Добавить статью
15:57 4 Апреля 2016

Ой – акылдын үрөнү

«Өсөөр элдин акылманы бир, баатыры миң болот. Жок болор элдин баатыры бир, акылманы миң болот», – дегени экинин бири акылман, жетинин бири көсөм боло берсе, сөздүн сөөлөтү, кептин керемети, ойлордун ооматы кеткени эмей неткени, дегени тура. Анткени ар бири эле акылдуусунуп, биринин акылын экинчиси жактырбай, үчүнчүсү олуп-чолуп ой айтып, төртүнчүсү тетириси басып, баарына колун шилтеп, чогулган элдин кыжырына тийип жатса, анан сөз жалганабы? Уруш, жаңжал чыккан жерге ырыскы менен кут кырк күн жолобой качат экен. Ал эми сөз, акыл, илме кайып ал айылды айланып өтүп, каргышын айтат экен. Бакытка шерик болгон соолуктардын баарын тетири үгүттөп, алааматтын желдеттерине жем кылат. Ошон үчүн береке кеткен жердин кесепети тийбесин десек, «эсибиз барда этегибизди жапканыбыз» оң болот, осолдуктарды дагы да болсо убакыт бар, бирок «убакыт бар», – деп жүрүп кечигип да калбайлы.

Келечектүү эл бир адамга баш коет, ал адам калган элдин үнүн угат, жамааттын кызыкчылыгына, кызыкчылыкка эмес акыйкаттуулукка, адилеттүүлүккө, чындыкка баш иет, калыстыкты мурат кылып, дөөлөт тутат. Акылмандын бактысы сөздү сыйлаган, кепти уккан, чечимге моюн сунган эл туш келсе гана ачылат. Себеби ар кими өз ишин билип, тиешеси жок ишке кийгилишпесе, улууга урмат, кичүүгө ызаат, азга каниет, барга топук, жокко шүгүр, ачууга сабыр, эмгекке жакын, ууруга айгак, кашаңга камчы, жаманга сынчы, чек менен чепке сакчы, жакшыга кошчу, алсызга жөлөк, алдууга тирек болуп турса гана ийгиликтер жаралат.

«Айттырбай иштеген – арстан, айткан ишти бүтүргөн – адам, көрсөткөн ишти бүтүрбөгөн – эшек», – дегендей элдин арасынан албетте, баары чыгат. Бирок баары эле арстан же эшек боло бербейт. Бири карышкыр, экинчиси түлкү, үчүнчүсү аюу, төртүнчүсү коен болсо, бешинчиси чычкан же төө, башка бирөөсү бүркүт болуп шаңшып учса, экинчи бирөөсү тарп аңдыган кузгундай, кайсыл бирөөсү өңү да, өзү да суук заар болуп, жандууга да, жансызга да жагымсыз болот. Ошентип, баарына бирдей мамиле жасай албайсың, айла жок амал тандайсың. Мына ошол амал менен акыл адамдан адамды айырмалап, жөнтөктүүгө көрк берип, жүүнү бошко үлгү кылат.

Ар бир улут, ар бир эл өзүнүн өткөнүн мактап, кылган иштерин даңазалап, тарых барактарына кайра-кайра көчүрүп жазып, эскини эстетип, келечекке кам көрөт. Улутка уңгу болгон ата-бабаларынын мурастарын талкалап-тепселебестен аларды аздектеп, «аттары өчпөсүн» деп алы жеткени калаага, кааланын көчөлөрүнө, коомдук мекемелерге атын берсе, алы жетпегени жок дегенде баласына ысымын ыйгарып, айрым капчыктуусу асман тирете эстелик тургузуп, китепке киргизсе, чамасы чарктуулары жок дегенде, унутпай, улам-улам эскергенге жарап келишет.

Мына ошол аты да, заты унутулбай, ооздон оозго өтүп келе жаткан тарыхый инсандардын дагы дарамет-дасмиясы, керемет-деңгээли, акыл-парасаты, касиет-касирети, чарк-чамасы, тараза-кадагы, алы-кубаты, кудурет-даражасынын да не бири өлчөлүү, не бири чектелүү болгон. Албетте аларды улуу кылган, даражасын көтөргөн Жараткандын өзү дечи. Ал тартуулаган тагдыр аларды өзгөчөлөнтүп турган. Өзгөдөн артык кылган аларга берилген өнөр. Ал эми «өнөрлүү адам өлбөйт», – дегендей, өнөрлүү адам өлгөнү менен сөздөрү жашай берет турбайбы.

