору, чөлдөрү менен кошо басып калгандыктан, Топон сууга чейин жашаган баардык жан-жаныбарлардын баары кырылып калган.” –деп айтылат.

Топон суудан кимдер, эмнелер жана эмне үчүн

аман калышып, жашоо учугу кантип уланган?

Китептин 54-бетинде Аллах Тааланын Куранда мындай дегени келтирилген: “(Ошондо) Биз ага (Нух алейхиссаламга. ред.) (мындай) кабар бердик: “Биздин көзөмөлүбүз жана кабарлообуз менен кеме жаса. Биздин буйругубуз келип, (кызытылган) тандыр(лардын ичинен да) кайнак суулар атылып чыккан кезде, ар бир жыныстагы (айбандардан) жуптарды, ал эми үй-бүлөңдөн болсо өздөрүнө каршы (зулумдук кылышкандыктан улам Аллах тарабынан кыйратылууга) өкүм чыгарылгандардан башкаларын алып, кемеге түш. Жана заалымдар үчүн Менден (кечирим) сураба, анткени алар (эми сөзсүз) сууга чөктүрүлөт.

Ал эми ушул эле китептин 55-бетинде “...Чындыгында, Нух менен (чогуу кемеге түшүүгө татыктуу болуп) ыйман келтиргендер абдан аз (болчу) “-делет. Нух алейхиссалам 950 (тогуз жүз элүү жыл) жашап, элди ыймандуулукка чакыргандыгына карабай, ошол кездеги коом шайтандын азгырыгынын сазынан чыга албай койгон тура. Нух алейхиссалам ошол коомдун адамдарына Алланын каар-жазасы катуу болоорун күнү-түнү айтуу менен алектенгенине карабай кемеге түшкөн ыймандуулардын саны 80 адамдан ашкан эмес экен. Китептин 55-бетинде: “Нух (а.с.) дын кемесинде канча инсан аман калгандыгы тууралуу аалымдар ар түрдүү пикирди карманышат. Ибн Аббастын (ага Аллах ыраазы болсун) пикири боюнча сексен адам болгон. Бирок, Каб ал-Ахбар (р.а) алардын саны жетимиш эки болгон дейт. Уламалар Нух (а.с.) пайгамбардын аялынын тагдыры эмне болгону тууралуу да бирдей пикирде эмес. Айрымдары анын аялы Топон суудан кийин каза болгон дешсе, башкалары ал өз каапырлыгынан улам Топон суу астында калып өлгөн дешет.”- деп жазылыптыр. Ал эми каапырлыгынан улам Топон сууга чөктүрүлгөндөрдүн арасында Нух пайгамбардын өзүнүн баласы да болгондугу айтылган.

Топон сууга чөктүрүлгөндөр тууралуу аталган китептин 60-бетинде Аллах Тааланын Куранда айткан сөзү мындайча келтирилген: “Биз аны (Нухту) жана аны менен кемеде бирге болгондордун баарын (кыйроодон) сактап калдык да муну (келечек) муундар үчүн аян кылып койдук”. ...“Мындан сырткары Аллах Таала Нухтун элинин каапырлары жөнүндө минтет: “Алар өз күнөөлөрү үчүн чөктүрүлүп, Тозокко ыргытылды. Алар (жан соогалаган ошол кезде) Аллахтан башка жардамчы таба алышкан жок. Нух мындай деген болчу: “Роббим, жер жүзүндө бир да каапыр калтырба! Анткени, эгер Сен аларды калтырсаң, Сенин пенделериңди адаштырып, алардан бузукулар жана каапырлар гана туулат.

Ошентип Аллахтын кудурети жана буйругу менен Жер бети бир аз кургап, суулар тартылган кезде Аллах Таала айтат: “Оо Нух! Өзүң менен бирге болгон топторго: “Биз тараптан бейпилдик жана береке менен кемеден (Жерге) түш” --деп айтылды. (Сенден кийин алар) ар түрдүү (улуттарга айланышкан) элдер болушат” – деп айтууда. Ошол эле китептин 62-бетинде “”Демек, азыр Жер бетинде жашап жаткан адамзаттын баары Нухтун Хам, Сим, жана Иафет аттуу үч уулунан таралган урпактар болуп саналышат.

