Добавить статью
5:29, 27 июля 2011 32011

Түшүндүрмө

Менин сиздерге сунуштап жаткан бул мамлекеттик түзүлүштүн түзүмү ушул долбоордо кенен-кесир жана ачык-айкын түшүнүктүү болуп жазылып берилди деп ойлойм. Бирок ошондой болсо дагы мен сиздерге өзүмдүн оюмду жөнөкөй кара сөз менен түшүндүрүүгө аракет жасап көрөйүн. Бул мамлекеттик түзүлүштөн бардыгыбыз тең көнүп калган жана менин жеке ой-пикирим боюнча кыргыз элинин көпчүлүгүнө жек көрүндү болуп бүткөн президенттик, жогорку кеңештик, конституциялык сот жана алар менен кошо коопсуздук кеңеш, райондук ( аймактык ), областтык ( дубандык ) аттуу түзүмдөр алынып салынды. Эмне үчүн? Анткени мамлекетти башкаруу эмес, ал убак эчак эле өтүп кеткен, биз азыр 21-кылымда жашап жатабыз, мамлекеттик иштерди аткаруу керек, ошондуктан мамлекеттин ( элдин ) ар кандай деңгээлдеги кызматчылары мамлекеттик иштерди чын ниети менен таза жана калыс аткаруучулары болуулары ти-йиш деп айтсак туура болот деп ойлойм. Өлкөдө мамлекеттик иштерди алып барган жана аткарган, ошондой эле жалпы кыргыз эли үчүн кызмат кылган түзүмдөр булар, үстүртөн бирөөнүн кийлигишүүсүзү жок эле жергиликтүү өзүнүн ишин өзү алып барып жана ошол жергиликтүү айыл-шаарлардын элинин гана кызматын аткарган айылдык жана шаардык өкмөттөр жана ошндой эле жалпы кыргыз мамлекетинин ишин алып барган жана жалпы кыргыз элинин кызматын аткарган кыргыз өкмөтү гана болуусу керек деп эсептейм.

