Добавить статью
11:20 12 Ноября 2016

Эрдиги жана эрки күчтүү Эркин эже

(И.Арабаев атындагы КМУнун профессору Э.Т.Токсонбаеванын 70 жылдык мааракесине карата)

«Кыргызда кыздын аты улук, кыз сыйлабайт макулук», – деп, кыргыз эли байыртадан эле кызын, келинин, дегеле аялзатын өтө кадырлап, аздектеп келишкендигине тарыхтын өзү күбө болуп бере алат. Чынында эле кыз кишини, аялзатын сыйлаган жагынан башка элдерге салыштырмалуу жана көп жакшы жактары менен өзгөчө артыкчылыктарга ээ болуп келгендигибизди сыймыктануу менен белгилесек болот.

Кыргыздар абалтан эле кыздардын тарбиясына, таалимине, коомдогу ээлеген ордуна терең маани берип келген. Алсак, кыз төрөлгөн күндөн баштап, аны өзгөчөлөп бакканга аракет кылышкан. Кыз төрөлгөндүгүн сүйүнчүлөгөндө: «Кырк жылкылуу болдуң», «Кыз – кызыл алтын», «Кызы бардын, назы бар», – дешип, дегеле кыздарды ирегеге, босого олтургузбай, төргө олтургузуп: «Босого олтурсак, кедей болуп калабыз, жогору олтур, сенин ордуң төрдө», – деп жогорулатып, кийимдин жаңысы менен тазасын кийгизип, тамактын жакшысын ичирип, оор жумуш кылдырбай, бейчеки жумшабай бакканга аракет кылышкан. Ал тургай кыздардын чачын аздектеп кыркка же «беш саамайлатып» бешке бөлүп өрүп келишкен. Кыркка чачка бөлүп өргөнү «Кызга кырк үйдөн тыюу», – деп, чач өрүлүп жаткан учурда таалим-тарбия, жүрүм-турум, адеп-ахлак тууралуу кызынын кулагына кумдай куюп, ар бир өрүмүндө «тыюуларды» айтып, атанын мурасы, эненин намысы «өрүлгөн чачтай» бекем болсун дешсе, «беш саамай» кылып өрүлүшүнүн себеби, эр жигиттин үч эли болсо, кыз кишинин беш эли болот экен. Алсак: «төркүн журту, таеке журту, кайын журту, эли журту, жака журту», – деп айтылып келген. Эми булардын ар бирине токтолуп олтурбай төртүнчү, бешинчисине токтолуп өтөлү. Анткени алдыңкы үчөө тууралуу бардыгыбыздын эле маалыматыбыз бар болушу керек. Көп жерде эр жигиттин эли, журту тууралуу кеп кылып, кыздардын журту, издеп барары тууралуу кеп козголбой келет.

Кыздын эли журту – деп, айылдаштары, коңшу-колоңдору, тааныш-билиштери айтылса, жака журтуна – мамиле кылган эже-сиңдилерин айтышкан. Бекеринен кыздарды «жакадагы кундузга» салыштырышкан эмес. Себеби кийимдин жакасына кандай кам көрүлсө, кыздарга ошондой мамиле жасалган.

Айтылуу, атактуу, даанышман Сарт аке кыргыздардын кыз-келинин, энесин даңазалап жана таразалап, төмөндөгүдөй акыл үрөөнүн калтырып кеткен экен:

«Эне жакшысы – кут: анын үйүндө ырыскынын көөрү төгүлүп турат. Жакшы аялдын эри кетпейт деп айтылат. Жакшы аял эрин, бала-чакасын гана эмес, тууган-уругун чогуу асырайт, ошондон улам анын үйү келим-кетимдин мекени болот.

Келин жакшысы – кенч: ал – алган жарынын, бала-бакырасынын теңдешсиз кенчи, үй бүлөнү көркүнө келтирип турган асыл зат – жароокер... жакшы келин ар убакта жаманчылыкта да, жакшылыкта да тоодой арка, ал көңүл өстүрүүнүн, көңүл, дил, тил табуунун кенчи. Жакшы келинди эч ким кемсинтүүгө акысы жок. Аны корсунткан адам күнөөкөр, кем акыл. Келин жакшысы мээнеткеч, түйшүкчүл, ошондуктан турмуштун кыйынчылыгына моюн сунбайт. Мындай кенчти урматтоо гана керек.

Кыз жакшысы – кымбат: кыз жакшысы да кут болот, башына дөөлөт, бак конот. Кыз жакшысы элди бириктирет... жакшы кыздын акылы тунук болот, айткан сөзү улук болот. Жакшы кыз шам-чырак, өмүргө өмүр уланган тунук булак. Жакшы кыз кырк үйгө көрк берген гүл.

Жогорудагы берилген сындарда көрсөтүлгөн «кут», «кенч» сөздөрү кыргыз эли үчүн жөн эле салыштырмалуу же күчөтүп айтылган сөздөр эмес, жан дүйнө ыйыгы, түгөнгүс касиет-касирети катары кабылданган. Ошон үчүн аялзатын эң асыл, эң улук деп аталган кереметтерине салыштырып айтып келишкен.