Имам Ахмад (сахаба) Самуранын сөзүнө шилтеме берүү менен Аллахтын Элчиси (с.а.в.) дын мындай дегенин кабарлайт: “Сим—арабдардын бабасы, Хам – эфиопиялыктардын (б.а африкалыктардын) бабасы, ал эми Иафет болсо – римдиктердин (б.а. европалыктардын) бабасы” – деп көрсөтүлүптүр. Ошентип кемеде калган адамдар менен жан-жаныбарлардын учугу бүгүнкү күнгө чейин уланып келе жаткандыгы баарыбызга маалым. Жогорудагы Топон суунун капташы ар бир акыл эстүү пенде үчүн сабак болот деген ойдобуз. Анткени бүгүнкү күндө да жер жүзүнүн ар кайсы жерлеринде нөшөрлүү жамгырлар, үрөйдү учурган селдер, суу каптоолор болуп жатпайбы. Мындан улам ар бир кырсыкты өзүбүз гана чакырып аларыбызды аңдап жеткендигибиз дурус, деп тыянак чыгарганыбыз туура болоор.

Аад коому, Худ пайгамбар жана Аллахтан аталган

коомдун каапырларына жиберген бороон

Нух алейки саламдан кийин адамзат оңолгонсуп, Топон суунун капташынан сабак алгансыган. Тилекке каршы андан бир топ мезгил кийин келген коомдор ал учурду унутуп, Топон суу жөнүндө айтылган кептерди жөн гана жомок катары кабыл алышып, ал эле эмес, Аллах Таала тарабынан ошол кездеги коомду акыл-эске чакыруучу пайгамбар кылып (өздөрүнүн арасынан) жөнөтүлгөн Худ пайгамбарды текеберлик менен шылдыңдашкан. Китептин 75-бетинде Аллах Тааланын ыйык Куранда: “Ошондо Аад эли (антип айтууга эч) акысы жок туруп: “Жер жүзүндө бизден ашкан күчтүү ким бар?!” – дешкен болчу. Ааддар өздөрүн жараткан Аллах Таала аларга караганда (сансыз эсеге) күчтүүрөөк экендигин билишкен жок беле?! Алар Биздин (куттуу) аяттарыбызга каршы чыгышты (да, ошонун натыйжасында кайра тургус болуп катуу кыйроого учурады)” – деп айтканы жазылган..

Жогоруда белгилүү болгондой бузулган Аад коомуна Аллах Таала жан чыдагыс шамалдуу бороон менен дене бойду зыркыраткан заар үндү кошо берет. Бул окуянын кандай апааттуу болгондугу жөнүндө аталган китептин 74-бетинде сансыз мактоолорго татыктуу Аллах Тааланын Куранда мындай дегени келтирилген: “...Аад эли бороондуу шамал менен кыйратылып жок кылынды. (Ошондо) Аллах аларды жети түн, сегиз күн бою үзгүлтүксүз бороондун эркине багындырып (таштап) койду. (Эгер Аллах сага алардын кыйроосун кайыптан алып көрсөткөн болсо) анда сен алардын көңдөй курма дарагынын сөңгөктөрү сымал (көмкөрөсүнөн түшкөн денелери ылдый караган тейде) сулап жатышканын көрмөксүң. Сен алардан (кимдир бирөөсүнүн деги) аман калганын көрдүңбү!?”

