Добавить статью
11:01 3 Февраля 2016

Аcан кайгыдан келген же санаага салган сары ойлор...

«Кайсыл жерге барба, Мамайдын көрү», – дегендей кандай жер болбосун, улуу же кичүү муундун өкүлдөрү олтуруп бул дүйнөнүн азабы менен жыргалы, жаманы менен жакшысы, агы менен карасы, жарыгы менен караңгысы, ачуусу менен таттуусу, өйдөсү менен төмөнү тууралуу кеп козгоп калганда эле замандын, жашоонун бузулганын жамандап, итатайы бузулган учурга кептелгендейбиз. Же сындаса сынды көтөрө албай чыркырайбыз, ал эми сынасак «сай-сөөгүнө жеткизе», «азыр эле өлүп, кепинин даярдай берчүдөй» сынайбыз. Туура, сын өстүрөт. Бирок бардык нерсени айтуунун өзүнүн эреже-тартиби, кимдин эмнени айтышы керектиги, кандай жерлерде айтылуусу керектиги, дагы ушуга окшогон жазылбаган, бирок миңдеген жылдар бою эл арасында сиңип келген салт-санаалар сөзсүз түрдө эске алынган. Алсак, адам өлгөндө: ким барып, ким угузат? Кантип угузуу керек? Же сүйүнүчтүү кабарды ким угузүшу керек? Айтор, бул жана башка маселелер алгач аксакалдар арасында талкуулангандан кийин гана ишке ашырылган. Башкача айтканда, кыргыздын табиятында, салт-санаасында, нарк-насилинде адамды аёо, көңүлүн кароо, тирүү же көзү өтүп кеткен адамдарга сый-урмат менен мамиле кылуу негизги орунда турган.

«Көпчүлүккө көө сүртпө», – деген кыргыз элинин улуу накыл кеби бар. Анынсыңарыдай, «бир-экөөнө жооп айтыш үчүн бүтүн элди «кара тумандай каптаганы» эмнеси?», – деп суроо бергендери да чыгаары чындык. «Ооруну жашырсаң, өлүмгө ашкере», «Сөзгө сөз келгенде айтпасаң, сөздүн атасы өлөт» же «Сөз ээсин табат», «Душман сүйдүрүп айтат, тууган күйдүрүп айтат», – дегендей, коомдогу болуп жаткан терс көрүнүштөрдү өзүбүз айтпасак, бизге жакшысынан жаманын, пайдасынан зыянын көп алып келип жаткан батыш менен чыгыш келип айтып бербейт, айткысы дагы келбейт. Алар эмес өзүбүздөн чыккандар деле байыркы кыргыздардын дүйнө таанымын, жашоо шартын, салт-санаасын, каада-наркын, ырым-жырымдарын кеп салып, сөз козгоп калсаң, ачык эле жактырбай, «болбогон нерселерди сүйлөйсүңөр...», – деп, өздөрү асмандан түшө калгандай, ким экенин унутуп калган замандаштарыбыз четтен табылат.

Макул, биз, бир адамдын жаман жагын көрүп алып эле кечке анын кемчилигин көзгө сайып, көрүнгөн жерде, ар кимге айта берген адатыбызды токтотушубуз керек дейли. Белгилүү сынчы, коомдук ишмер агайыбыздын: «... Биз анын жакшы жактарын билебиз, анысы баарыбызга белгилүү. Аны айтуунун зарылчылыгы жок. Кемчиликтерин гана айталы», – деп айтканындай, кайсыл бир адамдын жакшы сапаттарына, ишинин жакшы жактарына эки-үч мүнөт көңүл буруп, эл астында айтып койбой эле, мүчүлүш экен, оңдойбуз, деп жатып, мүлжүп, кемчилик экен, оңдойбуз, деп жатып, кемирип алат окшойбуз. Башка улуттар оорукчал баласын деле, «сен, мыктысың, сен генийсиң», – деп жатып эле, гений кылып алышат экен. Биз болсо, «кыйратмак белең, жыргатмак белең, башың иштебейт», – деп жатып, жакшынакай, таза баланы бузуп алабыз. Ошон үчүн, эмнеге жакшы сөз айтып, тарбияласа болбосун? Же сөзсүз эле жер-жемесине жеткиришибиз керекпи? «Жакшы сөз – жарым ырыс», «Жакшы сөз – жандын эшиги», «Жакшы сөз менен жылан ийинден чыгат», – деген сымал жылуу сөздөр менен, коом же жамаат өзүн өзү тарбиялай турган жолду тандап ала турган учурга келдик. Заманды, коомду жамандап олтура бергенде Жараткан Кудайдын өзүнө ызаа жана шек келтиргенден башка табаар пайдабыз жок.

«Өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт», – деп айтылгандай, кыргыздардын ата-бабаларынын жашаган үйү-жайын, кийим-кечесин, тамак-ашын, чарбасын, руханий байлыктарын даңазалап, жайылтканда гана, биз, экономикасы гүлдөп өнүккөн, аймагы кенен, элинин санына эсеп жеткис элдер менен бир тең ата боло алабыз. Же болбосо, гүлдөгөн өлкөсүнөн, жыргал жашоосунан кечип келген чет элдиктер кыргыз жеринде окуу жайларды ачып же волонтер деген аттарды жамынып алып, өздөрүнүн элинин маданияттарын, салт-санааларын, динин жайылтып, сыймыктанып жүрүшпөйбү. Биз дүйнө элин, физика, техника, биология, химия, архитектура ж.б. ушуга окшогон илимдерибиз менен таң калдырышыбыз өтө кыйын. Ал эми тарыхыбыз жана маданиятыбыз менен дүйнө элинин эсинде түбөлүк кала алабыз. Ошондуктан тарткан сүрөттөрүбүз, чыгарган обондорубуз, таркан кинолорубуз дагы чет элдиктер үчүн эмес, кыргыз үчүн, тарых үчүн жасалышы керек. Айрыкча, дүйнө элинин табитине жараша, ошолор үчүн тартылган кинолор келечекте «тарыхтын таш бараңында» калышы толук ыктымал. Себеби жеңил атак-даңк эбелек сыяктуу, бир күнү өзүңдүн бетиңди жалмап аларын унутпайлы.

Советтик белгилүү жана классикалык «Москва көз жашка ишенбейт же Тагдырдын тамашасы» киносунда: «... келечекте газета, журнал дегендер болбойт. Бир гана теле көрсөтүү калат...» деген жери бар, бирок андан бери канча жылдар алмашты, газета менен журналдын баркы кетсе кеткендир, антсе дагы маани-маңызы жоголгон жок. Теле көрсөтүүсүнө интернети кошулса дагы, газета-журналды жогото албады. Тетирисинче, улуттук идеология маселесин улам-улам көтөрүп, көпкөндөрдү көзгө сайып, бузулганын теске салып, адашканга жол көрсөтүп, уктаганын ойготуп, жеп-ичкичин шорлотуп, кенебесин козголтуп, турмуштун кан майданында ак менен каранын ортосунда күйүп-жанып келе жаткандыгын баса көрсөтүүгө болот. Бирок гезиттердин нускалары аз, бардыгына жеткирүү мүмкүн эмес экен. «Гезит окуган киши жок» дебейли, себеби ар нерсенин өзүнүн көрөрманы, угарманы табыла берет. Демек, сапатына, санына жараша кардары чыгып турат, же жаңыланат.

Ал эми теле көрсөтүүлөр жөнүндө жөнүндө айтыла турган кеп өзүнчө чоң дастан. Азыркы мезгилде телевизору жок үй бүлөнү айтуу өтө кыйын. Бул нерсе үйдүн эң маанилүү, аздектүү, сыйлуу буюмуна айланганына көп болду. Телевизорго деп төргө орун ырасталат, чаңын күндө сүртүп, өзгөчө мамиле кыласың. Кээ бир үйлөрдүн ар бир бөлмөсүнө коюлса, кээ бир үйлөрдө экиден же бирден эле. Көбүнчө бир үйдө бир эле телевизор турат. Мына балээнин баары ушул бир эле телевизору бар үйдө башталат. Себеби тамак-аш ичип олтурганда, үй бүлө чогулуп калганда же улуу-кичүү чогуу олтурганда эле «баягысы башталат». Батыштан келген кинолордун бардыгында кийимин кийгенди «унуткан», «ысып жаткан» кыз-жигитти, искешип-жытташкандарды кошпо койсо, кино кереметине чыкпай калат жана ошол жерин күтүп олтурган көрүүчүлөр болот экен (шумдук логика). Сени менен чогуу телевизор карап олтурган кичинекей балдарың: «... өбүшүп бүтүштүбү? Карай берейинби?», – деп, көзүн бекиткен болуп, сени менен телевизор талашып, тирмийип олтура беришет. Ал эми өзүбүзчү, же эшикке чыгып кете албай, же өчүргөнгө жетишпей, ыңгайсыз абалга тушугуп, ызаага батабыз. Киносу аз келгенсип, өбүшмөй-жытташмайын кичинекей балдардын көрүп жаткан жомокторуна, китептерине, мультфильмдерине дагы аралаштырып жиберишти. Улууну дагы, кичүүнү дагы мына ушинтип телевидение тарбиялап жатат.

