Добавить статью
16:00, 3 мая 2025 12

Салык төлөмдөрү...

Салык салуунун жөндөмдөрү бөюнча талкуу дагы эле күн тартибинен алына элек. Себеби бир пикир кабыл алынбагандыгында.

Акыркы 3 жылга чейин 30 жыл аралыгында мамлекетте салыктар боюнча бир да маселе олуттуу талкууланбаптыр. Жалаң гана сырттан келген насыялар, гранттар кызыктырып калган. Пендечилик кызыгуулар анын натыйжалуу пайдасын азайтып салгансыйт...

Асмандагы жылдыздарды биз канчалык караган сайын байкоочудан алар ошончолук алыстайт. Айрым жылдыздардын жарыгы жерге 14 миллиард жылда жеткен. Планеталардын жарыгы өткөн доорлорду бүгүнкү күнгө алып келгенби? Аалам кеңейип, биз көрүп турган жылдыздар бизден алыстап баратканын илимий эсептөөлөр далилдөөдө Кайсы бир убакта жылдыздары жок асманды көрүп калабызбы?

Каалаган нерсенин баарына жетүү кыйын болсо да максаттарга жетүүнүн жолдору табылат деп ишенебиз. Ж.М.Кейнстин теориясы боюнча, мамлекет салык аркылуу, экономикалык иш жүргүзгөн субъекттердин ишине кийлигише алат. Дүйнөлүк экономиканын негизги кыймылдаткыч күчтөрүнүн бири дал ушул салык тутуму, кимдер аны менен эсептешпесе, алардын жеке күйүтү.

Белгилүү каракчы Аль Капоне жакырчылыкта күн көрүп жүрүп, мыйзамсыз жолдор менен байыйт. Эч ким аны колго түшүрө алган эмес. Бирок салык төлөбөгөн деген күнөө тагылып, колго түшүрүлгөн. Мыйзам менен ыймандан эч ким качып кутула албайт. Бизде да мындай тарых орун алып келди.

Салык чогултуунун алгылыктуу стилин түзө алабызбы же мурдагы бойдон калабы? Салык алуунун математикалык моделин түзө алсак, анда маселе чечилет. Астрофизиктер күнгө жакын жайгашкан МЕРКУРИЙ планетасы 10 000 жылда бир жолу 1 градуска кыйшайып айланарын математикалык теңдемелер аркылуу эсептеп чыгарышкан. Космосту эсептегенге караганда канча салык алуу керек экенин эсептеп чыгуу оңой. Экономисттер, финансисттер, жадагалса математиктер жооп табуулары тийиш.

Мен Москвадан мындай эсептөөлөрдү жүргүзө ала турган мигрант кызды жолуктурганымды жазгам. Тилекке каршы андай таланттуу жаштарды мамлекеттик кызматтардан көрө элекпиз же биз көрбөй жатабыз. Түркияда мамлекеттик кызматка алууда компьютер аркылуу IQ аныктагандан кийин кызматка алынат. А түгүл Эрдоган да электроникага баш бармагын койгон дешет. Бармактагы издер аркылуу интеллектини аныкташат экен. Бул метод менен мыктылардын мыктыларын тандап алууга шарт түзүлөт.

Анткени кызматтык милдеттерин аткара албай министрлер, акимдер кызматынан бошоп калууда. Өткөндөгү макалада салык салуунун Калифорниялык жөндөмү тууралуу жазганбыз. Бул штатта соода кылган ар бир адам товардын көлөмүнө жараша салык төлөйт. Акчаң аз болсо салык төлөбөйсүң деген сыяктуу чектөө жок. Калифорниялыктар үчүн салык төлөө оорчулук жаратпайт. Бир аз эле «түкүрүп» кетишет. Биздин эл деле муну эбак аныктаган, ошондуктан «көп түкүрсө көл боло» деп айтышкан.

Америкада ар бир адам салык төлөйт. Жаран чет мамлекетте жүрсө да салык төлөөгө милдеттүү.