Аллах Таала (Ага чексиз даңазалар болсун) Ыйык Куранда минтип айтат: “Биз аларга (чексиз узакка созулгандай сезилген) шордуу күндө үзгүлтүксүз согуп турган, заар үндүү бороон жибердик”

Андан ары Улуу Аллах (адамзатка) эскертүүсүн минтип улантат: Аад коому(нун кыйрашында) да (силер ала турган сабактар) бар. Ошондо Биз (Аад элине) кыйраткыч бороонду жөнөткөнүбүздө, ал (бороон) өзү өткөн жерлерде бызгыган күлдөн башка эч нерсе калтырбады” – деп пенделеринин эсине салууда.

Китептин ошол эле бөлүгүнүн 75-бетинде жогорудагы шамалдуу бороондун келтирилиши жөнүндө мындайча жазылыптыр: “Аллах Тааланын “үзгүлтүксүз согуп турган, заар үндүү бороон” деген сөзү, кыязы аларды кыйратуу максатында добушу абдан заар чыгып, сай-сөөктү сыздатып, аза-бойду дүркүрөтүп, муун-жүүндү титиреткен бороондуу ызгаар шамал тууралуу айтылууда жана ошол жети түн, сегиз күн тынымсыз албууттана согуп турган ал борошолуу бороон, сыягы, бүткүл аад элин тукумкурут кылып, конуштарын жер менен жексен кылып салган. Ал шамал ушунчалык каардуу болгондуктан, аад коому жашаган таштан курулган үңкүрлөргө чейин кирип барып, ичиндеги адамдарды сыртка учуруп чыгып, баштарын ылдый кылып ташка чабуу менен өлтүргөн. Ошол бороон атүгүл алардын абдан бийик жана өтө бышык кылып таштардан курулган имараттарынын, хансарайларынын да ташын талкан кылып талкалап кеткен. Анткени алар өздөрүнүн күчтүү экендигине таянуу менен текеберленишкен болчу” – деп аябай элестүү жан так жазылыптыр.

Худ пайгамбарыбыздын өз коомун ыйманга чакырганына көнбөй текеберленген каапырларын Аллах Таала заардуу үн коштогон борошолуу шамал менен жазалагандыгы бүгүнкү коомго да сабак болууга тийиш. Анткени бүгүнкү күндө да жер планетасынын көпчүлүк бөлүктөрүндө мындай апааттар болуп жатпайбы. Ал эми биздин өлкөдө болсо, болуп жаткан кырсыктарды (балким Алланын сыноосу, балким жазасы) кимдир бирөөлөрдөн көрүп, же жабыркабаган эле турак-жайын жабыркады деп, буза салып, өкмөттөн жардам сурап көрүнгөн эшикти каккылап жүргөндөргө да күбө болобуз.

Салих пайгамбар, анын коомунун ыйманынын

Ак ботолуу боз инген аркылуу текшерилиши

Аад элинин каапырлары жазаланып, катуу кырылгандан соң, жаңы келген Самуд аталган коомго алардын ыймандан чыгып бараткандарын акыл-эске чакыруу үчүн өздөрүнүн арасынан Салих алейки саламды Аллах Таала пайгамбар кылып жөнөткөн. Бул туурасында биз кеп кылып жаткан китептин 78-бетинде төмөндөгүчө жазылган. “Ибн Касир минтип айтат: мындайча айтканда, алар өздөрүнөн мурда кыйрап тынган аад коомунун жолун жолдобосун, алардын тукум курут болгонунан өздөрүнө сабак алсын деп, Аллах Таала самуддарды аад элинин мураскору кылып койгон. Аллах Таала аларга өздөрү каалагандай кылып ар түрдүү имараттардын баардык түрлөрүн жана абдан бийик жана бекем хансарайларды куруу жөндөмүн тартуулаган. Ошондуктан Аллах Таала ыймандан тайып кеткен аларга Кийинчерээк: “...(Кудайды чанып, бул дүйнөнүн гана камын көргөн) текеберлик менен тоолорду оюп (заңгыраган) үйлөрдү (мактануу үчүн эле) кура бересиңерби?” – деп айтат.