Айылдын, шаардын өкмөт башчылары акимге, губернаторго, президентке жана жогор-ку кеңешке көз каранды болбой, өзү жашаган айылдын жана шаардын элине гана көз каранды болушу керек, ошондо гана алар өзүлөрүнүн эли үчүн таза, так жана жакшы кызмат кылып беришет. Ал үчүн алар эч кандай президенттин же болбосо жогорку кеңештин дайындоосузу эле же болбосо жергиликтүү кеңештердин шайлоосузу эле айылдын жана шаардын элинин гана шайлоосунан өтүүлөрү тийиш. Анткени эгерде аларды президент же болбосо жогорку кеңеш дайындаса, же болбосо жергиликтүү кеңештер дайындаса же шайласа анда алар ошолорго көз каранды болу-шуп, ошолордун айткандарын гана аткарууга мажбур болуу менен өзүлөрүнүн айыл-дарынын жана шаарларынын элдерине текебер, көңүл кош мамиле жасап калышат. Бул өз кезегинде айыл жана шаар өкмөт башчыларынын үстүнөн болгон айыл жана шаар калкынын көзөмөлүн жок кылууга алып келүү менен кошо, алардын айыл жана шаар калкынын алдында болгон жоопкерчилигин дагы жоготот. Ал эми ушундай терс көрүнүштөр өз кезегинде айыл жана шаарлардын казынасын, мүлкүн жана байлыкта- рын эсепсиз сарп кылууга, уурдого, талап-тоноого жана мамлекеттик кызматтарда пара-корчулуктун, кошоматчылыктын, таанышчылыктын, тууганчылыктын жана уруучулуктун күчөшүнө жана ошонун натыйжасында ар бир адамдын укуктарынын бузулуушуна алып келет. Кеңеш доорунда азыраак ал эми көз карандысыз өлкө болгон 20-жылдан ашуун мезгилден бери Кыргызстанда чындык,теңдик, эркиндик, калыстык жана адам укуктарын баалоо, бул жөнөкөй карапайым кедей-кембагал ишенчээк элди алдоо үчүн гана айтылган сөздөр, саясат деген сасык иш, заманың карышкыр болсо өзүң дагы карышкыр бол, карышкырды буту тамактандырат, калп айтпасаң оокат кыла албайсың элдик, мамлекеттик акча-каражатты, мүлктү, байлыктарды уурдабасаң, талап- тонобосоң бай болуп жакшы жашай албайсың деген сыяктуу көз караштар өмүр сүрүп келе жатат. Ушундай адамдык сапаттарга ылайык келбеген жат терс көз караштар Кыргыз-станда ар кандай деңгээлдеги мамлекеттик кызматтардын кызматчыларынын мээлерине сиңип калган. Мамлекеттик кызматчылардын ушундай тескери жаман сапаттары кээ бир карапайым адамдардын арасына дагы жайылып кеткен. Ар кандай деңгээлдеги жогорку мамлекеттик кызматчылардын жүргүзгөн ушундай терс ишмердүүлүктөрү- нүн натыйжасында, алардын элдин эсебинен бай болуусуна ал эми жалпы карапайым калктын көпчүлүгүнүн жакырланышына алып келди. Заман карышкыр эмес ал эми саясат сасык иш эмес, анткени заманды айбан кылган, ал эми саясатты сасыткы кылган ошол эле өзүлөрүн жалпы карапайым элден өйдө коюп акылдуу көргөн, карышкыр, түлкү жана чөө сымал жырткыч айбан адамдар. Ошондуктан кыргызстанда ушул 20-жылдан ашуун мезгилден бери ар кандай деңгээлдеги мамлекеттик жогорку кызматчы-лар үчүн жана алардын партиялары үчүн гана кызмат кылып келген конституциялык түзүлүштү жоюп, анын ордуна ар кандай деңгээлдеги мамлекеттик жогорку кызматта-гы адамдардын үстүнөн жалпы карапайым эл өзү көзөмөл жүргүзгөн жана тескей ала турган конституциялык түзүлүштү түзүшүбүз керек деп эсептейм. Сиздерге сунушта-лып жаткан конституциялык долбоор ошондой талаптарга жооп берген мамлекеттик түзүлүштү чагылдырып турат деп ойлойм. Анткени биз кыргыздар көз карандысыз өл-кө болуп жашаган ушул 20-жылдан ашуун мезгилден бери өзүбүздүн туура багытыбыз-ды жана түз жолубузду таба албай келе жатабыз, аңгектен качсаң дөңгөккө дегендей. Бул үчүн жалпы карапайым кедей-кембагал кыргыз эли күнөөлүү эмес, кедей-кемба- гал кыргыздар жакшы эле дөңдөн түшүп түз жол менен кетели дешип, өтө эле ашыкча көөп кетишкен эки президентти, алардын үй-бүлөөлөрүн жана партияларын мамлекет- тик жогорку кызмат орундарынан кубалап чыгышты. Бул үчүн ушул 20-жылдан ашуун мезгилден бери кыргыз элин түз жолдон кайрып кайра-кайра паракорчулуктун, кошо-матчылыктын, тууганчылыктын, жердешчиликтин, таанышчылыктын, мамлекеттик (элдик ) акча-каражатты, мүлктү, кен-байлыктарды уурдоонун, талап-тоноонун кара балчык сазына тыгып келишкен, өзүлөрүн болсо ардайым биз эл башыбыз, мамлекет башыбыз деп эсептеп жүрүшкөн ар кандай деңгээлдеги жогорку мамлекеттик кызмат-тагы адамдар күнөөлүү. Азыркы кезде колдонулуп жаткан партиялык тизме боюнча түзүлгөн парламенттик конституция дагы кыргыз элине эч кандай жакшы жыйынтык алып келбейт деп эсептейм. Анткени жогорку деңгээлдеги мамлекеттик түзүмдөрдү кыскартпай туруп, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жаатына чыныгы эркиндик бербей туруп, административдик-территориалдык бөлүүнү жагын, сот, прокуратура, милиция, улуттук коопсуздук кызмат, куралдуу күчтөр, билим берүү, саламаттыкты сактоо,спорт, энергетика,байланыш, кен-байлыктарды өндүрүү жана кайра иштетүү тармактарында, эмгекчилерге бир айлык эмгек акыларынын, пенсия-пособиелердин деңгээлин көтөрүп жана аларды өз убагында төлөп туруу жана башка дагы системаларда реформа жүргүз-бөй туруп жөн эле мамлекетти башкаруу жаатындагы маанилүү ыйгарым укуктарды президенттен алып партияларга берип коюу эч кандай жакшы натыйжа бербейт. Мурун президенттер үй-бүлөөлөрүн, туугандарын, жакындарын ар кандай мамлекеттик жогор-ку кызматтарга коюп, мамлекеттик маанилүү көп киреше алып келип турган тармактар-ды көзөмөлдөп келишсе, ал эми азыр болсо партиялар өзүлөрүнүн партиялаштарын, жакындарын ар кандай жогорку мамлекеттик кызмттарга коюшуп, мамлекеттик мани- лүү көп киреше алып келе турган тармактарды бөлүштүрүп алышып көзөмөлдөп ка-лышты. Бул жерде көрүнүп тургандай мамлекеттик иштерди аткаруу жаатындагы сис-тема эч бир өзгөргөн жок, болгону кээ бир мамлекетти башкаруу жаатындагы манилүү ыйгарым укуктар, кыскартып айтканда бийлик партиялардан турган парламенттке өтүп кеткен, болгон өзгөрүү же болбосо өткөрүлгөн реформа ушул гана. Ошондуктан мамлекеттик системаны кыргызчалатып айтканда мамлекеттик түзүлүштү түбүнөн баштап, өзгөртүшүбүз керек, ошондо гана биз кыргызстанда реформа жүрдү деп айтсак болот. Ага чейин кыргызстанда кыргыз элинин көзүн боөмолоо гана жүрүп жатат деп айтсак туура болот.