Добавить статью
8:24, 10 июля 2013 80782

Көк-Жаңгакта 14 млн сом жоголду

Өлкө башчылары казынанын кыйын абалда экенин айтышат, коррупцияга каршы күрөш күчөп жатканы тууралуу аны менен шугулданган органдар айтып түгөтө албай жатышат. Бирок, чынын айтканда, коррупциянын кылы кыйшайып да койгон жери жок. Болгону берилүүчү паранын ставкасы гана улам жогорулап жатат жана коррупциянын андан бетер гүлдөй беришине шарт түзүлүүдө. Буга Көк-Жаңгактагы окуя толук мисал боло алат.

Тарификация неге жогорулатылган?

Эсептөө палатсынын текшерүүчүлөрү быйылкы жылдын апрель айында Көк-Жаңгак шаарындагы билим берүү мекемелеринде бюджеттик (демек элдик) каражаттарды пайдалануунун абалы тууралуу атайын текшерүү иштерин алып барышканда бир катар олуттуу терс көрүнүштөр байкалган. Анан Эсептөө палатасынын Оштогу түштүк аймактык бөлүмүнүн буйругу менен кошумча текшерүү жүргүзүлөт. Ошондо анча-мынча кишини эстен тандыра турган көрүнүштөр калкып чыгат.

Текшерүүчүлөр 2010-жылдын 1-январынан 2013-жылдын 17-апрелине чейинки кездердеги билим берүү мекемелериндеги каржы документтерин тыкан карап чыгышат. Текшерүүдө билим берүү мекемелерине иш жүзүндө керек болгон суммадан ашыкча төлөөлөр орун алгандыгы ачыкка чыгып калат. Мисалы, 2011-2012-жылдарда шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөп берүүгө түзүлгөн тарификация боюнча ай сайын 2 миллион 343,2 миң сом керектелип турган.

Алсак, 2012-жыл үчүн эмгек акы боюнча жалпы керектөө 27 миллион 945,8 миң сомду түзгөн. Анан күтүлбөгөн кырдаалдарды: ооруп калган же билимин өркүндөтүүгө кеткен, эмгек өргүүсүндө жүргөн же башка да себеп менен жок болуп калган мугалимди алмаштыруу жана башкаларды эске алуу менен эмгек акы төлөө фондусу боюнча керектөө суммасы 29 миллион 345,8 миң сомду, ал эми эмгек акы төлөө боюнча сметага өзгөртүүлөр киргизүү менен жалпы 2012-жылы 31 миллион 258,8 миң сомду түзүп калган. Текшерүүчүлөрдүн баамында 1 миллион 913,8 миң сом каражат ашыкча каралыптыр. Ошентип, 2012-жылы бюджеттен ушунча көлөмдөгү сумма мыйзамсыз иштетилип кеткен. Ал эми 2011-жыл үчүн ушундай ашыкча иштетилген сумма 2 миллион 304,4 миң сомду түзгөн.

Текшерүүчүлөр жакшылап карап көргөндө көкжаңгактык мугалимдердин эмгек акы боюнча тарификациясы негизсиз жогорулатылып, 2011-жылдын бир эле май айында 139,58 миң сомду, ал эми май-август айларында жалпы 697,9 миң сомду түзүп калган. Ошондой эле 2012-жылы сентябрда да тарификация 460,3 миң сомго негизсиз жогорулатылып, ал сентябрь-декабрь айларында 1 миллион 841,2 миң сомду түзгөн. Андан сырткары, 2011-жылдын май-август айларында стимулдаштыруучу фонддун 762,3 миң сому да негизсиз кошулуп кеткен. Ошентип, эмгек акыларга тарификацияны негизсиз жогорулатуулар аркылуу бюджетке көп зыян келтирилгени көрүнүп турат.

Текшерүү аныктагандай, 2011-жыл үчүн мугалимдерге эмгек акы катары иш жүзүндө 20 миллион 519,4 миң сом каражат чегерилген. Анын ичинен атуулдардын кирешесинен алынуучу салыкты, социалдык камсыздандырууну, кесиптик кошунга кеткен чыгымды алып салсак, колго тийгени (накталай акчага болгон керектөө) 16 миллион 729,6 миң сом болот.