Ал эми Салих пайгамбар болсо бузулган коомду оң жолго түшүүгө үндөп, аларды ыйманга чакырат. Тилекке каршы алар ыйманга баш ийүүнүн ордуна пайгамбарга ар кандай шарттарын коюшат. Бул тууралуу биз сөз кылып жаткан китептин 80-бетинде: “Тафсирчилердин (куранды которуучулар) баяндоосу боюнча, бир жолу саммудар чогулган кезде Салих (а.с) пайгамбар аларга бир гана Аллахка сыйынууга чакырып, даават кылат. Ал ошону менен катар эле эгерде эли анын чакырыктарына кулак салбай койсо жана каапырлыктагы өжөрлүктөрүн ушинтип көкбеттене уланта беришсе, акыры бир күнү мунун натыйжасы абдан кайгылуу бүтөөрүн да эскертүү менен, аларды Аллахка сыйынуунун пазилет -пайдаларына ынандырууга аракет жасайт. Ошондо алар жакын жерде жаткан абдан чоң аска-ташты көрсөтүшүп, минтип айтышат: “Оо Салих, эгерде сен тээтигил аскадагы чоң ташты баланча-түкүнчө түстөгү жана жаштагы ак ботолуу боз ингенге айландыра алсаң, ошондо гана биз сага ыйман келтиребиз да, сенин накта акыйкатка чакырып жатканыңа ишенебиз”. Ошондо Салих (а.с.) пайгамбар айтат: “Эгерде мен силер суранып жаткан нерсени дал өзүндөй аткарсам, ошондо силер Аллахка чындап ыйман келтиресиңерби?!” Алар: “Ооба, ыйман келтиребиз – деп жооп беришет. Анан Салих (а.с.) пайгамбар каапырлардан: “Эгер аска-таш төөгө айланса, анда биз өмүр бою бир гана Аллахка сыйынабыз жана Ага эч качан, эч кимди жана эч нерсени ширк келтирбейбиз”—дедирип, касам ичтирип, анттарын алып, анан адатта өзү Аллахка ибадат кылуучу ибадатканасына барып, тигилер талап кылып жаткан нерсени ишке ашырууну, башкача айтканда ташты төөгө айландыруу аркылуу болсо да аларды ыйманга, хидаятка алып келүүнү тилеп, пайгамбарларга мүнөздүү болгон зор ыклас менен жана улуу “йакыын” менен дуба кылат. Ошондо чоң аска таш жарылып, анын ичинен каапырлар сүрөттөп жана талап кылышкандын дал өзүндөй каймал бооз инген төө чыга келет да, алардын айрымдары Аллахка ыйман келтиришип, бирок алардын көпчүлүгү өз адашууларына бекем тырмышкан абалда каапырлыктарында мурдакыдай эле өжөр жана көкбет боюнча кала беришет.

Бирок, убадалашкан шарт боюнча ошол жердеги булактан сууну бир күн төө ичип, бир күн калк пайдалууга тийиш болуп калат. Бул тууралуу Аллах Таала аяттарда минтип айткандыгы китептин 83-бетинде төмөнкүчө баяндалган: “Албетте, Биз (алардын Аллахка чындап эле ыйман келтиришкенин же алар дагы эле өз каапырлыктарында өжөрлүк кыла беришээрин текшерүү максатында) төөнү ошолорду сыноо үчүн (гана) жибердик. (Бирок, кайып сырларды билүүчү Аллах Таала алар андан ары эмне кылаарын да абдан айкын билип тургандыктан пайгамбарга минтип айтты): Анда эмесе, сен аларга байкоо салганча, сабыр кылып тургун. Бирок сөзсүз ичээр) суу- алардын ортосунда (адилет) бөлүштүрүлүшү керектиги тууралуу кабарды жеткир: (Аллахтын буйругуна жараша) ар бир суу ичүүчү өз кезегинде (гана) келсин!” Ушул каймал инген-төө тууралуу учкай сөз болгон аятта: “(Мындан ары кудуктан) суу (алуу, же ичүү) кезеги –бир (күн) аныкы, белгилүү бир (күн) силердики (болот)” деп айтылат.

