Добавить статью
3:38, 19 июня 2012 104734

Кредит алгандар бергендерге нааразы. Эмне үчүн?

Жаңыча талап

Акыркы учурда Жалал-Абадда митингке чыккандардын талабы да өзгөрүлдү. Көпчүлүк учурда тигил же бул жетекчи кызматтан кеткенде же жетекчи кызматты ала турган болгондо арачы болуп, арыгын чаап чыккандар болчу. Эми митингке чыккан аялдар өз көйгөйлөрүн айтып, банк, микрокредиттик компанияларга доомат коюп өкмөткө талап коюп чыгышты. Мисалы, 7-майда Жалал-Абад облустук бийлигинин имаратынын алдына Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондору менен Жалал-Абад шаарынан 200гө жакын аял келип, банктар менен кредиттик компаниялардан алган карыздарын төлөй албай жатышкандыктарын айтышып, анын мөөнөтүн узартып берүү жана пайыздык үстөгүн азайтуу талабын коюшкан.

Областтык администрация башчысынын орун басары К.Жакыпов, Кыргыз Республикасынын Улуутук банкынын Жалал-Абад областтык башкармалыгынын жетекчилиги, областтагы комерциялык банктын бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү чыгып, бирок бир пикирге келе алышкан эмес. Кредит алууда коммерциялык менчик банк, компаниялар болгондуктан, жергилктүү бийлик биз кийлигише албайбыз дешип бийлик митингке чыккандарды жолго салган. Андан кийин Базар-Коргондо аялдардын тобу Ош-Бишкек жолун эки сааттай тосуп, ушул эле талаптарын кайталашты. Ал эми акыркы учурда Кочкор-Ата шаарындагы «Мөл булак» микрокредитик компаниясынын мекемесинде кардарлар менен мекеме кызматкерлеринин ортосунда чыр-чатак чыгып, араң басылган. Ушундан улам кредит алгандар менен бергендердин ортосунда жарака кеткени байкалды. Эмне үчүн?

Логикага таянсак, кредит алгандар алган кредиттин пайдаланып, пайда көргөнүү үчүн кредит берген мекемелерге ыраазы болуш керек эле. Бирок тескерисинче болуп жатат. Азыркы күндө банк, микрофинансалык системасындагы айрым көрүнүштөр элдин турмушунун жакырланышына бирден бир себеп болуп жатат деген пикирлер айтыла баштады. Кредит алгандар пайда көрө албай кыйналып, күрөөгө коюлган үй-жайынан айрылып, нааразычылылыгын билдирип, жаңыча талап менен чыгышты. Мунун себебин кредит берген мекемелердин каржы абалы боюнча маалыматтардан улам аңдап-билсеңиздер болот.

Кредит берген мекемелер жана алардын тапкан пайдасы

Улуттук банктын Жалал-Абад областтык башкармалыгынын жетекчиси Жээнбек Маликовдун маалыматы боюнча, учурда аймакта комерциялык банктардын 41 филиалы жана алардын 89 сактык кассалары иштеп, 21 кредиттик союз, 10 микрокредиттик агентство, 7 микрокредиттик компаниялар кардарларга кызмат кылып жатат.

Ж.Маликовдун айтымында, 2012-жылдын 1-январына карата комерциялык банктардын филиалдарынын кредиттик портфелинин жалпы көлөмү 2593,0 млн сомду түзүп, 2011-жылга салыштырмалуу 33 пайызга көбөйгөн. Берилген кредиттердин ичинен соода-сатыкка берилген кредиттердин көлөмү 40,7 пайызды, айыл чарбасына берилген кредиттер 31,2 пайызды, жеке керектөөгө 8,1 пайызды, ар түркүн булактарга берилген кредиттер 11,5 пайызды түзгөн. Курулуш менен өндүрүшкө берилген кредиттердин көлөмү 2%, 1% түзгөн.