Деги эле кыргыз тилин ойлоп тапкан ата-бабаларыбыз генийлердин генийи экенине таң калбай кое албайсың. Мисалы, карасаңыз: «акылман» менен «даанышман» сөзүнө «ман» мүчөсү уланып жатса, «көсөм» жана «кеменгерге» «ман» мүчөсү уланган эмес, аларды толуктап, данаалап айтыш үчүн «адам» сөзүн кошуп айтканда гана кеп кереметине, сөз сөлөтүнө келе түшөт. Биз көп учурларда адамдардын тил байлыгына карата: «акыл чечен», «көрөгөч чечен», «тил чечен», «кургак чечен» деп бөлүп, аларга аныктама берип өткөнүбүз менен акыл даражасынын өкүлдөрүнө көп көңүл бурбай жүрөбүз. Себеби тилди сүйлөтүп, безелентип, тишине тилин бүлөтүп чечен кылып жаткан дал акылдын өзү эмеспи. Андыктан сөз башынан, чындап эле баштан, баштагы акылдан башталганы туура болчудай.

Туура, акыл, ой тууралуу миңдеген макалалар, жүздөгөн китептер жарык көргөнү менен так аныктама берген же акыл категориясына бөлгөн сунуштарды жолуктура албадык. Ошондуктан өз алдыбызча чечкенге аракет жасадык.

Урматтуу окурманым, ушул себептерден же башка себептерден, мүчүлүштүк менен кемчиликтер кетет. Жасалып жаткан иште дайыма жетишпеген жерлери калып калат, ошон үчүн түз олтуруп, «ийриси болсо, оңдоп, кемчилиги болуп калса, толуктап коесуз», – деген ойдобуз.

Анда биз ошол акылга дыйкан асылдардын акыл-парасаттарына жараша азда болсо аныктама берүүгө аракет жасап көрөлү. Аларды шарттуу түрдө төрт баскычка бөлүп, төмөндөгүдөй атадык:

1). Акылман;

2). Көсөм адам;

3). Кеменгер адам;

4). Даанышман.

Эми алардын ар бирин чамабыздын чарк келгенине, деңгене-денгээлибизге жараша чечмелегенге аракет кылалык.

Акылман – акылман адам, акылман дыйкан, акылман падыша, акылман бала ж.б. тууралуу жомокторду кичинебизден далай эле жолу угуп чоңойгонбуз. Бирок көп маани берген эмеспиз. Ал эми сөздүн маанисине келе турган болсок, ал эки сөздөн куралып жатат: «акыл» жана «ман». Эгер «акыл» сөздүн уңгусу болсо, «ман» мүчөлүк кызматты аткарып, бир кесиптин ээси экендигин баса белгилеп жатат. Мисалы: койчуман, аларман, алабарман, чабарман ж.б. Демек, акылман – табиятынан акылга бай, айтаарга акылы бар, кысталышта сөз, караңгыдан көз тапкан, капилет баскан жоодон, жакадан алган доодон куткарган, жоолошкон эки элди элдештирген, эрегишкен эки эрди достоштурган, өнбөгөн доону өндүргөн, жакшы сөздү өлтүрбөгөн, айткан акылына эл көнгөн асылга эл тарабынан берилген ыйык даража. Ал адам эртеден кечке акыл менен алектенген, изденген, илим-билим чогулткан. Бирок ар ким эле акылман даражасын ала берген эмес.

Кыргыз эли акылмандар тууралуу нечендеген макал-лакаптарды чыгарып, алардын атын унутпай, айткан акылдарын мурас катары тутунуп, муундан муунга, урпактан урпакка өткөрүп берип келишкен. Анда, макалдардын бир нечесин сунуштап өтөлү: «Акылман билги өлсө, журт акылсыз калат. Эр кол башчы өлсө, кол жетим калат», «Акылман кебине таянат, азамат элине таянат», «Акылмандык бар жерде, акыйкаттык бар, жалгандык жок», «Акылмандын өзү өлсө да, сөзү өлбөйт», «Акылмандын өрнөк болоор насааты бар, акмактын өрнөк болоор неси бар?», «Акылсыздын тоюнда болгончо, акылмандын оюнда бол», – деген дагы да толгон-токой макалдар карт тарыхтын дархандуу мезгил кучагында жаралып келген.