Ошентип Самуд коому антташкандай бир нече убакытка чейин ошол жердеги булактан бир күн каймал төө, бир күн эл сууну кезек менен пайдаланышат. Ошол күндөрдүн биринде эл убалын ойлобогон бузукулардын кеңеши менен айрым ыймандуулардын кой дегенине көнбөгөн тогуз киши төөнү өлтүрүп, калкка сууну өздөрү каалагандай пайдалануу чечимин кабыл алышат да өз ойлорун ишке ашырышат. Ал эле эмес, аларды тыйып, ыйманга чакырып жаткан Салих (а.с.) пайгамбардын өзүн да өлтүрүү планын иштеп чыгышат. Мунун баарын көрүп жана билип туруучу Жараткан Аллах аталган коомго өзүнүн жазасын кандай жөнөткөндүгү китептин 90-бетинде мындайча баяндалыптыр: “... Анан адаттагыдай эле көрүнгөнсүгөнү менен негедир көзгө башкача көрүнгөн ошол оор таңдын асманга нурун чачкан алтын Күнү алыстан мунарыктаган горизонттон каардуу баш багып, карарган тоолор менен кумсарган чөлдөрдүн артынан асманга эми эле көтөрүлгөн кезде... түнөргөн асман тараптан уккан жандардын баарынын сай-сөөгүн сыздатып, аза-боюн дүркүрөтүп, муун-жүүнүн титиреткен, Адам урпактары мурда эч качан укпаган, абдан катуу, өтө заар жана айрыкча айбаттуу үн чыгып, Жер планетасы колдон тайган табактай калдырап, кулак-мээни жегендей дүрүлдөп, асман кулап келе жаткандай күүлдөп, оң-тескери чайпалып, анан ызгаардуу сууктан ичиркенген адамдай катуу титиреп келип, өз үстүндө турган макулуктардын баарын элекке салган ундай элеп кирет. Ошондо, ошол катуу үндөн алардын дээрлик баарынын жүрөктөрү жарылып, жандары чыгып кеткендиктен, баары турган турган, олтурган олтурган, жаткан жаткан жерлеринде тиккен моло таштай катышты да калышты... эч кимдин кыймылдоого да чама-чаркы келген жок, эч ким үн катууга да үлгүргөн жок. Баары кыймылсыздыктын ичинде катты да калды. Аза бойду титиреткен бул апаат тууралуу Кудурети Чексиз Улуу Аллах Таала мындай деп сүрөттөйт: (Самуддар жазаланган) ошол жер эч качан, эч ким жашабагандай тыптыйпыл кылынды. Эсиңерде болсун: Чындыгында Самуд эли Роббисине каршы чыккан болчу. Самуд элине (Кыямат Күнү да) ырайым кылынбай тургандыгын билип койгула!” – деп жазылыптыр.

Урматтуу окурман, мына Аллах Таала ыйман келтирбегендерди жана берген убадалары менен анттарын бузгандарды жана Аллах Таала тарабынан жаратылган ар бир жан-жаныбарга ырайымсыз мамиле жасагандарга берилүүчү жазалардын бул бир чети гана экендигин пайгамбарлардын тарыхынан улам биз жакшы билебиз. Самуд коомуна жөнөтүлгөн бул жазадан ар бирибиз сабак алууга тийишпиз.

