Добавить статью
6:40, 25 апреля 2013 68675

Аксы элинин кайрылуусу

Кайраттуу Кыргыз элим!

Биз, 20 жылдан бери эгемендүүлүктүн даамын укканыбыз менен үзүрүн көрө албай келебиз. Эки ыңкылап болду, экөөсүн тең түлкүлөр менен карышкырлар уурдап кетти, карапайым калк, эл өзүнүн кен-байлыктарына ээ боло албай алданып турган кези.

Биз, кечээки коомдук жана мамлекеттик ишмер, эл үчүн өмүрүн арнаган, чындык үчүн чрыкырап жанган эл уулу Азимбек Бекназаров жетектеп өткөргөн митингдин катышуучуларынын ой-тилектерин түздөн-түз чын дилибиз менен колдойбуз жана коргойбуз!

Аймактарда комплекстүү кризис келип чыкты, айта турган болсок, билим берүү тармагында бирдиктүү системалуу саясат жок. Окуу предметтери мамлекеттин жана улуттун кызыкчылыгына багытталган эмес. Ал эми экономика тармагында кичи жана орто бизнести чет элден келген түлкүлөр менен карышкырлар ээлеп алган. Мисалы, Чаткал аймактарындагы кен-байлыктарды экологияга олуттуу зыян келтирип, 32 фирманын иштетип жаткандыгы буга айкын күбө. Ошондой эле айыл тургундары 10 пайыздык чакан насыяны таныш-билиш аркылуу алышат. Медицина тармагында коррупция гүлдөп-өнүгүп жатат. Кыргызстандын ички жолдору кароосуз калып, жараксыз абалга келген. Аны менен бирге «Үй-бүлө мамлекеттин негизи болот» деген ураан айтылса дагы, жаш үй-бүлөлөр үчүн эч кандай камкордук жок. Мүмкүнчүлүгү чектелген атуулдар үчүн мамлекет тарабынан жардам көрсөтүү үчүн системалуу саясат жок. Ички жана тышкы миграциянын абалы курчуп жатат, анын натыйжасында жаштар жана жаш адистер чет өлкөлөргө кетүүгө аргасыз болушууда. Айыл жеринде жерди иштетүү жана малды асылдандыруу жана дарылоо жокко эсе.

Биздин талаптар:

1. Кыргызстандын кен-байлыктарын казып иштетүүнү жергиликтүү элдин кызыкчылыгына багыттоо жана Күмтөр кенин улутташтыруу.

2. Билим берүүдө, медицина тармагында, социалдык көмөк көрсөтүү тармактарында улуттун кызыкчылыгын көздөгөн саясат иштеп чыгуу.

3. Саясий каралоону токтотуу.

4. Жаштарды иш менен камсыз кылууну жана аз пайыздагы насыялар менен камсыздоо.

5. Чет өлкөдө жүргөн кыргыз мигранттарынын кызыкчылыгын коргоо.

6. 2013-жылдын 24-апрелдеги элдик митингди жетектеген Азимбек Бекназаровду колдоо.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

24-04-2013
Аксыдагы Кашка-Суу эли Падыша-Ата күмбөзүнүн маселеси боюнча курултайга чакырат
74713

05-03-2013
Апрель революциясынын баатырларынан кайрылуу
79795

01-03-2013
А.Атамбаевге кайрылуу
88430

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×