Кыргыз мамлекети кичине жана чакан болгондуктан кыргыз мамлекетинин ишин алып баруу жана аткаруу жагы дагы чакан болуусу тийиш.Эч нерсеге жооп бер- беген президенттик түзүм алып барган иштерди, жалпы эл тарабынан шайланган кыргыз өлкөсүнүн өкмөт башчысы деле өзүнүн чакан өкмөтү менен аткара алат.Ал эми мыйзам чыгаруу иши үчүн, жалпы карапайым кыргыз элинин бир айлык эмгек акыла- рынын, карылардын пенсияларынын жана майыптардын, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн пособиелеринин деңгээли аябай эле кичине болуп кыйналышып жаткан мезгилде, үй-лөрү, автоунаалары, жардамчылары, төрагасы сакчылары менен, жүздөгөн адамдардан турган аппараты жалпы кыргыз элинин эсебинен каржыланган, бир айлык эмгек акы- ларынын деңгээли 25-30 миң сомду түзүп 120 депутаттан турган килейген жогорку ке- ңеш эмес, жалпы кыргыз эли тарабынан шайланып такай мыйзам чыгаруу иши менен гана алек болуп, 8 адамдан жана алардын 3-4 жардамчыларынан турган мыйзам чыга-руу кеңеши жетиштүү болот эле деп эсептейм. Конституциялык мыйзамдарга туура келбеген иштерди жылына 2-3 жолу гана караган, ошол эле убакта президенттердин мыйзамсыз иштерин конституцияга ылайыкташтырып берип турган конституциялык сот түзүмүнүн ордуна, жалпы эл тарабынан шайланган жогорку сот конституцияга тие- шелүү иштерди деле караса болот. Коопсуздук кеңешинин өзүнчө түзүм болуусунун ке- реги жок деп ойлойм. Анткени өлкөдө ички жана тышкы коопсуздукту сактап туруу үчүн улуттук коопсуздук кызматы, ички иштер кызматы жана кыргыз куралдуу күчтөрү бар. Алардын жетекчилери коопсуздук маселелери боюнча маалыматтарды күн сайын кыргыз өлкөсүнүн өкмөт башчысына берип туруулары тийиш. Ал эми өкмөт башчы өз кезегинде керек болгон учурда ар кандай иш-чараларды көрүп, үч айда бир жолу чогу- луп турчу Кыргыз Элдик Курултайдын мүчөлөрүнө маалымат жообун берип турат. Областтык жана райондук администрациялар жалпы элдин акча-каражатынын бир то- бун сарпташып,бирок ошол эле убакта мамлекетке пайдасы тийбеген кайтарымы аз, маалыматты алып кайра берип туруу болгон ортомчулук иштерди гана аткарып калышты. Мисалы; Райондук администрация районго тиешелүү ар бир айыл өкмөттөрүнөн,айыл өкмөттө баланча гектар жерге баланча буудай, картөшкө, кызылча, пахта жана башка-лар айдалды, жыйналды, баланча миң баш малыбыз бар деп берген маалматтарды ко-шуп жана жыйынтыктап туруп областтык администрацияга жөнөтөт. Областтык администрация болсо өз кезегинде ошол эле маалыматтарды кошуп жана жыйынтыктап туруп кыргыз республикасынын өкмөтүнө, областта баланча буудай, картөшкө, кызылча, пахта жана башкалар айдалды, жыйналды, баланча миң баш мал бар, адамдардын саны баланча миң же болбосо миллион деген сыяктуу маалыматтарды гана берип турат. Мурунку кеңеш доорундагыдай дыйкандарды үрөөн, айыл-чарба техникалары жана те-тиктери менен ал эми малчыларга болсо сарай куруп берип жана жем-чөп менен камсыз кылып берип турушпайт. Азыркы убакытта кыргызстанда дыйкандар, малчылар, жу- мушчулар, соодагерлер, мекеме-ишканалар ушул сыяктуу иштердин баардыгын тең өзүлөрүнүн акча-каражатына өзүлөрү аткарышат. Ушул сыяктуу маалыматтарды айыл жана шаар өкмөттөрү кыргыз өкмөтүнө эч кандай ортомчусу жок эле өзүлөрү түз эле берип турушса деле болот. Ошондуктан жалпы кыргыз элинин миллиардаган сом болгон акча-каражатын, мүлкүн ортодон жөн эле сарп кылып турушкан бул түзүмдөрдүн кыргыз элине дагы, кыргыз мамлекетине дагы кереги жок деп ойлойм. Бирок областтык жана райондук администрациялар жоюлгандарына карабастан, областтар дубан ал эми райондор болсо аймак деп аталышып, кыргыз тилиндеги аталыштарын сактап калуулары туура болот. Сиздерге сунушталып жаткан ушул конституциялык долбоор боюнча, айыл жана шаар өкмөт башчылары, соттору,прокурорлору жана курултайлары ошол айылдын жана шаардын эли тарабынан шайланат.Ал эми кыргыз өл- көсүнүн өкмөт башчысы, жогорку соту, башкы прокурору жана мыйзам чыгаруу кеңешинин мүчөлөрү жалпы кыргыз эли тарабынан шайланышат. Кыргыз элдик курултай-дын мүчөлөрү болсо айыл жана шаар курултайларынын мүчөлөрүнөн куралат. Булардын баардыгын тең шайлоо жана кызмат орундарынан бошотуу шарттары ушул долбоордо так жана түшүнүктүү берилди. Айыл жана шаар өкмөт башчыларынын, сот-торунун, прокурорлорунун жана курултай мүчөлөрүнүн ошол айыл жана шаар эли тарабынан шайлануусу, алардын айыл жана шаарлардын жашоочуларына көз каранды болуусуна алып келип, акимге, губернаторго, өкмөткө, президентке,жогорку кеңешке, жогорку сотко, башкы прокурорго эмес, аргасыздан өзүлөрү жашап жатышкан айыл-дардын жана шаарлардын жашоочулары үчүн кызмат кылууга мажбурлайт. Ал эми кыргыз өлкөсүнүн өкмөт башчысынын, жогорку сотунун, башкы прокурорунун жана мыйзам чыгаруу кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы кыргыз эли тарабынан шайланышы, алардын бири бирине болгон көз карандуулуктан ажыратып, кыргыз мамлекети жана кыргыз эли үчүн гана кызмат кылууларына алып келет. Жоюлган президенттик, министрлик, областтык жана райондук түзүмдөрдүн чыгаан билимдүү ишмер, чынчыл жана ниети ак, дили таза кызматчылары, айыл жана шаар-лардын жашоочуларына сунуштаган: - айыл жана шаар экономикасын кантип өнүктүрүү керек, айыл жана шаар эмгек- чилеринин эмгек акыларынын деңгээлин кантип көтөрүп туруу керек;