«Эл ичи – өнөр кенчи», – деп айтылгандай эл болгон соң эл арасынан ондогон акылмандар чыккан. Акылманы жок эл, карып болгон. Себеби келиштирип кебин айта албай, көрктөнтүп үйүн тиге албай, келген коногун сый-урмат кылып тосо албай, элден кийин, иттен мурун болуп, көйгөйүн көптөп чече албай, көрүнгөн элге кеп болгон, анан кара өзгөй шумпайларга жем болгон. Ал эми акылманы бар айыл, кут менен берекенин, ынтымак менен ырыскынын, токчулук менен молчулуктун, ыр-күлкү менен оюндун, той менен аштын, келим менен кетимдин мекени менен ордосу болот. Акылманды көрүү үчүн, дидарлашып олтурууга куштар болуп, белек-бечегин камдап, агылып элдер келип-кетип турат. Акылманы бар айылдын жигиттери намыстуу, кыздары уяттуу болуп, кеп менен сөзгө бек болот.

Ошондой болсо дагы «акылмандар дагы адашат», – деген накыл бизди ойго салып, түйшөлдүрбөй койбойт. Чынында кандай адам болбосун ал кемчиликтүү. Бирок эл кадырлаган, урматтап сыйлаган адамдын акылдан адашышы көпчүлүктү бирде таң калтырса, бирде кыжырлантышы толук ыктымал. Акылмандуулук жашка байланыштуу болбогон касиет-касирет. Ал «тонналып» окуган китептериң, чогулткан илим-билимдериң болсо эле келе бербейт. Балким, аздыр-көптүр түрткүнчөк, булак жана себеп болушу мүмкүн.

Эми акылдын өзүнө токтололу. Акылдын үрөөнү бул – ой. Ал эми ой адамга үч жактан келет. Биринчиси, ой – Жараткан Кудайдан келет, касиет-касирет, харизма (Кудайдын сыйлыгы) дегенибиз ушул. Кыргыздын уламышка айланган акылман, даанышмандары биз окуган, биз чогулткан китептерсиз эле адамдар эмес, доор суктана турган акыл-насааттарды калтырып кеткендиги буга күбө. Азыр илим-билимдин өнүккөн мезгилинде деле бир карманар ой айталбай, нускалуу сөз дей албай, ортодо тургандыгыбыз же жалганбы?

Ой – акылманга эле эмес кичинекей балага же карыга, эркекке же аялга кайыптан болгондой келе берген. Себеби бөлмө толо акылмандарга келбеген ой, көчөдө топурак менен үй куруп, ойноп жаткан балага же кой кайтарып, отун терип жүргөн кызга деле келип калышы мүмкүн.

Экинчиси, ой – жин-шайтандан келет, мындай ой келген адам өзүнөн өзү кыжаалат болот, уруштун, жаңжалдын учкунун чачыратат, демиктирет, шыкактайт, анан жинденет, «жиниме тийбе, жиним жаман, жинди, жинигип кетиптир, жин кириптир, шайтан сайыптыр, шайтан азгырып» деген сөздөр ушундан улам жаралган. Үчүнчүсү, ой – өзүңдөн келет. Аздыр-көптүр, жамандыр-жакшыдыр топтогон акылың жардамга келет.

Ал тургай кадимки улуу «Манас» эпособузда даанышман Бакайдын Эр Манасты: «... Акылың бар, эсиң жок, эчтеме менен ишиң жок...» деп тилдеши жөн жеринен айтылган эмес, «акыл» – бул табият ыроологон, Жараткан ыйгарган сыйлык, белек, ал эми «эс» бул – адамдын жашоодон, турмуштан чогулткан береке-тажрыйбасы, баскан-жолу. Тажрыйба аз болуп, кыйналганда жардамга зар болосуң, колун сунган адам жок болбосо: «өзүң Кудай болбогон соң көрөр күнүң ушул», – деп, акылдын азабынан кор болосуң. Акылдан ажыраган адамдын, малдан айырмасы эмне?...

Көсөмдүк тууралуу кеп кылаардан же аны чечмелерден мурун кыргыз элинин дагы бир макалын далил катары сунуштай кетели. Мисалы: «Жүздүн бири акылман, миңдин бири көсөм болот», – дейт. Эгер биз бул накылга түз эле ишенсек, жүз адамдын бири сөзсүз түрдө акылдуу, ал эми миңдин бири калетсиз түрдө көсөм болот экен. Башкача айтканда, аз элден акылман, көп элден көсөмдөр чыгат тура. Демек, акылмандарга салыштырмалуу көсөм адамдар аз жаралган, аз санда жолуккан.