Ал эми 2012-жылы жалпы эмгек акыга 26 миллион 48 миң сом чегерилген. Анын ичинен атуулдардын кирешесинен алынуучу салыкты, социалдык камсыздандырууну, кесиптик кошунга кеткен чыгымды алып салсак, колго тийгени 21 миллион 271,1 миң сом болот.

Анан 2013-жылдын 1-январынан 1-апрелине чейинки мезгилде эмгек акыга 6 миллион 603,1 миң сом чегерилген. Анын ичинен атуулдардын кирешесинен алынуучу салыкты, социалдык камсыздандырууну, кесиптик кошунга кеткен чыгымды алып салсак, колго тийгени 5 миллион 6 миң сом болот.

Ошентип, банктагы, казыналыктагы жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн кассасындагы бардык чегерүүлөрдү эске алганда шаардык билим берүү бөлүмүнүн аппарат кызматкерлеринен башка мугалимдрдин эмгек акысына жана оорусуна байланыштуу жумушка чыкпаган кагаздары боюнча төлөмдөргө 2011-жылы 23 миллион 429,4 миң сом, 2012-жылы 27 миллион 411,5 миң сом, 2013-жылдын биринчи кварталы үчүн 7 миллион 516,5 миң сом чегерилген.

Эмгек акыга болгон керектөө суммасын негизсиз жогорулатуудан улам жана башка да жасалма операцияларды жүргүзүү аркылуу шаардык билим берүү бөлүмүнүн кассасына бюджеттен 2011-жылы 6 миллион 699,9 миң сом, 2012-жылы 5 миллион 938,8 миң сом, 2013-жылдын биринчи кварталында 2 миллион 110,5 миң сом ашыкча каражат алынган. Ошентип, бул текшерилген мезгил ичинде бюджеттен ашыкча алынган каражаттын өлчөмү 14 миллион 749,1 миң сомду түзгөн.

Кошумча ведомосттор кайдан чыкты?

Кызык жери, текшерүүчүлөр аныктагандай, шаардык билим берүү бөлүмүнүн кассасынан мугалимдердин эмгек акысы үчүн делип 13 миллион 815,7 миң сом негизсиз алынган. Анан калса, 2 миллион 168,3 миң сомду негизсиз эле эсептен чыгарып салышкан фактысы да аныкталып отурат.

Текшерүүлөр көрсөткөндөй, акча каражаттары шаардык билим берүү бөлүмүнүн кассасынан кошумча (көмүскө) ведомосттор аркылуу алынып турган. Ведомосттордо акча алган кишинин аты-жөнү, алган суммасы менен колу турат. Бирок, ал шоруң каткан ведомосттор эмгек акы төлөө китепчесине киргизилген эмес, демек эмгек акыдан керектүү төлөмдөр кармалып калган да эмес. Кала берсе, бул алынган сумма эмгек акы китепчесине да жалпы суммага кошулуп киргизилбеген.

Текшерүүчүлөр бул ведомосттордон улам кайчы текшерүү уюштурушуп, мектеп директорлорунан, балдар бакчаларынын башчыларынан, башка да мектептен сырткаркы мекемелерден сурамжылаштырышса, алар ошол ведомосттор аркылуу дегеле акча албаганын билдиришкен. Анан да акча алгандыгы тууралуу ведомостто турган кол тамгалар алардыкы эмес, жасалма экенин айтып, түшүнүк кат беришкен.

Дагы бир нерсе, эмгек акылардын тарификациясын негизсиз жогорулатуу аркылуу Социалдык фондго да ашыкча төлөмдөр жасалган, демек, бюджеттин каражаты туура эмес пайдаланылган. Эми Сузак райондук Социалдык фонду мамлекетке ашыкча чегерилип калган 1 миллион 4,8 миң сомду кайтарып бериши керек. Ал эле эмес, эми эмгек акылардын мыйзамдуу так өлчөмүнө жараша төлөмдөр тууралуу билдирмелерди да кайра карап чыгууга, тартипке салууга туура келет.

 Буга кантип жол коюлган?

