Добавить статью
9:29, 14 июля 2011 46711

Ысык-Көлдүн экологиялык абалы же туризм кантип өнүгөт?

Туризм боюнча кызмат көрсөтүү азыркы мезгилде көптөгөн мамлекеттердин экономикасына сезилерлик каражат алып келген негизги тармактардан болууда. Кыргызстан үчүн дагы туризм жана курорттук рекреациялык кызмат көрсөтүү тармагынын мааниси чоң, ошол эле мезгилде жаратылышка аяр мамилени анын тең салмактуулугун бузбоону талап кылат. Кыргызстандын туризм боюнча атын алыска чыгарган аймагы болуп Ысык-Көл өрөөнү эсептелет.

Ысык-Көл жалпы элдин ырыскысына жаралган. Табият эне бизге берешендик менен тартуулаган ыйык белеги болуп саналат. Туш тарабы ак карлуу тоолор менен курчалып, суусу кышында тоңбогон, берметтей тунук көлүбүзгө суктанбаган жан жоктур дейм .

Кандай гана таланттуу адамдардын жан дүйнөсүнүн түпкүрүндөгү сезимин ойготуп, сүйүктүү көлгө арналган канчалаган чыгармаларды жаратууга эргүү берген. Далай акындар дилиндеги эң тунук сезимдерин касиеттүү көлүбүзгө арнаган. Ага өз мезгилинин нускоочу, ойчул акын Калыгул бабабыздын төмөнкү ыр саптары күбө:

Ысык-Көл бейиштин эшиги,

Суу сайын нарын табак эти бар,

Жай болуп катыра ысыгы жок,

Кыш болуп кашкая суугу жок,

Ат жеткен жерде мындан арткан кызыгы жок.

Мактанып жер жетээрби,

Адам мындан кетээрби

Ысык-Көлдөн чыкпаңар, балдар! –деп айткан экен.

Кийинки кездерде көлдү кандай күтүп жатабыз деген маселеге келе турган болсок азыркы экологиялык абалы тууралуу атайын адистер маалыматтары тегерегинде ой жүгүртсөк.

Бүгүнкү күндө ыйык Ысык -Көлдүн экологиялык абалы тууралуу сөз кылганда бир топ олуттуу көйгөйлөр бар экендигин моюнга алуу керек. Көлдүн суусунун жыл сайын тартылып, алыстап баратышы бизди тынчсыздандырбай койбойт. Атап айтканда, көл жээгин бойлой ээлеген пансионаттар саны өскөнү менен, аларды бийик-бийик дубалдар менен курчалып, көлүбүздүн көркүн арттырмак турсун, көлдүн кунарын бузгансыйт. Кыргызстандагы коомдук палатанын эксперттери Ысык –Көлдүн экологиялык абалына тынсыздангандыктары 24.kg маалымат агенттигинин басма сөз кызматына билдиришкен. Коомдук палатанын маалыматтары боюнча Ысык-Көлгө жана жээктерге таштандылар олуттуу коркунуч келтирүүдө. «Мисалы бир дагы өрөөндүн бир дагы калктуу конушунда азыркы учур талаптарына жооп берүүчү канализациялык система жок. Балыкчы, Чолпон-Ата, Каракол шаарларында канализациялык система тазалоо станцияларына эмес насостук режимде иштейт. Электр энергиясы өчүп калса насостор толук режимде иштебейт.

Турмуш -тиричилик, коммуналдык агынды суулар (кир суулар кошулган агындылар) көлдүн экологиялык абалына бир кыйла терс таасирин тийгизүүдө. Калктын синтетикалык кир жуучу каражаттарды көп пайдалангандыктан, ал суулар жаратылышта узак убакыт бою зыяндуулугун сактап калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ деп белгилешет коомдук палата эксперттери.

Борбор Азия чөлкөмдүк экология борборунун менеджери, профессор Эмил Шүкүровдун эсептөөсү боюнча, күн сайын Ысык-Көлгө 35 миң куб/метрдей ар кандай суюктуктардын аралашмасы куюлуп турат, ал болсо жылына 12 млн куб/метрден ашык суюктукту түзөт.

