Добавить статью
6:03, 24 апреля 2013 74715

Аксыдагы Кашка-Суу эли Падыша-Ата күмбөзүнүн маселеси боюнча курултайга чакырат

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн тургундары жалпы Жалал-Абад облусунун элин, Падыша-Ата күмбөзүнүн маселеси боюнча ачык курултайга чакырат.

Аксы ройонунун Кашка-Суу айыл өкмөтүндө Кыргызстанга эле эмес Орто Азияга аты чыккан деңиз деңгээлинен 1733 метр бийиктикте турган Падыша-Ата күмбөзү бар. Күмбөз тарыхта IX кылымдан бери белгилүү. Акыркы убактарда белгисиз себептер менен «Арстанбап» жоопкерчилиги чектелген коомунун менчигине айланган. Бул жер «Арстанбап» ЖЧКсы жана анын президенти Эркин Бегимкулов тарабынан 1997-жылы туруктуу пайдаланууга көп жылдык мөөнөткө менчиктин түрү катары ижарага мыйзамды бузуу менен алынган. Мамлекеттик каттоо актысынын күбөлүгү №000318.

Бир нече жылдан бери «Арстанбап» ЖЧКнын президенти Эркин Бегимкулов менен Кашка-Суу элинин ортосунда аталган күмбөз тууралуу сот жараяны болуп келе жатат. 2007-жылдан бери Кашка-Суу элин Э.Бегимкулов бир топ массалык каражаттары аркылуу каралап, элди шылдыңдап келет. Жерди ижарага мыйзамсыз алгандыгын эске албай эл менен чырдашып, жергиликтүү органдардын жетекчилерин сотко берип, ар кандай жолдор менен өз таламын бербей келет. Айыл Өкмөт башчысын, Падыша-Ата мамлекеттик коругунун директорун түрдүү шылтоолор менен сотко берип, алардлын иштерине тоскоол болуп келүүдө.

Эми биз байыркы ата-бабаларыбыздын жолун улап, курултайга чакырабыз. Баарбызга белгилүү болгондой кыргыз эли ар кандай талаш-тартыш маселелерди курултайда карап талкуулап, чечип келген. Курултай кабыл алган чечимге баары баш ийген жана аткарган. Курултайдын чыгарган чечимине эч ким каршы чыга алган эмес.

Ошондуктан 2013-жылдын 25-апрель күнү Жалал-Абад дубанынын элин, өкмөттүн облустук ыйгарым укуктуу өкүлүн, Ички иштер министрлигинин облустук бөлүм башчысын, облустук прокуратуранын өкүлүн жана өкмөткө караштуу айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин облустук башкармалыгынын башчысын жана жалпы Аксы элин, мекеме-ишканалардын жетечилерин, «Арстанбап» ЖЧКнын президенти Э.Бегимкуловду ачык курултайга чакырабыз. «Кеңешип кескен бармак оорубайт» дегендей келишпестикке бөгөт коюуга убакыт жетти.

Жалпы элди кайдыгерликтен алыс болуп, ачык курултайга келип катышып кетүүгө чакырабыз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

25-04-2013
Аксы элинин кайрылуусу
68675

05-03-2013
Апрель революциясынын баатырларынан кайрылуу
79795

01-03-2013
А.Атамбаевге кайрылуу
88430

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×