 Ушунун баары эгерде шаардык каржы бөлүмүнөн тыкан көзөмөл жүргөндө болбой калышы мүмкүн эле. Мейли, шаардык билим берүү бөлүмүндө тарификацияны негизсиз жогорулатышсын дейли, бирок каржы бөлүмүндөгүлөр каражат суммасынын улам өзгөрүп, көбөйүп баратканына назар салып, аны текшерип коюшса болмок. Бирок, ал көзөмөл болбой калган.

Дагы бир факты. Шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы Изатбек Сарманов каржылоо жаатында айрым бир түшүнбөстүктөр, оош-кыйыштар болуп жатканын мурда эле билип калган. Ошону үчүн ал 2012-жылдын 24-октябрында жана 2013-жылы 30-майда Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине кат жолдоп, өзүнүн орун басары Гүльфия Акматалиеваны ээлеген кызматынан бошотуу зарылдыгын билдирип кайрылган.

Кийинчерээк Каржы министрлигинин региондук финансы көзөмөлдөө жана финансы бөлүмдөрү менен иш алып баруу башкармалыгы тарабынан атайын комиссия түзүлүп, абалды жеринде текшерген.

И. Сарманов комиссига берген түшүндүрмөсүндө орун басарынын 2013-жылдын сметалык чыгымдарына, анын ичинен билим берүү тармагынын сметасына негизсиз, тарификацияларды текшербей туруп кол койгонуна; шаардык билим берүү бөлүмүнө эмгек акы үчүн, категорилык грантты каржылоо үчүн 2012-2013-жылдары жетекчи иштеп турганына карабастан аны ордуна кол коюп, ири суммадагы бюджеттик акча каражаттарын мыйзамсыз чыгымдоого шарт түзгөнүнө; 2013-жыл үчүн бекитилген иш-пландагы жана функционалдык милдетиндеги бюджетти сапаттуу түзүү жана аткаруу, эмгек акы боюнча анализ жүргүзүү, өзүнө тиешелүү милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарбаганына; каржы бөлүмүнүн аппараттык жыйынында кемчиликтерин айтып, эскертүү берсе, түшүнүк кат талап кылса, ал талапты аткарбастан жыйналыштан чыгып кеткенине капа болгонун, мурда да бул абал тууралуу Каржы министрлигинин тийиштүү башкармалыгына оозеки билдиргенин айтып даттанган.

Комиссия кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында атайын акты түзүп, шаардык каржы бөлүмүнүн башчысынын орун басары бир катар катачылыктарга жол койгонун жана анын натыйжасында мыйзамсыз бюджеттик чыгымдоолор болгонун тастыктады.

Эгер И. Сармановдун сунушу өткөн жылы эле тыкыр каралып, туура жыйынтык чыкканда азыркыдай олчойгон ири суммадагы мыйзамсыздыктар болбойт калат беле деген ой келет. Эми буга өз убагында көңүл бурбаган каржы министри да буга жооп береби?

 Эми эмне болот?

 Албетте, бул текшерүүнүн жыйнытыгы жөн эле калган жок. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцига каршы кызматы кылмыш ишин козгоп, анын жыйынтыгын чыгаруу аракетинде. Эми айыптуулар мыйзамдуу жазасын алышат, кыйла моралдык оош-кыйыш иштер алдыда турат. Бирок…

Бардык болуучу терс көрүнүштөрдүн алдын алууга болор эле. Көзөмөл органдар, жооптуу институттар бюджеттин ар бир тыйыны кантип иштетилип жатканын дамамат тыкан текшерип, кемчилигин өз убагында, өз ордунда оңдоп, колдон келсе көмөк көрсөтүп, ар кандай жаман иштерди болтурбай коюуга болор эле. Бул, албетте, кийин жыйынтыгын чыгарып, ким-бирөөнү узак мөөнөткө темир тордун артына жөнөткөндөн көрө гумандуу да, пайдалуу да иш эмеспи.

Биздин мисалыбызда да шаардык каржы бөлүмүнүн башчысынын сунушун мурдатан эле Каржы министрлиги көңүл буруп карап, туура жыйынтык чыгарса, ушул ашмалтайы чыккан иш болбой калмак.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

20-12-2013
Жантөрө Сатыбалдиев кайсы партиянын артында турат?
168221

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×