Ош шаардык кеңешке болгон шайлоодо «Шайлоо» жөнүндөгү мыйзам иштебей Бакиевтин шайлоосундай шайлоо өттү. Айрыкча мени таңкалтырганы ар учаскада 100дөй адам кайра кайра добуш берип жатканы болду. Ал эми катышкан шайлоочулардын 40% жакыны шаардыктар эмес. Биз мындай шайлоолорду өткөргөндүн ордуна өткөрбөй койгон оң, миңдеген мыйзам бузуулар адам укугун тепселөө менен коштолду. Шайлоого катышкандарды каттаган журнал менен шайлоочулардын шайлоого келгенин текшериш керек. Эгерде текшерүү болсо бир топ шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кылмыш жообуна тартылат. Кийинки шайлоо комиссиясына иштегендерге сабак болмок. Мындай иштер аткарылбаса, өлкөдө мыйзамдар иштебегендигин айгинелейт. Таза шайлоо өткөрүнү камсыз кыла албаган Борбордук шайлоо комиссиясы таркаш керек.
«Кыргыз-Ата» элдик саясий партиясынын төрагасы Т.Келдибаев