‌Биздин жарандар соода жүргүзүү жараянында салык төлөөнү жүргүзө алышабы, акчалары жетиштүүбү деген суроолор жаралбай койбойт. Кеп салыктын минималдуу өлчөмдөрү жөнүндө жүрүүдө.

СССРдин убагындагы төлөмдөргө бир аз көз жүгүртүп көрөлү. Шаардык транспортто жүрүү 5 тыйын, облустун борборунан ал кездеги Фрунзеге ЯК-40 учагы менен учуп келүү 14 рубль, такси шаар ичинде 1 рубль, ширеңке 1 тыйын, Кара-Кече көмүрүнүн тоннасы 14 рубль болсо, студент минималдуу 30 тыйынга түшкү тамак ичкен. Бензин кымбаттагандан кийин литри 2 рубль 50 тыйынды түзгөн. Статистиканы карасаңар мындан да укмуш арзандоолорду табасыңар.

Табы жогору, абаны өтө булгабаган көмүр Кузбастан темир жол аркылуу ташылып турган. Коңшудан көмүр ала баштагандан бери Бишкектин үстүн кара көө каптоодо. Андагы завод, фабрикалар эмне болуп жоюлуп кетти? Ач көздүктүн вирустары жайылдыбы?

Биз алган билимдер дайым эле толук боло бербейт окшойт. Анткени коомго таасир берип жаткан бардык факторлорду биле бербейбиз. Жыйынтыктап айтсак, салык алуунун Калифорниялык методуна өтө алабызбы деген суроо туулду. Демек ар бир адам соода жүргүзүп жатканда алган товарынын санына карата минималдуу салык төлөмүн жүргүзөт. Ал көп болуп калбайбы деген суроону коюп көрсөк, көп деле болбой тургандыгы айкындалат. Ал үчүн рынокто бааларды суроо-талапка жараша туруктуу кармоо аркылуу кардардын салык төлөө мүмкүнчүлүгүнө жол ачуу талап кылынат. Эгерде баалар аукциондогудай өтө эле көтөрүлө берсе, салык алууда кардардын укуктары тепселенет.

Салыктар СССрдин убагындагы төлөмдөрдөй бир аз өлчөмдө болсо, ар бир жаран салык төлөөдөн качпайт. Ал кезде республикалык гезиттердин баасы ашып кетсе 3 тыйын, журналдар 10 тыйынга сатылган. Арзан болгондуктан гезит-журналдарга жазылгандар көп болуп, басып чыгарууда субсидия талап кылынган эмес. Кытай биржада юандын ставкасын төмөндөтүү менен өздөрүнүн товарларын өткөрүүдө атаандаштыкка чыдамдуу кылууда. Валюта рыногунда юанды көп сатып ала баштагандыктан долларга ыңгайсыздыктар жаралды. Бизде да товарларды арзандатуу менен кардарга оорчулук келтирбеген салык төлөмдөрүн алып, жөнгө салууга болот. Азырынча гипотеза. Бар болгону кассалык аппараттарды толугу менен ишке киргизүү талап кылынат, себеби канча салык төлөмү түшкөнүн аныктоо керек. Аны менен бирге сооданын өзүнүн да көлөмү ачыкталат.

Бара-бара кассалык аппараттын да кереги жок болуп калчудай. Анткени жасалма акыл аркылуу соодадагы алгоритимди үйрөнгөндөн кийин нейросет кимдин канча акча таап жатканын аныктай алат.

Мен жакында интернетте отуруп нейросет менен диалогго түшүп калганымды өзүм билбей калдым. Ал менин статусумду аныктап, ички дүйнөмө кире баштаганда чочуп калдым. Бирок ал «Азамат» бизге көп нерселерди ачып берет окшойт.

Тааныш студенттен жасалма акыл аркылуу мыйзам чыгарууга болобу деп сурап калдым. Ал мени толугу менен кубаттап, эң сонун боло тургандыгын, бир нече вариантты салыштырып чыгып, өзүнүкүн да кошуп жазарын айтты. Андай болсо, парламентте толук өзгөрүүлөр күтүлөт. Партияларды жоюп ийүүнүн кажети жок. Сандык өзгөрүүлөргө баруу ыктымал. Жасалма интеллект жардамга келсе, сапаттуу мыйзамдар басылбай койбойт.