Ал эми областтын аймагында жайгашкан банктык эмес финансы-кредиттик ишканалардын ишмердүүлүгү жөнүндө Абдимырза Орозовдун маалыматына таянсак, 1998-жылы 98 кредит союзу ачылып, бирок алардын 49у жоюлган, 27 кредиттик союздардын лицензиялары чакыртып алынган. Бүгүнкү күндө 22 гана кредиттик союз иштеп жатат. Бул кредиттик компаниялардын таза пайдасы 2012-жылдын 1-январына карата 8 103,8 миң сомго жетип, өткөн жылга караганда 3 001,7 миң сомго башкача айтканда 58,8 пайызга көбөйгөн.

Областын аймагында иштеп жаткан 7 чакан кредиттик компаниялардын кредиттик куржунунун суммасы 3 048,5 миң сомду түзүп өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 242.6 сомго же 8,6 пайызга көбөйгөн.

Ошондой эле 10 чакан кредиттик агенстволордун таза пайдасы 1 8222,4 миң сомго жетип, өткөн жылга салыштырганда 720,1 миң сомго башкача айтканда 65,3 пайызга көбөйгөн.

Областыбыздын аймагында жогоруда аталган банктык эмес, финасы-кредиттик ишканлардан сырткары төмөнкү ишканалардын бөлүмдөрү өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатышат.

ЧКА: «Бай-Түшүм», «Агрокредит Плюс», «Эл Мады и Союз», «Фонд востанавления», ЧКК: «Ауб-агро», «Tutus Central Asia»,»Мөл-Булак-финанс», «Фонд развития предпринимательства», «Финка», «Бай-Эл-Кредит», «ОКСУС», «ЕвраАзия-Кредит» ЖАК ФК: «Компаньен»,»Бай-Түшүм», «АСКА».

Жогоруда аталган ишканалардын кредиттик куржунунун суммасы ушул жылдын 1-январына карата 2 793 896,0 миң сомду түзгөн. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кредиттик куржундун суммасы 992 940,0 миң сомго же 55, 1 пайызга көбөйгөн.

Кызыгы, аталган банктык эмес кредиттик ишканалардын кредиттик куржунунун суммасы , областтын аймагында иш жүргүзүп жаткан коммерциялык банктардын бөлүмдөрүнүнүн кредиттик суммасынан 200 855,8 миң сомго же болбосо 7,7 % арбын.

Ал эми пайызы жогору болгондуктан карызкорлор көбөйүп алардын карызкорлору 98 743 адамга жетип мурдагы жылга салыштырмалуу 24 616 адамга көбөйгөн.

Ошентип финансы мекемелери баары пайда көрүп,байып бирок эл пайда көрмөк турсун банкрот болуп, үй-жайынан ажырап жатат. Демек, булар пайызы жогору кредиттерди берген жана турак-жайлары арзан бааланып, кымбатка сатылган. Ушул жагдайлардан улам Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы республика боюнча 41 микрофинансылык уюмдун микрокредиттөө боюнча операцияларды жүзөгө ашырууга күбөлүктөрүнүн аракетин токтоткон. Анткени аталган микрофинансылык уюмдар тарабынан берилген кредиттер боюнча пайыздык чендердин (ставкалардын) орточо алынган деңгээли 38% түзгөн.

Элди алдаган финансы пирамидалары

Бир караган адамга нааразычылык менен чыккан аялдардын талаптары туура эмес көрүнгөн. Анткени алардын талаптарына макул болуп,үй-жайын, мүлкүн барымтага коюп өз ыктыяры менен алгандан кийин ал каражаттарды төлөш керек болчу. Бирок, маселенин экинчи жагы да байкалууда. Аймактарда жайнаган мкирокомпаниялар менен финансы пирамидалары, маркетинг түйүндөрү ар кандай «жомокторду» айтып, кызыктырып элди тез байып кетсиң деп бири жогорку пайыздагы кредитин берип, учурунда төлөй албай кыйналышса, экинчи жагынанан дароо байып кетесиң деп финансы приамидалары менен ламбарддар ич ара келишип жарандарды оор абалга калтырышкан. Анткени айрымдары финансы пирамидаларына ламбарддан акча алып бергени айтылууда. Натыйжада Жалал-Абад облусунун жергиликтүү жашоочулары областтын аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан «Бон Вояж», «Сабина Бизнес», «Фортуна», «Кью Нет» жана «Даймонд Холидей» деген аталыштагы жоопкерчилиги чектелген коомдорунун үстүнөн козголгон кылмыш иштеринин соттук кароосу боюнча нааразы экендигин айтышып, соттун адилет чечим чыгарышын талап кылып жатышат.