Көсөмдүккө, көсөм адамдарга байланыштуу дагы көптөгөн макал-лакаптар жаралган. Алсак: «Көсөм чыккан адамдар, көрөңгөлүү сабаадай. Карай салса түз кетер, карга жүргөн чанадай», «Көрө-көрө көсөм болот, сүйлөй-сүйлөй чечен болот, биле-биле билги болот», «Ар ким эле көрөр замат көсөм, сүйлөр замат чечен болбойт», «Көптү көрбөй, көсөм болбойт, көп сүйлөбөй, чечен болбойт»,«Көптү көргөндөн сөз оку, көөнөрбөс кылып бөз току», – деген макалдарды мисалга тартсак болот. Көсөмдүк – бул көрөңгөлүк кызматты аткарып, жаңы ойлордун, акыл-парасаттардын жаралышына көмөк көрсөткөн Жаратман, эскини сактаган Мураскор.

Көсөмдүк жаш курак менен, мезгил менен келген касиет. Жаштар акылман, кеменгер болушу мүмкүн болгону менен, көсөм даражасы аларга берилген эмес. Белгилей турган нерсе, бул жерде кебете-кепшир чоң ролду ойногон. Себеби көсөм адамдын айткан акылы ташка тамга менен баскандай даана жана так болуп турганы менен, анын канча жашка чыккандыгы белгисиз болуп, дайым жаш көрүнүп тургандыр. Сакалы жок, көсө адам дайым жаш көрүнөөрү белгилүү эмеспи. Чынында кээ бир кишилер табиятынан эле түксүз келип, сакал-муруту сербейип, жокко эсе болгон. Аларды кыргыз эли «көсө» деп аташкан. Ошондуктанбы, «көсө экен, көсөм экен» деп даража-атак калгандыр. Мисалы: кыргыз-казах эли бирдей ээлик кылып айтып жүргөн Алдар Көсөнү айтсак болот. Анткени биз акылман, олуя дегенде эле аксакалы жайкалган, улгайган адамдарды элестетип көнүп алганбыз.

Дагы бир жагы көсөм адам салт-санааны, нарк-насилди, ырым-жырымдарды, үрп-адаттарды эч эсинен чыгарбай, унутулуп бара жатканын кийинки урпакка улам-улам эстетип, кыргызды ушул гана заң-мыйзамдар менен башкарууга чакырып, эстетип, жаңыртып көсөлүк кызматты (көсө – өчүп бара жаткан, жалындап күйө албай, дымыгып, быкшып жаткан отту тутандыруучу курал) аткаргандыгы үчүн көсөм аталып калышы дагы мүмкүн.

Кандай болгон күндө дагы көсөм деп көп жашаган, ошол эле көптү көргөн, бай-тажрыйбага ээ болгон, кемчилиги аз болгон, келтирип кепти айталган, чечимине бек турган, айткан акылы даана болгон адамды гана айтабыз. Антпесе, «көп жашаган көптү билбейт, көптү көргөн көп билет», – деп, көөнө кыргыз «көп жашаган эле адам акылман, көсөм боло бербейт» деп, бул жагына да көңүл бурган.

Ал эми кеменгер тууралуу кеп айтканы келгенде көптөгөн талаш-тартыштуу ой-пикирлер жаралууда. Себеби коомдун алмашуусу, замандын жаңырышы менен көптөгөн баалуулуктар өзгөрдү, кайсыл бир мезгилде көп колдонулган маанилүү-маңыздуу сөздөр азыркы күндө пайдалануудан калып, алардын ордуна жаңы сөздөр, жаңы терминдер колдонууга кирди. Алсак: «акылман», «көсөм», «кеменгер», «даанышман» деген сөздөрдүн ордуна «илимдин кандидаты», «илимдин доктору», «профессор», «академик», «окумуштуу» терминдери кирип, ал макамдар атайын эреже-тартиптин негизинде гана мамлекет тарабынан илимий даража, наам катары берилип келе жатат. Бирок аларды дагы өзгөчө мактагыбыз келип кетсе, сөзсүз түрдө «кеменгер профессор», «даанышман академик» деп коюу сыядан төгүп белгилеп дагы коебуз, муну кыргыздын айкөлдүгү, жакшыны баалай билгендиги деп түшүнүш керек.