Ошол бизге кинолорун жөнөтүп жаткан өнүккөн өлкөлөр өздөрүнүн жаштарына агрессиялык кино-мультфильмдерди, тарбиялык мааниси жок берүүлөрдү көрсөтүшпөйт. Көрсөтүшсө дагы уяттуу жерлерин жашырып, чыбырктатып көрсөтүп, адеп-ахлактык жагына өтө маани беришет. Ал эми чыгыш өлкөлөрү бул жагына өтө кылдаттык менен мамиле жасашкандыгы баарыбызга эле маалым.

Эми башкасын айтпай эле саат сайын көрсөтүп жаткан жаңылыктарды эле алалычы, отуз эки түрдүү маалымат берсе, анын жыйырма беши терс маанайлуу (негатив) жаңылык, калган жетиси маанай (позитив) көтөрүүчү маалымат. Керек болсо ошол жаңылыктарды берип жатканда дагы элдин маанайы, көңүлү эске алынбайт. Башкача айтканда, эптеп эле жаңылык болсо болду же акча төлөнгөн, буйрутма берүүлөр...

Кыргызстанда көрсөтүлүп жаткан берүүлөрдүн таалим-тарбиялык, адеп-ахлактык жагына кайсыл мамлекеттик өкүлчүлүк, кайсыл бийлик көзөмөл жүргүшү керек? Же мамлекетке, мамлекеттин башында олтурган жетекчилерге коомдун, тектин тазалыгы, адеби маанилүү эмеспи?...

Мына ушундай кырдаалда көөнө кыргыздын маданиятын, салт-санаасын, искусствосун жаш муунга, келечек муунга тааныштырууда, элге жеткирүүдө жаңыдан ачылып, жаңы түптөлүп жатса дагы «Санат» телерадио компаниясы мактоого таатырлык теле берүүлөрдү алып чыгып, элдин жүрөгүнөн түнөк табып, жолун туура тандады деп толук айтууга негиз бар. Анткени «сыры кетсе дагы, сыны кетпеген» советтик мезгилдеги тартылган кыргыз кинолорун, ыр-күүлөрүн, санат-насаат дастандарын, сөз өнөрүн, азыркы замандын залкарларын, рух дүйнөнү (музыка, тарых, сүрөт, көркөм өнөр) чагылдырган, адамзатты мээримдүүлүккө, боорукерликке, адамгерчиликке, таанып-билүүчүлүккө, кесипке багыттаган көрсөтүүлөрдү алып чыгарышы, массалык-маалымат каражаттарынын тепсесинде калган көрүүчүлөрдүн аруу дүйнөлөрүн тазалаганга көмөгүн берип жатат. Ошондуктан боорун жерден жаңы гана көтөрүп, өз киндигин өзү кесип келе жаткан Санат ТВ, Билим ТВга окшогон телеканалдарга ар тараптан колдоолорду көрсөтүп, жардамыбызды аябашыбыз керек. Тетирисинче, социалдык пакеттерди бербей, бут тоскондугубуз, айрым аткаминерлерге абийир алып келбейт. Урматтуу окурман, сиз, биздин ордубузга татыктуу муундун келишин каалайсызбы, анда аларга шарт түзүп берели! Түзгөнгө мүмкүнчүлүгүбүз жетпейби, тоскоол болбойлу!

Урматтуу замандаш, жыйынтыктап айтканда, гезит-журнал окуганда, радио укканда, телевизор көргөндө, сөзсүз түрдө, анын пайдалуу жана зыяндуу жагына көңүл буруп, иргеп көргөндү өздөштүрөлү. Себеби азыр көп билинбегени менен качандыр бир убакта кеч болуп каларын дагы унутпайлы. Миңдеген жылдар, ондогон кылымдар бою өзүнүн нарк-насилин, каада-салттын, эң негизгиси өзүнүн улутун, элдигин жоготпой келген кыргыз эли «ниети жаман төрт бурчтуу ящиктин» чырмооктой чырмалган, тамыры жок чапталган бузук ойлорунун курмандыгы болуп калбасак экен деген гана ойду айткыбыз келди...

Улуттук мурастарды сактап калуу, аны жайылтуу, дүйнөгө даңазалоодо радио-телевизордун, гезиттин күчү теңдешсиз экендигин эч ким тана албайт. Ошол эле учурда талкалоочу чоң күч экендигин дагы эскерткибиз келет.

Капалбаев Октябрь

тарых илимдеринин кандидаты, доцент

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

Эрдиги жана эрки күчтүү Эркин эже

Ой – акылдын үрөнү

X
Для размещения комментария авторизуйтесь
АКИpress. Новости Кыргызстана, которые интересуют всех.
Закрыть
X
Для размещения комментария авторизуйтесь