Кыргыз элинде олуя-куудул атыккан, ошол эле учурда даанышман Кудайберген (Куйручук) Өмүрзак уулу аязатын көбүрөөк сындап, күңгөйү менен тескейи, жакшысы менен жаманына дагы кенен токтолуп, төмөндөгүдөй мүнөздөмөлөрдү берген экен: «Аял – үйдүн куту, эркек – үйдүн түркүгү», «Аял жакшы – эр жакшы, акылман жакшы – хан жакшы», «Уул жаман болсо муун кетет, аял жаман болсо конок кетет» дейт. Ошондой эле «Эне – ыйык», – дейт, эркекти минтип айтпайт.

«Алтын согончок, жез шыргай» – Аялзатынын эң мыктысы. Көрк келбети, шыңга боюн жез шыргайга теңеп, кадыр-барктап ызааттаганга татыктуу. Ак уул, кызыл кыздын энеси болгону үчүн «алтын согончок» деп бааланган. Илгери Ордо үйгө ача баштуу, аземдүү жез бакан тиреп коюша турган. Аны менен Ак Ордонун түндүгүн көтөрүшкөн. Мунусунда да купуя сыр жатат. Жез шыргай үйгө көрк берип турган. Демек, мыкты аял жез шыргайдай үйдүн көркү, куттуу үйдүн тиреги дешкени.

«Аркар эмчек, акылгөй тараз» – Бала-бакыралуу болсо дагы келишимдүү тараз бою, келин сыны кетпейт. Керилген сымбатынан жазбайт. Ошондон улам мындай ургаачыны кайберендин ыйыгы аркарга теңешкен. Кудайдын аялзатына бөлгөн акыл-эсине да ашыгыраак эгедер болгондугунан, акылгөй атанган. Адеби адам баласынын көңүлүн жылытып, элге, ага-тууганга мамилеси дайыма жагымдуу, адамгерчиликтүү.

«Ак көрпө жайыл» – Жүрүм-турумунда айыбы жок, ала жипти аттоодон алыс. Баш кошкон эрин абдан кадырлайт. Күйөөсүн күкүктүн баласындай багат. Табигатынан оор басырыктуу, келбеттүү келип, ата-салтын, кааданы, үрп-адатты жакшы билет. Үйүнө кадыр-барктуу, коноктор көп келет. Эри дайым аялы менен акылдашып иш кылгандыктан, эринин иши ар дайым алга жылат.

«Ак жоолук делбир» – Ашкере чырайлуу жан. Жарык маңдайы, жаңырган айдай каштары, узун кирпиктүү ботодой жайнаган көздөрү, кырдач муруну, ак жуумал жүзү, кызыл гүлдөй эриндери, койкойгон мойну бирине-бири төп келгенин айт. Төгүлгөн узун чачы, кыргый куш мүчөсү, сымбатын арттырып турат. Келбетинен кемтик таппайсың. Үй оокаттын майын чыгарган, тың, бүйрө.

«Жайыл дасторкон» – Колу ачык, пейили кенен десең – кенен, терең десең – терең, бардар. Ушунусу менен элге жагат. Казаны оттон түшпөй, дасторконунда дүйүм тамагы жайнап, турганы турган. Келим-кетимге бай. Саймачылык, оймочулук дегенди катырып, ушак-айыңга көңүлү түшпөйт. Абысындар арасында урмат-сыйдын ээси.

«Жабылуу кара инген» – Көп сүйлөбөйт, кишиге катуу үн катпайт. Арбын убактысын үй-тиричилиги менен алпурушуп өткөрөт. Бала-бакырадан бак айткан, карапайым келет. Текебер, кесирлик дегенди билбейт. Эринин табылгасына көтөрүлбөй, элге да, эрине да бирдей мамиледе болот, бар болсо мактанбайт, жок болсо чүнчүбөйт. Кенен оокатка да, тартыш оокатка да бүйрө.

Жогорудагы сындан көрүнүп тургандай, бул жерде аялзатынын эң мыктыларын, асылдарын гана жаздык. Себеби аялзаты эң жакшы мамилеге, сый-урматка, мүнөздөмөгө татыктуу. Ошондой эле жазылып жаткан макаланы өзү дагы улуу жана ыйык аялзаттын өкүлү Эркин Турганбековнага арналып жаткандыктан жылуу маанайлуу пикирлердин болушун шарт катары карадык.

Макаланын өзөгүнө, Эркин Турганбековна тууралуу кепке келгиче аялзаты тууралуу кириш сөзгө көп токтолуп калышыбыздын себеби, улуу адамдын аты менен байланышкандыктан жана кыргыз элинин руханий баалуулуктарын көп адам окуй турган, көңүл бура турган ыңгайлуу учур экендигине ынанып, жогорудагыдай ойлорду кошууга туура келди.