- айыл жана шаар жашоочуларынын жашоосун кантип жакшыртып туруу керек; - айыл жана шаар элин кантип таза суу, ысык суу, жылуулук жана электоэнергия менен камсыз кылып туруу керек; - айыл жана шаар ичин кантип көрктөндүрүп, жашылданттырып жана таза кармап туруу керек; - айыл жана шаар элин кантип коомдук автотранспорт менен камсыз кылып туруу керек, жана башка ушул сыяктуу программаларын айыл жана шаар эли жактырышса, анда алардын ар бири өзүлөрүнүн адистиктери боюнча, шайланып жатышкан айыл жана шаар өкмөт башчылыгына, соттугуна, прокурорлугуна, курултай мүчөлүгүнө, айыл жана шаар өкмөттөрдүн, соттордун, прокуратуралардын мүчөлүктөрүнө өзүлөрүнүн талапкерликтерин коюга мүмкүнчүлүк алышат.

Айыл жана шаар өкмөттөрүнүн айыл жана шаар элине гана көз каранды болуусу, аларга айыл жана шаар бюджетин ( казынасын ) өзүлөрү түзүп жана ал акча-каражатты: - айыл жана шаарлардын инфраструктураларын, чарбаларын өнүктүрүүгө; -айыл жана шаар элинин бюджеттик тармактарында эмгектенишкендердин бир айлык эмгек акыларынын, карылардын жана майыптардын пенсия-пособиелеринин көбөйтүлүп жана өз убагында төлөнүп турууларына мүмкүнчүлүк берет. Айыл жана шаар ичин күн сайын тазалап көрктөндүрүп жана жашылданттырып: -көчөлөрдү салып, оңдоп, түзөп жана асфальттап; - ооруканаларды оңдоп, зарыл болгондо жаңыларын салып, аларды акыркы мезгилде чыгарылган жабдуулар, дары-дармектер менен камсыз кылып жана өз убагында тейлеп;