Эксперттин айтымында, Ысык-Көлдүн жээгиндеги курулуштар жагында эрежелерди бузуулар абдан көп кездешүүдө. «Ысык-Көлдүн эстетикалык ажары менен экологиялык жактан тазалыгы начарлоодо. Бүгүнкү күндө көл жээгиндеги кумдуу күнөстөн (пляждан) 50 метр алыс аралыкта үй курууга уруксат берилет, ал эми совет мезгилинде имараттар эң кеминде 200 метр алыс аралыкта курулчу» - дейт Коомдук палатанын эксперти.

Мындан тышкары, көлгө куйган тоо дайраларын чарбалык кызыкчылык үчүн пайдалануу жагын кескин түрдө токтотуу зарыл. Ал эми алардын айыл чарбасынын түшүмдүүлүгүн арттыруу максатында айдоо талааларында чачылган, атап айтканда себилген химиялык заттарга каныгышы көлгө куюлган суунун курамын өзгөртүп, көлдү жараксыз кылышы мүмкүн экендигин да баса белгилөөгө болот дейт окумуштуу.

Бензин, дизелдик отун менен иштеген сууда жүрүүчү транспорт каражаттарынынын көбөйүшү менен Ысык-Көлдүн экологиялык системасына терс таасирин тийгизүүдө. Алардын көпчүлүгү бузук абалында иштетилгендиктен жана колдорунда лицензиясы жок болуу менен бирге, айрым учурларда эс алуучулардын кээ бирлери өлүмгө кириптер болгон учурлар бар. Скутерлер менен моторлуу кайыктар көлдүн абдан эле булганышына олуттуу таасир тийгизүүдө. Ысык-Көл облусунда атайын май куюучу станциялар жок болгондуктан ушул аталган транспорт каражаттары көлдүн жээгиндеги бочкаларга куюлган майды шланга аркылуу куюп, айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизет. Ушундан улам кыймылдаткычы бар жана эскилиги жеткен сууда жүрүүчү каражаттарга тыюу салуу сунушталганы менен, ал деле ишке ашпай келүүдө. Көлгө евростандартка ылайык келген заманбап сууда жүрүүчү транспорт каражаттарын пайдалануу мезгил талабы болууга тийиш, себеби көлгө келген эс алуучуларга, ат арытып чет жактан келген туристтерге жогорку деңгээлдеги тейлөө кызматынын сервисин көрсөткөнгө эмнеге болбосун дегиң келет.

Макала соңунда көлдүн келечегине, эртенки абалына азыртадан тийиштүү деңгээлде кам көрбөсөк эртең эле экинчи Аралга айланбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Андыктан касиетттүү Ысык-Көл келечегине кечиктирилгис кам көрүү керек. Ал үчүн Ысык-Көлдү коргоо коому тарабынанбы же эл аралык деңгээлде тышкы инвестицияларды тартуу мененби же марофон өткөрүүлөр менен көлдүн абалына көңүл буруу менен аз-аздап кичинеден алгылыктуу иштерди жасоого болот. Ал үчүн жөн гана айтып тим болбостон иш жүзүндө иш аракеттер ишке ашырылуусу абзел. Ысык-Көлдү тегерете бак-дарак, гүл отургузуп жашылдандыруу менен көрктөндүрүү ишин колго алса эмнеге болбосун дегим келет.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

11-11-2016
Канткенде өспүрүм кыздарга болгон зордук-зомбулукту токтотобуз?..
107693

30-10-2014
Бюджеттик угууга катышуу – айыл аймагынын турмушун жакшыртууга өбөлгө
104093

17-09-2014
Инвесторлор менен жергиликтүү калк ортосундагы чыр-чатактардын күңгөйү менен тескейи (уландысы)
81709

16-09-2014
Инвесторлор менен жергиликтүү калк ортосундагы чыр-чатактардын күңгөйү менен тескейи
85517

28-04-2014
Кино өнөрүнүн классигинин тасмалары жөнүндө ракурс
84115

20-11-2013

Ооба, булар Кудайдын эрке балдары

Ооба, булар, ооба, булар, эркелер...

81361

24-09-2013
Инвесторлор менен кандайча иштешибиз керек?
101760

29-04-2013
Бюджет ачыктыгы – экономикалык өсүшкө өбөлгө
72463

29-04-2013
Ачык мамлекеттик сатып алуулар — коррупцияга каршы кадам
62764

26-04-2013
Инвесторлор менен кандайча иштешибиз керек?
82844

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×