Добавить статью
10:39, 1 марта 2013 88432

А.Атамбаевге кайрылуу

Кыргыз Республикасынын президенти А.Атамбаевге, Жогорку Кеңештин төрагасы А.Жээнбековго, Жалпыга маалымдоо каражаттарына жана жалпы кыргыз элине

Кайрылуу

Урматтуу президент жана төрага! Урматтуу мекендештер.

«Ата-Журт» мекенчил саясий партиясынын Аксы райондук бөлүмү тарабынан 2013-жылдын 13-февраль күнү уюштурулган митингде Аксы районунун ар кайсы айылдарынан келген 1200дөн ашык өкүлдөрү катышкан. Ошол митингде Жогорку Кеңештин депутаттары К.Ташиев, С.Жапаров, Т.Мамытовдордун сот иштери акыйкат чечилип аларды эркиндике чыгаруу, Күмтөр алтын кенин улутташтарып мамлекеттин карамагына кайтаруу. Саясий буйрутма менен негизсиз кылмыш ишин козгоп ушул күнгө чейин коомчулуктун башын айлантырып келе жаткан КР башкы прокурору А.Салянованы отставкага кетирүү. Бир жактуу маалымат тараткандыгы үчүн КТРКнын директору К.Оторбаевди кызматтан кетирүү жана ушул коюлган талаптар аткарылбаса 2013-жылдын 1-мартынан баштап массалык нааразылык акцияларды өткөрүү бийликке эскертилген.

Бирок, адилетсиз бийлик ушул күнгө чейин биздин койгон талаптарыбызга көңүл бурган жок.

Ар дайым адилеттүүлүк үчүн күрөшүп, тарыхта бир нече көзүн май баскан Хандардын бийлигин кулаткан Аксылыктардын азыркы бийлик тараптан болуп жаткан адилетсиздикке чыдамдары жетбей бара жатат. Мындан нары карапайым элдин бир гана кадамы бар, ал кадам чындыкты элдин колу менен кармоо жана аны эсирген бийликтин көзүнө сайып көрсөтүү. Азыркы бийлик эч качан өткөндөн сабак албайт өңдөнөт. Себеби, 2002-жылы биз Аксы эли ошондогу депутат А.Бекназаровту эркиндикке чыгаруу үчүн жана Үзөнгү – Куушту Кытайга бербестен сактап калуу үчүн ошондогу бийликке бир нече жолу чындыктын коңгуроосун каккан элек. Бирок, Элдин үнүн укпаган бийлик өз элине ок атып, калыстыктан тайганда аягы акылсыз ажо атка конгон А. Акаевтин Ѳлкөдөн куулушу менен аяктаган. Азыркы бийликтеги кошоматчылар дагы А.Атамбаевге баары жакшы, баары тынч, көзөмөлдөө деген сыяктуу маалыматтарды байма-бай айтып, Президенттин көзүн бойеп жатышканы жана А. Атамбаев ѲЗҮ дагы алардын тилинен чыга албай бийлигине мас болуп олтурганы айдан ачык болуп калды.

Эми мындан нары карапайым эл чындык үчүн Бишкекке чейин жөө жүрүш жасоого аргасыз болууда жана эл үчүн күйгөн эр азаматтарды эл ѲЗҮ барып бошотуп алуу керек экенин түшүнүп калды.

Биздин үнүбүз бул бийликке дагы жетпешине көзүбүз жетип, жакынкы күндөрү борборубуз Бишкек шаарына барып, Ак үйдүн алдында бул маселеге чекит коюга мажбурбуз. Жалпы Кыргыз эллин ынтмака жана биримдикке чакырабыз!

Бул кайрылуу Аксы районунудагы «Ата-Журт мекенчил саясий партиясынын» райондук бөлүмүнүн жалпы жыйынында кабыл алынды.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

25-04-2013
Аксы элинин кайрылуусу
68676

24-04-2013
Аксыдагы Кашка-Суу эли Падыша-Ата күмбөзүнүн маселеси боюнча курултайга чакырат
74715

05-03-2013
Апрель революциясынын баатырларынан кайрылуу
79797

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×