Бачабаздык (гомосексуализм) өнүккөн коомго

Лут (а.с.) пайгамбардын жөнөтүлүшү

Ибн Касир айткандай: Лут пайгамбар Ибрахим пайгамбардын бир тууган агасы Харандын уулдарынын бири болгондугу жөнүндө биз сөз кылып жаткан “Пайгамбарлар тарыхы” китебинин 169-бетинде айтылган. Андан ары ошол эле бетте: “... Лут пайгамбар Аллахтын амирине жараша Ибрахим пайгамбардан бөлүнүп, өзүнчө даават кылуу максатында Содом шаарына кетет. Ал жердин жергиликтүү тургундары өздөрүнүн ашынган кудайсыздыгы жана жан кечти каракчылыгы менен чөлкөмгө белгилүү болгон калк эле. Алар адамзат тарыхында эң биринчи болуп “содомия” деп аталган гомосексуализмди (бачабаздыкты) баштап, инсаният тарыхындагы эң ыплас кылмыш менен шугулданган эл экендиги да белгилүү. Атүгүл алар өздөрүнүн бул ыплас жоруктарын эл алдында (публично) жасоону да адатка айландырышат. Кайраты мол, чечкиндүүлүгү жетиштүү, эрдиги эч кимден кем калышпаган, бирок жумшак мүнөз, ак көңүл Лут пайгамбар аларды Жалгыз Кудай Аллахка гана сыйынууга даават кылып, эч кандай ширк келтирбестен, шерик кошпостон, Анын Өзүнө гана ибадат кылууга чакырып, алар жасап жаткан ошол ыплас кылмыштардан баш тартууга, адеп-ахлактуу жашоо кечирип, ыйман-ынсаптуу тиричилик кылууга үндөп, кыскасы, жакшылыктарга чакырып, жамандыктардан кайтарууга көп жыл талыкпай аракеттенип, Аллахтын дини үчүн жан аябай мээнет кылат. Бирок кылмышкер-каапырлар өздөрүнүн ыпластыктарын токтотуунун ордуна, тескерисинче каапырлыкта ого бетер ашына өжөрлөнүп, Аллах Таала тарабынан өздөрүнө жиберилген Лут пайгамбардын дааватын четке кагуусун уланта беришет. Ошондуктан Аллах алардын талкаланган тагдырлары менен өксүгөн өмүрлөрү, каран күнгө кабылган жылдары менен муңдуу шорго баткан айлары жаамы инсаниятка Кыяматка чейин сабак болуп калуусу үчүн алардын башына адамзат аларга чейин эч качан көрбөгөн улуу азапты жиберип, алардан кийин да адамзат кириптер болбогон зор балээге тушуктурат... “ –деп жазылыптыр. Бул тууралуу Аллах Таала Куранда мындай деп айткандыгы китептин 170-бетинде берилиптир: “Лут өз элине: “Силер мурда жер жүзүндө болбогон ыпластыкты кантип жасайсыңар? Чындыгында, силер аялдардын ордуна эркектерге кумардануу менен келесиңер. Силер, чындыгында, чектен ашкан (ыплас жана бузуку) коомсуңар”,- деп айтканын эсте” –деп айткан.

Андан ары ыйман-ынсапка чакырууну кабыл албаган коомго Аллах Таала Жабраил, Микаил жана Исрафил периштелерди жөнөткөнү, алар Лут пайгамбардын үйүнө келишимдүү жигиттердин кейпинде келишкенде, Содом шаарынын калкы Лут пайгамбардын аялы аркылуу угуп калышып, аларга да бачабаздык кылып кордук көрсөтүү үчүн Луттун үйүн тегеректеп калышат. Ач бөрүдөй жулунуп, ыпластык иштерин бир жолу жасап алууга жүткүнгөн бузукулардан Периштелерди сактап калууга алы жетпей калган Лут пайгамбардын ошондогу абалы жөнүндө биз кеп кылып жаткан китептин 178-бетинде мындайча баяндалат: “Ошол окуя тууралуу Аллах Таала Куранда мындай дейт: .... “Луттун: “Менин (азыр ушу) силерге өтө турган бийлигим, же (силерге каршы тураар) таянычым болгондо кана, аттиң” –деген сөзүн уккан периштелер эшикти ачып, сыртка чыгышып:) “Оо, Лут” Чындыгында биз (алсыз мейман дагы, булардан корко турган бечара жолоочулардан да эмеспиз, тескерисинче, буларды жер менен жексен кылуу үчүн сага жардамга жиберген) Роббиңдин элчилерибиз. (Эми) булар сага эч качан тийише алышпайт” Түндүн бир оокумунда үй-бүлөң менен (эртең кыйратыла турган бул шаарды таштап, башка шаарды көздөй) тездик менен жолго чык. Жубайыңдан башка эч кимиси артта калбасын. Анткени келе турган апаат (жубайыңа да тиешелүү болгондуктан) аны да кыйратат. Булардын (кыйратылууга буйрулган) мөөнөтү-таңга маал(кы учур). Таң жакын эмеспи, (ыкчамда)”- дешти”- деп аябай так жана даана айтылыптыр.