Жалал-Абад областтык ички иштер башкармасынын башчысы М.Нурдиновдун берген маалыматы боюнча «Бон-Вояж» жоопкерчилиги чектелген коомунун түзүүчүсү Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарчасынын 1976-жылы туулган Б.И. аттуу жашоочусу болуп эсептелет. Анын үстүнөн 2011-жылы КР Кылмыш жаза кодексинин 166-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

«Жалпысынан «Бон Вояж» ЖЧКму боюнча Ноокен районунун тургундарынан 29 арыз-даттануулар түшкөн. Материалдык чыгым 8 млн сомду түзүп, дагы деле кайтарылган эмес. Бул боюнча кылмыш иши боюнча Ноокен райондук соту тарабынан бул жылдын апрель айында соттук кароо өткөрүлүп, жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Ноокен райондук прокуратурасына кайрадан кароого жиберилген.

Ал эми «Сабина Бизнес» коомунун түзүүчүсү Бишкек шаарынын Ден Сояпин көчөсүнүн 1971-жылы туулган К.Г. аттуу тургуну. Анын үстүнөн 2011-жылы Ноокен райондук Прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш жаза кодексинин 166-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. «Сабина бизнес» ЖЧКсы боюнча Ноокен районунун тургундарынан 579 арыз-даттануулар түшкөн. Материалдык чыгым 34 млн 392 миң 350 сомду түзүп, азыркыга дейре кайтарылган эмес.

Аталган кылмыш иши 2011-жылы Ноокен райондук сот кароосуна жөнөтүлүп, аталган сот чечими менен Г.К. 10 жылдык мөөнөткө эркинен ажыратылган. Бирок анын колунда жаш баласы болгондуктан баласы 18 жашка чыкканга чейин жаза өтөөдөн убактылуу бошотулган.

«Фортуна» ЖЧК түзүүчүсү Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарчасынын М.Э. аттуу тургунунун үстүнөн 2011-жылы Ноокен РИИБ тарабынан КР Кылмыш жаза кодексинин 166-беренесине ылайык, кылмыш иши козголгон. Материалдык чыгым 31 млн. 139 миң 748 сом түзүп, анын ичинен 120 миң 500 америка доллары жана 1 млн 204 миң 250 сом кайтарылган. Бул коом боюнча 430 арыз-даттануулар түшкөн. Бул сумма Ноокен райондук сотунун чечими менен ар бир жабырлануучуга 4795 сомдон кайтарылып берилген.

Аталган кылмыш иши Ноокен райондук сотунун кароосуна жөнөтүлүп, аталган сот чечими менен М.Э. 13 жылга эркинен ажыратылган.

Жогоруда аталган коомдорго Сузак, Базар-Коргон жана Жалал-Абад шаарынын тургундарынан 370ке жакын жарандар арызданууга даяр экендиги аныкталган.

2011-жылдын май айына чейинки аралыкта Жалал-Абад шаарынын Эркиндик көчөсүндөгү жактоочулардын имаратында мыйзамсыз түрдө «Даймонд-Холидей» финансы компаниясы түзүлгөн. Аталган финансы компаниясынын жетекчилери 1 миң 150 жарандын ишенимине кирип, ар биринен «365 Америка долларынан топтоп, 10 күндүн ичинде 1 миң доллар утуп аласыңар» - деген алдоо жолу менен, жалпысынан 65 млн 529 миң сом акчага элдерди материалдык зыянга учураткан.

Бул факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 166-беренеси менен каралган алдамчылык боюнча кылмыш иши козголгон.

Көрүнүп тургандай биздин эл оңой баюууга кызыкканы байкалат. Ошондуктан алдамчылардын капканына түшүп канчалаган адам, ыктыярдуу берген каражатынан ажырап карайлап турат. «Аймак» гезти убагында финансы пирамидасы, анын ыкмалары жөнүндө жазды эле, окурмандар толук маани бербегени байкалды.

Чын эле акча алган компаниялардын баары эле алдамчыбы?