Акылга байланыштуу улук даражалар кайсыл бир мезгилде эл тарабынан берилип келсе, азыр мамлекет тарабынан берилет. Мамлекет дегенибиз эл эмеспи. Демек, мамлекетке бул акыл категорияларын турмуш жүзүндө пайдаланууга сунуштасак эмне үчүн болбосун? Мисалы: илимдин кандидатын – билги; доцент – акылман; илимдин докторун – көсөм; профессор – кеменгер; академик – даанышман. Ушундай кадам эптеп эле кандидат, доктор болом деп «эрикендердин», ээликкендердин демин басып, азда болсо эсине келтирет беле? Ай, ким билет? Таң... Бул эми кептин кыябы келип калганда айтылып кеткен кеп, бирок тек гана эске ала жүрсөк.

Биз тарыхый инсандар, улуу адамдар тууралуу кеп кылганда бир адамга эле бардык даражаны ыйгарып айтканга, жазганга маш болуп алганбыз. Туура, эң жогорку тепкичке жеткен даанышман адамга баарын ыйгарып айта берсек, балким жараша береттир. Бирок, «академик» наамын алган окумуштууга качандыр бир убакта басып өткөн «доценттик» наамын чаптасак туура эмес көрүнүш болуп калышы мүмкүн да. Ошондуктан бул эл тарабынан берилген, улуу даражаларды иретке келтирип, орду-ордуна коюп алсак жаман болбос.

Кеменгерлик тууралуу «Манас» эпосунда кең-кесири берилгенин. Алсак:

Самаркан болуп турган жер,

Жатыптыр Манас кеменгер...

***********************

«Чыдай албай кеменгер,

Эки-Кемин жайлаган,

Эгиз кара ат байлаган,

Бендеден сөзүн тайбаган,

Таздын уулу эр Үрбү», – деп берилсе, «Көптүн ою – кеменгер. Көптү билген киши кеменгер эмес, билгени элге көп пайда келтирген киши кеменгер», – деген кыргыз элинин макалын да келтирүүгө болот. Бул жерде кеменгерлик эл башында, кол башында турган адамдарга айтылып жатканын эске алсак.

«Кеменгер» даражасы көп учурларда эл башкарган, эл бийлеген кол башчыларга, жол башчыларга берилген. Жоолошкон жоодон, доолашкан доодон сактаган, өз өрөөнүн, урук-уруусун, ата-журтун касташкан душмандан коргогон баатырдыгы менен акыл көрөңгөсү шайкеш келген, «эр» атагын алган эр-азаматтар гана кеменгер аталган. Табият тартуулаган лидердик касиетине, элди ээрчитүү жөндөмүнө, башкаруу дараметине жараша гана берилген. Кыргызда кайраты менен таш жарган, кармаган жерин күл кылган, кармашкан эрди тул кылган, адамдан ашып алп болгон, көргөндү эстен тандырган дөөлөр, ат көтөрбөй жөө жүргөндөр, кынсыз кылыч байлангандар көп эле чыккан. Бирок алар алты ооз сөз айтып, кереметтүү кеп салып, элди ээрчитип кете алган эмес. Кара күчүнө ишенгендерди эл ээрчибейт. Тетирисинче, аларды эл эрмек кылышы мүмкүн.

Манасты кыргыз алптыгы, балбандыгы, баатырдыгы үчүн эле ээрчиген эмес. Анын айткан акылына, сунуштаган оюна карап, «кептелген туңгуюктан чыгарат, акылдын көзүн ушул табат», – деген үмүт менен ээрчиген. Бирок ал: «менин акылым эле акыл, башканы укпайм», – деп олтуруп алган жок. Манас баштаган эрлердин бардыгынын анча-мынча ала көөдөндүгү болгону менен айткан акылга, деген кеп-кеңешке келген, келбесе тил уккан. «Мен деген – Манасмын», «мен баатырмын» деп эле керкейип, жакындап келгенин жыга чаап тура берген эмес. Андайларды эл «аңкоо», «кеңкелес» деп, чочуп турушканы менен коркушпады. Алар өзү менен өзү болуп жүрүп, «күйүп бара жаткан ташты» токтотом деп, ошону менен жок болгон, көптүн бири катары тарыхтын актай барактарында же азганактай эл оозунда икая катары айтылып кала беришти.