Ушул эле суроону профессионал айти технологдон сурасам: «Адамдан өткөн акыл жок» деп күлө жооп берди. Мен кайра дагы жасалма акыл жазган мыйзамдар академиялык мүнөзгө ээ болуп жүрбөсүн, ал жакшыраак да дегенимде, ал баары бир адамдын акылы жакшы деди. Шаблонсуз жооп алгандан кийин өзүмө келип, тынчтана түштүм. Мындай түз жоопту азыр эч кимден уга элекмин.

Жасалма интеллект күндүн негизги темасы болууда. Студенттен жасалма интеллект адамдарга коркунуч түзөбү деп сураганымда, азыр коркунуч түзбөйт деди. Бирок жасалма интеллект адам сыяктуу өз алдынча болуп кетсе, коркунуч жаратышы мүмкүн экендигин айтты.

Австралиялык окумуштуулар азыркы тапта кванттык компьютерди чыгарууга белсенишип, жасалма алмаздан өткөргүч бүртүкчөлөрү даярдалууда. Бул компьютер чыкса, адамзат 300 миллион жылда жетчү нерселер секунддардын бир үлүшүндө ишке ашат делүүдө. Жакынкы он жыл аралыгында прогресс адамзатты мурда болуп көрбөгөндөй өзгөртүп салышы мүмкүн.

Калифорнияда бизнес кылуунун алгылыктуу жактары бар. Ишкерлерге банктар каалаган өлчөмдө үстөгү жок насыяларды бир жылдык мөөнөткө берет. Клиенттерди көп тарткандыктан банктар жандуу иш алып барат. Бизде банктар пайыздары жогору болгондуктан акча айлантуу жай, акчалар топтолуп тура берсе, экономикалык пайдасы аз. Кардардан комиссия кармап отурушат. Топтогон акчаларын тойлорго жумшап, тойду жарнама кылгандар бар. Канчалык той көп болсо, алардын товарлары ошончолук көп сатылат. Жөнөкөй адамдар тойду жарнама кылгандарды туурап, жакырдануу болорун түшүнө беришпейт.

Соода жүргүзүү адамдарга кыйынчылык келтирбегендей жүрсө, рыноктук мамилелер түзүлөт. «Тесло» компаниясы 42 000 долларлык унааларын 8000 долларга арзандатып сатууда. Электромобиль алгандарга дагы 8000 долларлык төмөндөтүүлөр бар. Арзандатуу жасабаса, компания товарларын өткөрө албай, башка компаниялар озуп чыгат. Атаандаштык компромис жаратууда. Албетте саясий атаандаштык эмес, андай болгондо иш чатакка айланышы мүмкүн. Аукцион жогору көтөрүлбөстөн, ылдыйды карай өсүүдө. Рыноктук карым-катыш саясатты сүйө бербейт. Бардык нерсенин чеги бардай туюлат. Бир чектен экинчи чекке өтүү туңгуюктарга алып келбейби? Кванттык механика Энштейндин космологиялык теориясына дал келбей калгандан кийин белгисиздик теориясы пайда болду.

Мындан беш жыл мурда 250 грамм оливка майы 80 сом турса, азыр 600 сомго чыкты. Баалардын жогорулашы бир тараптуу ээлик кылуудан чыгып жаткан болсо, инфляциянын монополиялык негизден жаралып жатканын белгилесек болот. Кымбаттоодон улам товар көпкө чейин туруп калса, экономикада төмөнкү категориядагы товар катары каралат.

