Добавить статью
10:07, 5 марта 2013 79796

Апрель революциясынын баатырларынан кайрылуу

Аксы районундагы апрель революциясынын баатырларынан

Кыргыз Республикасынын президенти А.Атамбевге,

Кыргыз Республикасынын премьер министри Ж.Сатыбалдиевке,

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы А.Жээнбековго

 Кайрылуу

Биздин сиздерге кайрылуубуздун негизги себеби, мындан үч жыл мурда, эгерде эсиңиздерден чыга элек болсо, үй-бүлөлүк башкарууга нааразы болгон эл, 7-апрель күнү асмандан жааган жамгырга жана ак үйдөн жамгырдай атылган окко да карабай элибиздин жаркын келечеги үчүн жанын берген 90дон ашуун эр азаматтарыбызды эстен чыгардыкбы? Ошол мезгилдеги буйрук берген, карапйым элди аттырган, күнөөлүүлөр азыркы күндө кайда? Арка-аркасынан кайда качырдыңар? Үч жылдан бери сот жараяны акырына чыкпайт, күнөөлүүлөр качып кеткен, деги сиздер кимдерди соттоп аягына чыга албай кыйналып жатасыздар?

Андан кийин каргашалуу Ош-Жалал-Абад окуясы болуп өттү, ал окуянын негизги күнөөлүүлөрү азыркы учурда кайда? Дагы ошол күнөөлүүлөр кайрадан келип, ошол «кандуу» окуяны кайталабайт деп ким кепилдик берет? Ушул мезгилге чейин күнөөлүүлөр сот жообуна тартылган жок. Мурдагы бийликтин учурунда үй-бүлөлүк кландык башкаруусунда жашап келсек, ал эми азыркы күндө, башкача айтканда акыркы үч жылда өлкөбүздө парламенттик башкарууга өткөндөн бери, биздин жалпы мамлекетибиз бир партиянын жеке менчигине айланды. Сөзүбүз куру болбосун, учурда мамлекет башчы, Ѳкмөт башчы, жана жалпы аткаруу бийлиги, Жогорку Кеңештин төрагасы бир Социал-демократтар партиясы (СДПК) бүтүндөй бийликти узурпациялап алынды. Жалпы кыргыз элибиздин кен байлыктары улуттун кызыкчылыктарына багытталбастан чет элдик компаниялардын жана бийлик башында олтурган бир ууч жем корлордун кызыкчылыктарына пайдаланылып жатат. Биз эмне революцияны сиздерге бийликти биротоло менчиктеп алышыңыздар үчүн жасаганбызбы? 90дон ашуун эр азаматтар эмнеге канын төккөн? Биздин Аксы районундагы улуу урматтуу акимибиз, ал дагы СДПК партиясынан, шайланганынан бери жалпы калктын социалдык-экономикалык планы иштелип чыкккан эмес, райондо эч кандай алдыга жылуу жок.

Биз сөзүбүздүн акырында революция максаттына жетпеди деп эсептейбиз! Ошондуктан илгеркиге окшоп талап-суранычтарыбыз болбойт, биз өзүбүз каалаган учурда ар кандай нааразычык акцияларга чыгууга даярбыз.

Биз, Аксы районундагы апрель баатырлары революция өз мамсатына жеткен жок деп эсептейбиз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

25-04-2013
Аксы элинин кайрылуусу
68675

24-04-2013
Аксыдагы Кашка-Суу эли Падыша-Ата күмбөзүнүн маселеси боюнча курултайга чакырат
74715

01-03-2013
А.Атамбаевге кайрылуу
88431

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×