Эми даанышмандыкка келсек, адамдын акыл-оюнун, кыял-чабыттынын, көрөңгө-туюмунун жеткен чеги даанышмандыкка барып такалат. Даанышмандык – бул адамдагы эң жакшы касиеттердин, сыпаттардын жана сапаттардын топтому. Бул даражага жеткен адамда уюган акылдын кенчи, көрөгөчтүк-билгичтиги, келечекти айта билген олуялыгы, уккан адамдын кумарын кандыра айткан сөзмөрлүгү, адам менен ажалдан коркпогон көк жалдыгы, жаман менен жакшыга, аз менен көпкө, ач менен токко, жандуу менен жансызга бирдей жасаган жөнөкөй мамилеси, барга көппөгөн, жокко чөкпөгөн сабырдуулугу, көр оокатка кызыкпаган, дүнүйөнүн артынан чуркабаган ток пейилдиги, кастыкка дагы, пастыкка дагы кечиримдүүлүк сыпааты жана сапаты менен өзгөчөлөнүп айырмаланган. Акылман адашат, көсөм шашат, кеменгер ала көөдөндөнөт. Ал эми даанышман эч качан бир баскан изинен адашпайт, аңтапдап шашпайт, ойлонбой чечим кабыл албайт. Аларга Жараткан тарабынан берилген даражаны башка бир адам да тепселеп-талкалай албайт. Даанышмандын жашоосу өрнөк, айткан акылдары түбөлүк жашайт.

Даанышман кайып дүйнөнүн баары менен тааныш-билиш болот, жөнөкөй адам көрүп-биле албаганды, туюп-сезе албаганды билет. «Көп карынын ичинде бир бала жүрсө, даана болот, көп баланын ичинде бир кары жүрсө, бала болот», – дегениндей жаш даанышман бала чагынан улуу адамдар менен насиптеш, пикирлеш, замандаш болуп, бардык нерсени билип чоңоет. Себеби аны тагдыр тандады, жашоо тарбиялады, мезгил сынады.

Даанышман ой – ар бир адамга келиши мүмкүн, бирок даанышмандык сыпат бардыгында эле боло бербейт. Себеби аны бир доор жаратышы мүмкүн же бир доордо бир гана даанышман жаралат. Муну кыргыз эл макалы төмөндөгүдөй ырастайт: «Анык жакшынын ачуусу бар – кеги жок. Даанышмандын курбусу көп – теңи жок», – дейт. Демек, даанышмандар бир кылымда бир келиши мүмкүн, жаралбай калышы дагы толук мүмкүн. Биз азыр даанышман эмес, акыл чеченин кой, тил чеченин эле «күндүзү чырак менен издеп» таппай жүрөбүз, башкасын айтканда эмне? Даанышмандар тууралуу дагы көптөгөн улуу сөздөр, накыл ойлор айтылып келет. Мисалы: «Даанышман өтөт, сөз калат», «Ар ишти салат жолуна, акылы толук даанышман», «Айткан сөзү калкынын жүрөгүнө эм болсо, даанышман көркү сөзүндө». Биз бул накыл кептерди аргумент катары сунуштап жатабыз.

Бирок, урматтуу окурманым, даанышманды такыр эле кемчиликсиз дегенден да алыспыз, себеби кемчиликсиз адам болбойт. Ал эми даанышмандын кемчилигин бардык касиеттерди берген бир Жараткан Кудай менен башка бир даанышман эле билбесе, биздин билишибиз өтө кыйын го.

Уикипедиянын ачык энциклопедиясынын «философия» категориясында даанышмандык тууралуу төмөндөгүдөй аныктама берилген: «Даанышмандык (генийлик) – улуу инсандын жаратмандык кудуретинин, чыгармачыл жөндөмүнүн эң жогорку, кайталангыс даражада ачылышы, сапаттык жактан жаңы, нукура терең, теңдешсиз ажайып чыгармаларды жаратуу, мурда белгисиз жолдорун табуу менен эч ким бара элек бийиктиктерди ачуу жана анын туу чокусуна жетүү үзүрү. Даанышмандык термини адатта адамдын инсандык керемет зээнинин, анын ажайып акыл дээринин кудуретин мүнөздөөчү, өнүгүүнүн өзүнчө бир доорун ачкан ажайып жаңылык катары кабылданган улуу чыгармага, ашкере кең чабыттуу жаратман жөндөмдүүлүккө жана ишмердүүлүккө карата колдонулуучу сын-өлчөм. Тубаса нукура терең зээндүү, ашкере жөндөмдүү даанышман адам таланттуулардан айырмаланып, ал шыктуулуктун жогорку баскычына эгедер гана болбостон, өзүнүн эбегейсиз жаратмандык зор кудурети менен руханий дүйнөнүн бүтүндөй бир жаңы башатын ачкан кеменгерлигинде», – деп берилет.