-карыларга, балдарга, оорулууларга дегеле баардык адамдарга сый-сыпаа жана аяр мамиле кылууга; -мектептерди оңдоп, зарылчылык пайда болгондо жаңыларын салып, аларды акыркы мезгилде чыгарылган жабдуулар жана окуу куралдар менен камсыз кылууга; -мектептерде билим берүү деңгээлинин сапатын жогорулатып турууга; -кылмыштуулукка, паракорчулукка, кошоматчылыкка, мамлекеттик кызматтарда туу-ганчылыкка, жердешчиликке жана таанышчылыкка каршы сөз жүзүндө эмес, иш жү-зүндө чындап күрөшүп; - айыл жана шаар жашоочуларын электроэнергия менен тынымсыз камсыз кылып жана көчөлөрдүн баардыгын тең, түн кирген маалда электр жарыгы менен толук жарык кылып; - баардык таштандыларды, акыр-чикирлерди өз убагында чыгарып; - айыл жана шаар жерлерде маданий жана спорттук жайларды салып, маданият жана спорттун ар кандай түрлөрүн өнүктүрүп турууларына милдеттендирет.

Айыл жерлеринде болсо дыйкандар менен малчылардын өзүлөрүнүн калоосу болгон кезде гана, аларды кооперативдик чарбаларга бириктирип: - ал чарбаларды үрөөн, дары-дармек,айыл-чарба техникалар, тетиктер менен камсыздап жана аларды тейлеп; - кооперативдик чарбалардын мүчөлөрүнө, алардын жер үлүштөрүнө жана эмгекке катышуу үлүштөрүнө жараша эмгек акыларын өз убагында төлөп берип турууларына милдеттендирет. Ошондой эле айыл жана шаарлардын казыналарын көбөйтүп туруу максатында ишкер-чиликти өнүктүрүп, жаңы жумуш орундарын ачып жана башка чарбалык жумуштарды, айыл жана шаарлардын жашоочуларынын жашоо-турмуштарынын бай жана бактылуу болуп туруулары үчүн чынчыл, таза, калыс жана ак ниети менен кызмат кылып турууларына милдеттендирет.

