Добавить статью
4:15, 14 января 2013 14539

Кыргыз саясатчыларынын эрксиздиги жана чабалдыгы

Кыргызстан Жаштар Кеңеши жаштар уюму Кыргыз мамлекетинин өкмөтүнун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыл башы менен өлкөдө болуп өткөн Сох жана Куршаб окуялары боюнча аракетсиздигине, кайдыгерлигине нааразычылыгын билдирет. Акыркы убактарда Кыргызстанда жосунсуз окуялар көбөйүп эле барат. Биз, жаштар Өлкөбүздүн бүгүнкү күнү жана анын эртеңине кайдыгер карабайбыз.

Сох жана Куршабда болгон окуяларга карата Кыргыз мамлекетинин аткаруу бийлиги, анын ичинен Кыргыз Республикасынын Тышкы Иштер Министирлиги (ТИМ), Сох окуясы болор замат мамлекеттин, өлкө жарандарынын атынан алгач Өзбек тарапка билдирүү нотасын жөнөтүп, Кыргыз мамлекетинин жарандарынын барымтага алынышы тууралуу суроо-талаптарды коюш керек эле. Бирок, анын ордуна окуя кандай багытта чечилээрин күткөн ТИМ, барымтадагылар бошотулуп, бир топ жеңилдей тушкөн соң өз позициясын так айткандан коркуп, эптеп билдирүү кылгандай кылды сыягы. Ал эми башка мамлекеттерде жарандары барымтага алынып, же жөн гана ур токмокко кабылса, алардын элчилери баш болуп, өкмөтү төш болуп, депутаттарынын колдоосу менен дароо чечкиндүү кадамдарга барышат. Ал эми биздеги аткаруу бийлиги, өзүлөрүн элдик биз деп трибунадан кыйкырык салган айрым мыйзам чыгаруучулар үн басып, саясий эрктин жоктугунан эмне кыларын билбестен тынчып калышты.

Ошол эле Куршабда кыргыз жарандары менен кытайлыктардын ортосунда чыккан жанжал боюнча өкмөттүн так позициясы жок, бүгүнкү күнү жергиликтүү элди күнөөлөгөнгө алып келишүүдө. Андай болсо окуяны болтурбай коюуга мүмкүн беле? Албетте болмок! Эмне себептен бул маселени өкмөт башынан көтөрүп чыккан эмес? Эмне себептен Кыргыз жарандары кылчу жумушка кытай жарандарын алып келгенге шарт түзүп берет? Эмне себептен кыргыз жарандарын иш менен камсыз кылып, аларга шарт түзүп берүүгө белсенген жок? Аймакта жаштар, деги эле карапайым эл жумушу жок, көр турмуштун айынан четте эшик шыпырып, ажаткана жууп жүрсө, өкмөт, анын ичинен Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана калкты иш менен камсыз кылуу министирлиги Кытай компаниясына өз жарандарын киргизүүгө кымындай дагы аракет кылган жок? Жаштар жабыркап, запкы жеп, барымтага алынып жатса, болуп өткөн эки окуя тууралуу эмне себептен министирлик өз оюн билдирген жок? Эмне себептен? Эмнеге? -дей берсек бүтпөс тереңдикке түшчүдөйбүз. Болгону бир жыйынтык. Мунун баары кыйынсынган саясатчылардын саясий эркинин жоктугу жана эле боп-бош сөздөрү.

Жогорудагы окуялардан соң кантип башка өлкөнүн жарандары мындан ары кыргыз жарандарына кол салбайт деп айтууга болот? Ким кепилдик берет? Эгер ар бир мамлекеттик орган өз ишин өз учурунда, так аткарса, мындай иштер болбойт эле. Азыр болсо, бири-бирине шылтап, өлкөбүздүн келечегине кайдыгер карап, өз жанын жана капчыгын гана ойлогон саясатчыларыбызыдын айынан өлкөбүздө терс окуялар көп кайталанууда. Сох жана Куршаб окуяларын кароодо чечкиндүү чечимдер жана саясий эрк талап кылынат. Маселен, биздин саясатчыларда бул сапаттар барбы?..

Эртеңки күнү өлкөнүн ар аймактарында чет элдик жарандар биздин мыйзамдарга баш ийбестен, «кожоюн жоош болсо, коногу бийлейт» сыяктуу мекендештерибизди сабап, ата-энелери менен кошо барымтага алып, колу-буттарын сындырып, кырчындай кыздарыбызды зордуктап башташса, кыргыз жаштары менен кагылушуу болбойт деп ким кепилдик берет? Биз жаштар кантип барын көрүп, барын билип унчукпай отурмак элек. Кудай сактасын, эгер кыргыз жаштары менен өлкөбүздө жан багып жүргөн чет элдик жарандар ортосунда чоң уруш-талаш, кармаш чыкса, аны эч ким токтото албайт. Муну жакынкы апрель, июнь окуялары тастыктап турат. Андыктан, кеч боло электе, ойлонуп, этегиңерди эртесинен жыйып, чечкиндүү кадамдарга барууңар зарыл.

1) Өткөн окуялар боюнча күнөөлүүлөр эртерээк жазасын тартып, кылмыш иши козголгондор Кыргыз Мамлекетинин мыйзамдарына ылайык катуу жазаларын алышы керек.

2) Чет элдик инвесторлор менен Келишимдерди кайта карап чыгып, төмөндөгү өзгөртүүлөр киргизилиши абзел:

Кыргыз мамлекетинини аймагында иштеп жаткан чет элдик ишканада жумушчу курамынынын 80% кыргыз жарандары, калган 20% атайы чакырылган адистер болсун.

Чет элдик ишканын административдик курамынын 80% кыргыз жарандары, калган 20% атайы чакырылган адистер болсун.

Эгер бул маселенин үстүнөн азыртадан иштеп, өзгөрүүлөр болбосо, эртеңки күңү дагы эле окуя кайталанып, дагы эле карапайы калк кыйналып, дагы эле чиновниктердин арасынан күнөөлүлөрүн издеп таппай калабыз.

Ылайым кыргыз элинде ынтымак менен биримдик болсун.

Жениш Молдокматов

Кыгызстан Жаштар Кеңешинин тең-төрагасы

0(771) 11 51 21

jenishmoldokmatov@yahoo.com

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

14-01-2014
Премьердин Баткен маселесин чечүүдө кудурети жетпейби?
13814

30-11-2013
Президент А.Атамбаевден «Бишкек-Парктын» директоруна тийиштүү укуктук баа берүүcүн суранабыз
28893

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×