Өкүнүчтүүсү – учурунда япония толгон-токой компаниялар менен өнүккөн экен,бизде тескерисинче кыйрап , кыйынчылык болуп жатат. Компаниялардын баары эле алдамчы эмес,-дейт «Базис – Альфа КО» комапаниясынынын Жалал-Абад областтык бөлүмүнүн аткаруучу директору Тамара Сулайманкулова. Бул компанияга мүчө болуп киргендер 1000 сомдон каражат чогултуп, артынан 5-10 кишини ээрчитип кирет экен. «Биздин долбоор маалыматтык болгондуктан адам, адам аркылуу маалымат алып, ким жумуш издеп жатса, ким колдоого муктаж болсо сен он кишиге айтсаң, он киши келип көрүп, ынанып, ар бири дагы он кишиге айтып маалымат таратса деген максатта иштелип чыккан механизм. Бул долбоор бирөөдөн акча алып кел деюбейт, барып бирөөгө маалымат бер дейт. Ырас, биз элдерден 1000 сом алып келишим түзүп жатабыз. Келишим түзгөндө бир көчүрмөсүн жана дүмүрчөктү колуна берип жатабыз. Бул жарандардын каалосу боюнча ишке ашырылууда. Эгерде мен бул компаниядан чыгып кетем дей турган болсо анда, үч айдын ичинде арызын жазып акчасын алып алса болот. Экинчиден түзүлгөн келишимдин негизинде биз аларга үч айдын ичинде жумуш таап бергенге аракет кылабыз. Эгер жумуш таап бере албасак үч айдан баштап 3 айга чейин айына 4 миң сом пособия төлөп берип турабыз. үч айга чейин дагы жумуш табылбаса дагы үч айга келишим түзүлөт. Кыскасы, биз жумуш таап бергенче пособия менен камсыз кылып турабыз. Пирамидадан айырмабыз - ушул. Азыр бир канча адам 4 миңден пособия алып жатат.Ал эми эл төлөгөн 1000 сомду биз компанияга иштетпейбиз. Виза картага иштетебиз.Бирөө сомго, бирөө долларга ылайыкталат. Виза карта бирөө 460 сомго, бирөө 430 сомго жасалат. 110 сому кагаз иштерине жумшалат. Кийин иштеп калса, ошолордун акчасы банкка которула берет да каалаган убакта виза картанын негизинде акчасын ала берет. Элдин берген 1000 сом акчасы ошол максатка кана жумшалат,-дейт Тамара Султанкулова.

Тилекке каршы, бул компанияны финансы пирамидасына алмаштырып укук коргоо органдары тарабынан да көп жолтоо болгону айтылууда. Ал эми учурунда бул компания республиканын түштүгүндө жеңил өнөр жайды калыбына келтирүү менен өнүктүрүү багытында иш алып барууда. Алар жакынкы убакыттарда 12 миң тигүү машиансын орнотуп 25 миң адамды иш мененкамсыз кылуу аракетинде.

Жеңилдетилген кредиттерди кимдер кантип алды?

Эсиңиздерде болсо керек, 2012-жылдын жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү боюнча Жалал-Абад областтык администрациясында коллегия болуп, анда КР өкмөтү тарабынан дыйкандарга берилип жаткан 7 пайыздык жеңилдетилген айыл-чарба кредиттерин берүү маселеси кызуу талаш-тартышты жараткан.

Көпчүлүк райондордун акимдери менен айылдык өкмөттүн башчылары КР өкмөтү тарабынан жеңилдик катары берилип жаткан 7 пайыздык кредитти «Айыл Банкы» менен «РСК» банкы өзү билемдик менен берип жатканы айтылган.

Ал эми алынган маалыматарга таянсак Жалал-Абад облусуна КР өкмөтүнүн 7 пайыздык 170 млн. сом кредити бөлүнгөн. Кредит «Айыл Банк» жана РСК банктары аркылуу мал чарба тармагында иштеген 629 адамга жана дыйканчылыкта эмгектенген 481 адамга берилген. 1млн 200 миң адам жашаган Жалал-Абад областы үчүн бул көппү, азбы,окурмандар өздөрү тыянак чыгарып алышсын.