Ал эми айыл жана шаар өкмөттөрүнүн казынасынын жетишпеген акча-каражаттары, кыргыз өкмөтүнүн казынасына:- бажы төлөмдөрүнөн; - кен-байлыктарды өндүрүп жана аларды кайра иштетүүдөн кийинки сатуудан; - отун-суу жана энергетика тармактарынан; - жерди, сууну, тоону, токойду, жайыттарды чет өлкөлүктөргө убактылуу колдонуп ту-рууга берилгенден түшкөн акча-каражаттардын эсебинен каржыланып турат. Жерди, сууну, тоону, токойду жана жайыттарды чет өлкөлүктөргө убактылуу колдо-нууга мурунку кыргыз өкмөттөрү тарабынан берилген келишимдердин мөөнөттөрү бүткөндөн кийин, ушуга окшогон келишимдер экинчи эч качан узартылбашы жана түзүлбөшү тийиш. Кыргыздардын жерлери, суулары, тоолору,жайыттары, жаныбарла-ры жана кен-байлыктары, азыркы кыргыздар үчүн байыркы баатыр, жоокер, көчмөн улуу кыргыз ата-бабаларыбыз коргоп, сактап, жеткирип өткөрүп бергенден кийин, азыркы кыргыздар биз дагы мамлекеттик жогорку кызматтардагы ар кандай шумпай-ларга ишенбей кыргыз жерин, суусун, тоосун, токойун, жайытын, жаныбарын жана кен-байлыктарын эч кандай кошуна дагы жана чет жактагы өлкөлөргө дагы саттырбай, тартырбай, убактылуу колдонууга дагы бердирбей, керек болсо курал кармаганга жараган акыркы кыргыз калмайынча салгылашып бизден кийинки кыргыздарга өткөрүп беришибиз керек. өкүнүчтүүсү мурунку коркок, суу жүрөк, шумпай, алысты көрө билбеген ач көз, сугалак ууру мамлекет башчыларыбыздын жана өзүлөрүнө окшогон өкмөттүн, жогорку кеңештин мүчөлөрүнүн айынан биз кыргыздар үзөңгүү-кууштан, Каркырадан жана дагы өзбек, тажик менен болгон чек-ара тилкесиндеги билинбеген далай жерлерибизден айрылдык.Кыргыз мамлекетинин ички жана тышкы саясатынын жогоруда көрсөьүлгөндөй багыт- та жүрүшү, кыргыз өкмөтүнүн жер-жерлерде иштелчүү жана чечилчүү маселелерге алагды болбой, өзүнүн негизги иши жана милдети болгон: - кен-байлыктарды казуу жана кайра иштетүү; - отун,суу жана энергетика тармагын өнүктүрүү, иштетүү жана элге жеткизүү; - жалпы мамлекеттик жолдорду салуу, оңдоо; - чек-араларды бекемдөө, чек-ара жана кыргыз куралдуу күчтөрүнүн санын көбөйтүү, алардын кубаттуулугун арттыруу; -чет өлкөлөр менен маданий жана экономикалык мамилелерди чыңдоо;

- өлкөдө бирдиктүү акча жана салык саясатын түзүү жана жүргүзүү;

элди өзүн-өзү күбөлөндүрүүчү документтер менен камсыз кылып туруу;

бажы ишин алып баруу - кылмыш-жаза мөөнөтүн өтүүчү жайларды оңдоо, тейлөө, аларды кайтаруу жана башка кыргыз өкмөтүнө гана тиешелүү иштер менен алектенүүгө түрткү болот. Жергиликтүү жана кыргыз өкмөттөрүнүн ушундай бири-биринин ишине кийлигишпөө саясатынын негизинде келип, акыр аягында алардын ар бирине гана тиешелүү милдет-терин жалпы элдин жана мамлекеттин кызыкчылыктары үчүн аябагандай эффективдүү аткарууга алып келет.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

06-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
35301

06-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
32728

06-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
34287

05-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
40006

05-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
25456

03-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
42044

03-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
33701

30-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
38847

30-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
38374

29-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (4-бөлүм)
36891

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×