Китеп саткан айым бир баалуу деген китеби 10 жыл тургандан кийин сатылганын айтып мактанды. Сатуучу 10 жылда бир китебин өткөрүш үчүн дүкөнүндө отурса, ал канча пайда көрөт? Эгер бензиндин баасы өтө жогорулап кетип, бир ай сатылбай токтоп калса, дүнүйөлүк экономика урап түшөт. Акула дайыма куйругун кыймылдатып турбаса, бакалоору жабылып, дем ала албай өлөт. Экономика дал ушул сыяктуу соодадагы тынымсыз кыймыл-аракеттерге негизделгендиктен, консьюмеризм деген түшүнүк пайда болгон. Нормадан жогору ашыкча керектөөлөр, керектөөчүлөрдүн укуктарынын корголушу бүгүнкү күндө экономиканы кыймылдаткан «куйруктардын» бири десек жаңылышпайбыз.

Товарлардын чет жакта ашыкча көп чыгарылышы Кыргыз мамлекетин да камсыз кылып жатат, консьюмеризм кардардын укуктарын коргоону, бааларды төмөндөтүүнү да камтыйт. Тарифтик тоскоолдуктарды жаратуу бүткүл мамлекеттерди дүрбөлөңгө салды. «Акулалардын» куйругун кесүү дүнүйөлүк экономиканы бушайманга салчудай.

Биздин мамлекетке салык салууну толук финансылык реформасын, жаңылоо методдорун жургүзүүгө туура келет, биз муну Калифорниялык жөндөм деп атадык. Демек кардар соода кылып жатканда минималдуу салыгын төлөйт. Салык активдери кайра эле кардардын жашоо-турмушун оңдоого жумшалып, социалдык фондуну жакшыртууну көздөмөк.

Мен бул статьяны жазып бүткөндө, салык тутуму кайрадан патентке өткөнү белгилүү болду. Ар кандай тоскоол жасоодон улам салык тутумун иштеп чыгуу кармалып турат. Айрым чоң дүкөндөр эң сонун эле ККМ аппараттары менен иштөөдө, бирок алардын филиалдары (базарлар ж.б. соода точкалары) аппарат колдонуудан баш тартышты. Ээлик кылган тараптар бир жагын мыйзамдуу кылып, бир жагынан кымтып коюудабы? Шектенүүлөр жаралбас үчүн товар ээси башка тарапка товарын сатып же өткөрүп берип жаткан болсо, акт кагазы жазылып, товардын көлөмү, баасы такталып, адресаты көрсөтүлсө, Салык кызматы товардын агымын көзөмөлдөй алат. ККМ да колдонбой койсо болот, себеби товардын сандык көрсөткүчү белгилүү болгондон кийин салыкты так аныктоого мүмкүнчүлүк жаралат. Бул патентке караганда жакшыраак жана тагыраак. Өлкөгө сырттан кирген товарлар боюнча сөзсүз ТТН колдонулат, ансыз товарлар кайдан жана канча кирип жатканын кантип билебиз? Кытайдан кирген товарлардын декларациясы бар. Анда жүктүн көлөмү, баасы товардын коду көрсөтүлгөн. Ээлик кылгандар канча жүк киргизгени көрүнүп эле турат.

Нефть продуктуларына ТТН колдонобуз, майда-барат товарларга ТТН колдонбойбуз деген да туура эмес. Ал майда-барат товарлар Кытайдан киргенде ТН ВЭД атайын товардык код менен класификацияланат. Салык товардын майда экенине карабастан товардык номенклатура аркылуу бөлүнүп, өздөрүнө тиешелүү коддорго ээ. Базардагы соода кылгандарга товарынын номенклатурасына карап, салык төлөмдөрүн белгилесе, эсептегенге жеңил болоору айгине. Кытай соодагерлери бир тыйын болсо да күрөшүп, майда-барат делген товарлардан акча чогултууда. Биз эмне үчүн антпейбиз? Ал майда көрүнгөн товарларды биз өзүбүз чыгарып иштемейин, саясатка маталып калуу коркунучу бар. Адамдар бардыгы толук жумуш орду менен камсыз болуп, мээлер ар тараптуу иштей баштаганда гана чыныгы мамлекеттик түзүлүшкө ээ болобуз.

Бекбосун Байтин
Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

24-10-2025
Швеция — сарамжалдуу экономика
31

15-01-2023
Алтынга айланган таштандылар
132309

22-02-2021
Импичмент
12285

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×