Добавить статью
3:22, 4 февраля 2013 40016

Т.Бакир уулу кыздарга «хиджаб» кийгизгенге неге кызыкдар?

Урматтуу окурман, жакында бир телекөрсөтүүдө Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулунун кыргыз кыздарынын кийинүүсү боюнча айткан пикирлерине, коомдун акивдүү жараны катары өз пикиримди билдирип коюууну туура көрүп отурам. Анткени, кыргызды кыргыз кылып, башка улуттардан айырмалап турган анын Ала-Тоодой болгон башындагы ак калпагы менен апаппак элечеги. Турсунбай Бакир уулу андай эле мыкты патриот экен кыз-келиндерибизге улуттук кийими болгон элечеги менен кемсел, белдемчисин сатып берсин. Айтсак: Алай ханышасы аталган Курманжан Датка энебиз башындагы аппак элечеги аркылуу кыргыз аялдарын дүйнө элине таанытканын Турсунбай Бакир уулу унутуп калдыбы? Же кыргыздын каны-жанына сиңген, кыргыз жыттанган, кыздарыбыз уялбай, сыймыктанып кийе турган улуттук кийимдерибиз бар экенин бул адам билбейби? Эмне учун Турсунбай Бакир уулу өлкө ичинде арабдаштыруу саясатын жүргүзгөнгө кызыктар? Же бул кызматы үчүн арабдардан айлык акы алып турабы?

Жогоруда мен белгилеген улуттук кийимдерибиз арабдардын хиджабына караганда өйдө десе өйдө, бирок кем кызмат аткарбайт. Биз качан бөтөн элдин тили менен кийимин кастарлабай, өзүбүздүн тилибиз менен кийимибизди аздектеп, ыйык тутканга үйрөнөбүз?

Айланайын кыргыздын кыз-келиндери, боёкчу боёйт десе сакалын кошо боёйт болбогулачы… Тигил же бул инсандын мусулмандык вазыйпасы анын кийген кийиминде же анын тилинде эмес, дилинде болуш керек. Андыктан дилинерди тазарткыла!!! Аял затынын ажарын ачкан элечеги менен кыз-баланын белин бир тутам кылып сулуу көрсөткөн кош этек көйнөгүн, кемселин кийгиле деген чакырык жасагым келет. Ал эми тигил же бул кийимди кийгиле деп теледен көрсөткөн журналист кыздарыбызга айтарым, бөтөн элдин жарашыксыз кийимин тануулабай, кыздарыбызды сулуу десе сулуу, көрктүү десе көрктүү кылып: - «Аттиң, менин жарым болсочу…» - деген жигиттерибиздин камчысын кончуна чаптырган, жогорудагы улуттук кийимдерин кийгенге үндөсө жана ошол кийимдерди өздөрү кийип теледен чыкса кандай сонун болоор эле.

Аягында айтарым, кыргыз бололу, кыргызча сүйлөйлү, кыргызча кийинели, кыргыздын баалуулуктарын ыйык туталы деген таризде чакырык жасайм.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

16-01-2013
Кыргыз деп келгем дүйнөгө, кыргыз деп өтөм дүйнөдөн
26942

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×