Өлүк Деңиздин (Мертвое Море) пайда болушу

Китептин 180-бетинде: “... Ошондуктан Лут (а.с.) пайгамбар өзүнүн эки кызы менен шаардан чыгып кетет жана, айрым кабарларда айтылгандай, Луттун аялы да аларды (кош көңүл, илең-салаң) ээрчип, олку-солку болуп, алардын артынан бара жаткан. Шаардыктардан эч бир адам Луттун үй-бүлөсүнүн артынан ээрчибейт. Анан алар шаардан толук чыгып күн жаңы эле көтөрүлгөн кезде Содом шаарынын бузуку тургундарын мурда адамзат эч качан башынан кечирбеген оор азаптуу чоң жаза басып калат. Аллах Таала аларга эч бир жан качып кутула албас жана өтө каардуу жазаны жиберген болчу жана ал тууралуу Аллах өзү мындай дейт: “Аларга апаат келген кезде ошол (жалаң бузукулар жашаган Содом жана башка ошондой эле ыпластыктар күчөп кеткен 6 шаар жайгашкан) жердин үстүн анын астына келтирип (көмкөрүп) салдык да, (отко какталып абдан) кызытылган таштарды (алардын баары жер менен жексен, топурак менен тыйпыл болгонго чейин үстүлөрүнө) тынымсыз жаадырып турдук. Бул (жаза кимдерге арналганы) –Роббиңдин алдында (алдын-ала) белгиленип коюлган болчу. Мындай апаат – (баардык доорлордо жашоочу) заалымдардан узак эмес”

Ал эми китептин 182-бетинде “... Ошентип, мурда Лут пайгамбардын эли жашаган жети шаардын ордуна сасык жыттуу жана эч кимге пайдасыз болгондуктан ичине балык да жашай албас азыркы Өлүк Деңизди (Мертвое Море) пайда болгон. Ал тургай ошол Өлүк Деңиздин айланасындагы жерлер да эч кандай түшүм бербегендиктен эч ким тарабынан колдонулбастан миңдеген жылдардан бери аңгырап ээн калууда. Мына ушинтип, Аллах Таала Луттун элине таандык шаарларды бүткүл адамзатка ошол улуу апаатты эскирбес эскертүүчү кылып, эгерде кимде-ким Аллахка моюн сунбаса жана Анын пайгамбарларын ээрчибесе ал адамдар кандай оор жазаларга туш болоорун өлбөс-өчпөс мисалы катары Өлүк Деңиз менен кошо калтырып койду.” -делет.

“Пайгамбарлар тарыхы” китебинин 183-бетинде Аллах Тааланын мындай дегени келтирилген: “Алар (б.а. Луттун элинин шаарлары, байыркы) жолдун боюнда (орун алган)” –дейт.