Эми кептин ток этээрине токтолсок, мен Эркин Турганбекованы биринчи жолу 2003-жыл аяктап, 2004-жылга аяк басып бара жаткан, Жаңы жылга карата уюштурулган университеттик кечеден көрүп, ошол көз ирмем көңүлүмө кыт сымал куюлуп, түбөлүк эсимде калды десем болот. Анткени музыканын коштоосунда Эркин Турганбековна Рысманов Тыныбек агай менен вальс бийин «ийиктей» чимирилип бийлеп жатканын көрүп, ачыгын айтканда, таң калгандыгымдын селейип катып калыптырмын. Ошол учурда мага эже менен агайдын бий бийлеп жаткандыгы кесипкөй бийчилердин бийиндей элес калтырып, абдан чоң толкундаган таасирде калгандыгым ачыктагым келет. Туура, турмушта ар кандай, ар түрдүү көз ирмемдер болот. Бирок анын баары эле түбөлүк сакталып кала бербейт. Мугалим эже менен мугалим агайдын ушунчалык элпек, музыканын ыргагы менен тең жарышып, бий музыкага, музыка бийчилерге шаң берген ажайып көрүнүш эле. Чыныгы мугалим, актер болушу керек. Кандай гана өнөр болбосун, «мен муну билбейм, ырдай албайм, сүйлөгөндү, кийингенди, ары-бери басканды эле билем...», – деп тура бербей, ар ишке жөндүү болгондо гана мугалим деген улуу, ары татыктуу наамга ээ болушуң мүмкүн.

Ал эми андан бери он үч жыл өтсө дагы Эркин Турганбековна азыркы учурда да өзүнүн эмгек жамааты менен кандай гана коомдук иштер болбосун, мейли факультеттин, мейли университеттин, мейли мамлекеттик деңгээлдеги иш чаралар болбосун «жөн эле катышты» болуп калбастан, алдыңкы катарда болуп, өзүнүн демилгелүүгүнөн жана демдүүлүгүнөн тайбастан улуу муунга, ортоңку муунга жана жаш муунга өрнөк, үлгү болуп келе жаткандыгын эч ким тана албаса керек.

Айрыкча, чыгармачыл адамдар менен иштөө, алардын бардыгынын талаптарын аткаруу бардык эле жетекчинин колунан келе бербеген мүшкүл иш. Чыгармачыл адамдардын айрымдарынын кыялы жаш балдардын мүнөзүндөй чалпоо, таарынчаак келет. Ар ким өзү кылып жаткан ишинин «чоң патриоту» жана күйөрманы болгондуктан, өзүн жалгыз жана биринчи көргүсү келип, калгандарын дайыма кийинки орундарга жылдырып турат. Бирок, бул жерде өзгөчө баса белгилеп кетерибиз «көпчүлүккө көө сүртпө», – дегендей чыгармачыл адамдардын баарын айыптоодон алыспыз. Алардын асылдары көп, аңкоолору аз, даанышмандары көп, данканы аз.

Чынында эле Көркөм маданият жана билим берүү факультетинде кандай гана залкарлар иштеп кеткен жана иштеп жатат, кандай гана атактуулар окуган жана окуп жатат. Бул өзүнчө чоң тема. Мына ошол: «... залкарбыз, атактуубуз, биздин чыгармаларсыз, таркан сүрөттөрсүз, жасаган иштерибизсиз кыргыз элинин маданиятынын «тузу кем болуп калат», «кемтиги толбой, кебетеси болбой калат», – деген агай-эжелер менен тил табышып, бирин алдап, экинчисин тилдеп, үчүнчүсүн сүрөп, жетекчинин тили менен эмес, искусствонун тили менен сүйлөп келе жаткандагы Эркин Турганбековнанын эрдиги катары карап, аны баалабай коюуга болбойт.

Урматтуу окурман кандай гана адам болбосун, мейли чоң же кичине, жаш же кары, аял же эркек, жаман же жакшы, арык же торук, кашка же башка болбосун аны башкалардан өзгөчөлөп турган мүнөзү менен кыялы болот. Анын сыңарыдай Эркин Турганбековна да өзүнүн түздүгү, калыстыгы, тайманбастыгы жана адилеттүүлүгү менен көпчүлүктөн алда-кайдан бөлүнүп турат. Ушул касиеттер эжени бир эле учурда жөнөкөй дагы, улук дагы көрсөтүп тургандыгында шек жок.

Адам Атадан калган «жети кайыптын бири – өмүр кайып», – дейт эмеспи, мына ушул адамга берилген өмүрдү ар ким ар кандай жашап, түрдүү кесип менен аркалап өтөт. Ал эми Эркин Турганбековна адамзаттын эң мыкты, ары асыл кесиби болгон мугалимдик менен чыгармачылыкка өмүрүн байлап, түрдүү муундун мактоосуна жана алкоосуна арзып келе жатат.

Мааракеңиз кут болсун! Биз Сиз менен дайым сыймыктанабыз!

Капалбаев О.Э.

И.Арабаев атындагы КМУнун профессору

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

Ой – акылдын үрөнү

Аcан кайгыдан келген же санаага салган сары ойлор...

X
Для размещения комментария авторизуйтесь
АКИpress. Новости Кыргызстана, которые интересуют всех.


Закрыть
X
Для размещения комментария авторизуйтесь