Кыскасы, каржы маселесинде карама-каршылыктар көп. Кредит алгандар менен кредит бергендердин ортосундагы мамиленин балансы сакталбай калганынан улам нааразылык пайда болду. Бул маселе олуттуу жана көңүл бурууну талап кылууда. Бул маселе өкмөттү да ойлонтууга тийиш. Антпесе, бул маселе дагы бир маселени жаратары турган иш.

Таласта селге агып кеткен адамды аман сактап калган жарандар ӨКМ тарабынан сыйланат

Кечээ, 18-июнь күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кезектеги аппараттык кеңешмесинде ӨКМнын Талас, Нарын жана Жалал-Абад облустук башкармалыктарынын башчылары аталган облустардагы беш айда болуп өткөн селдердин кесепеттерин жоюу багытында жүргүзүлүп жаткан жумуштар боюнча маалымат беришти.

ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, айтылган маалыматтарга караганда, кырсыктардын кесепеттерин жоюу иштери дээрлик аяктап калган.

Министр Кубатбек Боронов аппараттык кеңешмеде жер-жерлерде калк менен тыгыз иш алып бара албаган жетекчилерге катуу чаралар көрүлөөрүн билдирди. «Кайсы облустун калкынан министрликке арыз-даттануулар көп келсе, демек ошол облустун жетекчилери жакшы иш алып бара албай жатат деп эсептейбиз. Калк менен тыгыз иштешкенде гана ийгилик болот. Калкыбыз өзү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга катышышы керек. Бул багытта Баткен облусун үлгү катары алып, башка аймактарга бул облустун иш тажрыйбасын жайылтуу зарыл», - деди ал.

Министр белгилегендей, Талас облусунда болуп өткөн селдерде жергиликтүү жарандар эки адамдын өмүрүн сактап калды. Аларды сыйлап коюу мындай турсун азырга чейин атын эч ким уга элек.

«Эмне үчүн министрликке аларды сыйлоо боюнча сунуш бербейсиңер? Баатырды-баатыр, жалкоону-жалкоо деп ачык айтышыбыз керек», - деп тиешелүү жетекчилерге катуу талаптарды койду.

Министр андан ары ушул аптада Талас облусуна, кийинки аптада Жалал-Абад облусуна өзү барып, кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери менен жеринен тааныша тургандыгын кошумчалады. Өз иштерине кайдыгер караган айрым жетекчилерге «эскертүү» жана «сөгүштөр» берилди.

Маалыматтар боюнча, 2012-жылдын 19-майы күнү саат 17:30 чамасында Талас облусунун Бакай-Ата районунун Шадыкан айыл аймагына караштуу Ынтымак айылында болгон сел убагында Ынтымак айылынын тургуну 2002-жылы туулган Садыркул уулу Эмил мал кайтарып жүргөн жеринен селге агып кеткен. Аны көрүп калышкан Шадыкан айыл аймагынын Ынтымак айылынын тургундары 1957-жылы туулган Калыбек Алчынбаев жана 1981-жылы туулган Жылдызбек Жумабеков Садыркул уулу Эмилди селден алып чыгышып, аман сактап калышкан.

Ошол эле күнү Акназаров айыл аймагынын Кызыл-Октябр айылынын тургуну 1982-жылы туулган Марат Чулуев талаада мал жайып жүргөн жеринен кокусунан селге агып кеткен. Кызыл-Октябр айылынын тургуну, 1991-жылы туулган Курманбек уулу Осмонкул жана Көк-Таш айылынын тургуну 1980-жылы туулган Азамат Белеков экөөлөп агып бараткан Марат Чулуевди селден алып чыгып, ооруканага жеткиришип аны да сактап калышкан.

Табигый кырсык учурунда адам өмүрүн сактап калган эрдиктери үчүн Бакай-Ата районунун тургундары Жылдызбек Жумабеков, Калыбек Алчынбаев, Кутманбек уулу Осмонкул жана Азамат Белеков көрсөткөн эрдиктери үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сыйлыгын жакын арада ала тургандыктары белгиленди.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

14-05-2013
Бабанов бала бакчадан баш тартабы?
62460

13-05-2013
Сузак районунун жетекчилеринин жоопкерсиздиги
71708

03-05-2011
Мамлекеттик тил саясий курал эмес
119784

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×