Ошол шаарлардын ордунда пайда болгон Өлүк Деңиз кербендер батыштан чыгышка, чыгыштан батышка байма-бай каттаган байыркы жолдун боюнан орун алган. Ошондуктан бул шаарлардын урандысы астында калган сасык жыттуу жана ичинде курт да жашай албаган Өлүк Деңиз (Израилде. редакция.) ошол жолдон миңдеген жылдардан бери өтүп келе жаткан жолоочуларга, мусапырларга, саякатчыларга, тарыхчыларга, археологдорго... деги эле кимге гана болбосун, жалпы алганда бүткүл адамзатка- эгерде кимде-ким Аллахтын насаатына кулак салбаса жана Анын мыйзамын тоотпосо, андай коомдун акыркы акыбети кандай болоорун даана көрсөтүп турган эскертүү катары сан кылымдарды карытып, “эң таасирдүү насаат” катары ушул күнгө чейин кызмат кылып келе жатпайбы...” – деп “Пайгамбарлар тарыхы” китебин которуп даярдаган автор баяндаптыр. Буга комментарий берүүнүн зарылдыгы жок болсо керек.

Жыйынтыктоочу пикир:

Урматтуу окурман, өзүңүз байкагандай кайсыл жана кандай гана коом болбосун ыймандан кетип, акылдан адашып, кайра оңолуу жолуна түшүү жөнүндө ой жүгүртүүгө алы да келбей, шайтан менен дос болуп калганда Жараткан жогорудагыдай кырсыктарды берет. Ыйман деген эмне? Албетте баары таза даарат менен намаз окуп, орозо тутуудан башталат. Бирок, ыймандын ичине андан башка да күнүмдүк жашоонун маданияты, эрежелери камтылган. Мисалы, колунда жок жакырга жардам берүү, илим-билим алууга умтулуу же умтулгандарга колдоо көрсөтүү, алсыздарга зөөкүрдүк жасабоо, ата-энени өтө жогорку деңгээлде урматтоо, адилет чечим кабыл алуу, оң жолдон тайып бараткан кошунаны туура жолдо жүрүүгө үндөө, башка бирөөнүн аялына көз артпоо, соодада таразадан же метрден алдабоо, кошуна-колоң, тууган-урук, жек-жаат, куда-сөөк менен ынтымактуу мамиледе болуп, улууну урматтап, кичүүнү сыйлоо ж.б.у.с. толгон-токой жашоо эрежелери ыймандын ичине камтылган. Эгерде ушул сыяктуу жашоо эрежелеринин бири бузулган болсо эле, (кайра тообо келтирилбеген болсо) анда Жараткан Аллах Таала тарабынан кандайдыр бир, биз “кырсык” – деп атап жүргөн апааттын болоору диний китептердин баарында ачык жана даана көрсөтүлгөн. Андай кырсыктар болгондон соң гана эл арасында “аа ошол жердин калкынын пейили бузулган эле”- деп күбүр-шыбыр кылуу менен тим болобуз. Өзүбүздүн айлана-тегерегибизде, кошуна-колоңдо, жек-жаат, куда сөөктө ыймандан чыгып бараткандардын тизгинин тартып, туура жолго салып коюуга кайдыгер гана карап коебуз. Жыйынтыгында туура (ыйман) жолдон адашкандардын азабынан бир нече адам Жараткандын азабына кабылаарына аңдап маани бербегенибиз өкүнүчтүү. Жөнөкөй эле мисал, өткөн жылы болгон жутта да бир нече дин ишмерлери “өз учурунда зекет менен садаканы бербеген коомго Аллах Таала тарабынан ушундай апаат жөнөтүлөт дешчү эле” - деп четин кыйытышкан. Эми мындай учурлар көп, Аллах ошондой кырсыктарынан сактасын. Эли журтубузга ыйман-ынсап, ынтымак- ырашкерчилик, барчылык-токчулугун, чексиз ыйманынын бекеминен берип, шайтандын жолунан сактасын деп макалабызды жыйынтыктайлы. Акыл-эстүү, эки дүйнөнүн жашоосунан үмүтү бар пенде жогорудагы пайгамбарларыбыздын тарыхынан сабак алышаар деген ойдобуз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

03-09-2012
Жантөрө Сатыбалдиев жөнүндө коомдук пикирлер
50898

30-08-2012
2005-жыл – Өлкөбүзгө зор өзгөрүү алып келген
20098

22-11-2011
24-март – кыргыздардын эркиндикке умтулуусу болгон
19746

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×