Бишкек шаарынын Кыргыз Фондулук Биржасына караштуу пресс клубунда микро финансы уюмдары жөнүндөгү көптөгөн маселелер кийинки күндөрү пайда болгондугун байланыштуу. Микрофинансы рыногунун өкүлдөрү менен экономикалык журналисттери бул сектордун учурдагы абалы жана келечеги жөнүндө талкуу болуп өттү.
Жолугушууда микрофинансы Ассоциация мүчөлөрү менен, атап айтканда “ Бай түшүм жана Өнөктөштөр”, “Компаньон” жана “ Финка” уюмдарынын жооптуу кызматкерлери жана Эл аралык кызматташтыктын Германия коомунун көз карандысыз эксперти Райнер Шлива республикадагы микрофинансы секторундагы жетишкендиктерге жана айрым кемчиликтерине токтолушту. Ошону менен бирге Микрокредиттөө мааниси жөнүндө калк арасында жетишсиз маалымат болгондуктан обьективдүү эмес маалыматтар жайылгандыгын белгилешти.
Азыркы учурда микрофинансы сектору жакырчылыкты кыскартууда маанилүү роль ойноодо жана финансы кызматтарын көрсөтүүдө калкты кеңири тартууга өбөлгө болду. Бул болсо өз кезегинде жаңы жумушчу орундарын түзүүгө жана калктын иш менен камсыз болуусуна ошону менен бирге жүз миңдеген үй бүлөлөрдүн турмуш жыргалчылык деңгээлин жакшыртууга болду деп билдирди “Бай түшүм жана Өнөктөштөр” микрокредиттик компаниянын башкы менеджеринин орун басары Нургүл Төрөбаева
Кыргыз Республикасында микро финансы сектору өлкөнүн экономикасына байкаларлык ресурстарды тартып келүүгө мүмкүн болду.Микро финансы активдеринин өсүшү 2005-жылдын аягында 4,6 млрд сомдон баштап 2010-жылдын аягында 16,9 млрд сомго чейин өстү. Бул негизинен финансы-кредиттик мекемелердин банктык эмес капиталын көбөйтүү эсебинен камсыз болду .
Республикада микрофинансы сектору 409 микрофинансылык уюмдан турат, анын ичинен 4 микрофинансылык кампания,289 микрокредитик компания,116 микрокредиттик агенттик жана 210 кредиттик союздар иштөөдө. Кошумча белгилеп кетүүчү нерсе айрым коммерциялык банктар дагы микрофинансы боюнча кызматтарды да көрсөтүшөт.. Аталган мекемелер тарабынан тейленүүчү кардарлар саны 500 миңден ашуун кыргызстандыктар түзөт.
Кийинки учурларда эң маанилүү болуп микрофинансылоону ишке ашыруучу уюмдардын жалпы саны гана өспөстөн алардын кредиттик портфели да көбөйүүдө.
Келечекте микрофинансы секторун өнүктүрүүнүн башкы багыты айыл жергесинде кошумча жумуш орундарын, айрыча ишкердикти өнүктүрү, жеке бизнесин өнүктүрүү үчүн Кыргызстан элине финансы кызматтарын жеткиликтүүлүк жана сапаттуу тейлөөнү камсыз кылуу болуп саналат.