Демек, жыйынтыктап айтканда, «ала кушту атынан айтып чакыр», – дегендей жогорудагы биз акыл категориясына бөлгөн даражаларга, сын-өлчөмдөргө, категорияларга так аныктама берип, орду-ордуна коюп алсак, көпчүлүккө түшүнүктүү болуп, илимде да көптөгөн жылыштар болмок беле. Себеби болбогон нерселерди болду, уламыштарды таптаза чындык деп, божомолдорду аргумент кылып бетине кармап: «кыргыз кыйын, кыргыз ыйык, кыргыз биринчи жаралган», – деп, аргументи жок, апыртылган ойлорго азгырылып, божомолдорго эргий бербей, кыргызды мыкты кылган, кыргызды улук кылган маданий мурастарга көбүрөөк көңүл буруп, дүйнө тилдерине которуп, даңазаласак көп иш кылган болот элек.

Биз жогоруда акыл-парасаты, ой-аракети менен атак күткөн, бийик даражаларга жеткен акыл категорияларына мүмкүн болушунча аныктама берип, далилдеп-дааналаганга аракетибизди жумшадык. Көрсө, айтылган акыл, санат, насаат, учкул ойлор, макал-лакаптар, тамаша-тамсилдер, табышмак-жаңылмачтар, дастан-казалдар, уламыш-жомоктор, ыр-күүлөр зээндүү, зиректүү, орошон ойлуу, таланттуу адамдар тарабынан ойлонулуп чыгып, эл арасында айтылып жүрүп, автору белгисиз болуп, акырында элдик аталып кала берген турбайбы.

Аягында кыстара кетчү бир сөз. Байыркы грек мамлекеттеринин бири болгон Спартанын Лакония деп аталган аймагында жашаган элдер өздөрүнүн сөздөрүн, суроолорун кыска жана так бергенди өтө жакшы өздөштүрүштүр. Мына ошол аймактын урматына, алардын кыска сүйлөгөн сөздөрүнө карата «лаконикалыктарча, лаконикалык» деген сөз келип чыккан экен. Бир уламыш боюнча Лакониянын элине Самос аралынан элчилер келип түшөт. Алар ушунчалык узун сүйлөп туруп алышат, узун сөзгө, узак кепке көнбөгөн Лакониянын тургундары чарчай башташат. Ошондо тургундардын бири элчилерге карата жооп иретинде: «Сиздин башында айткан сөздөрүңүздү, убакыттын көп өткөндүгүнө байланыштуу унуттуп калдык, ал эми сөзүңүздү башы унутулгандан кийин сиздин айтайын деген оюңуздун аягы биз үчүн түшүнүксүз болуп калды», – деп, айткан экен. Демек, маанисиз, элди көп кармап сүйлөгөндүн өзү туура эмес экендиги айтылып жатат. Кыска, так, даана сүйлөө дагы өзгөчө талант.

Ал эми кыргыз элинде да «сөз сүйлөй албаган, сөздү өзүнө келтирет», «көп сөз, бок сөз», «аргымак аттын жакшысы азыраак оттоп көп жуушайт, азамат эрдин жакшысы азыраак сүйлөп көп тыңшайт», «сууну сиңген жерге сеп, сөздү уккан жерге айт», – дегендей биздин дагы башында айткан сөздөрүбүз унутулуп, аягы түшүксүз болуп калбасы үчүн ушул жерден токтотолу. Сезимдерди туйлаткан ойлор болсо, ой же үн кошуңуздар...

И.Арабаев атындагы КМУнун

Окуу башкармалыгынын башчысы,

тарых илимдеринин кандидаты,

доцент О.Э.Капалбаев

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

Эрдиги жана эрки күчтүү Эркин эже

Аcан кайгыдан келген же санаага салган сары ойлор...

X
Для размещения комментария авторизуйтесь
X
Для размещения комментария авторизуйтесь