Добавить статью
9:41, 24 октября 2012 26488

«Республика» партиясы мамкызматкерлерди кескин кыскартууга каршы

«Республика» саясий партиясы ушул жылдын сентябрында өкмөт отставкага кеткенден кийин мамлекеттик кызматкерлерди жумуштан алуунун саны кескин көбөйүп кеткендигине Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин жана коомчулуктун көнүлүн бурат.

Биз оппозициядагы саясий партиялардын өкүлдөрүн куугунтукка алууга каршы экендигибизди билдиребиз. Акыркы мезгилде партиядан сунушталган кадрларды кызматынан негизсиз кетирүү күч алууда. Айталы, жакында эле Чүй облусунун Панфилов районунун жана Баткен облусунун Кадамжай районунун акимдери эч кандай себепсиз эле кызматынан алынды.

Акимдер ушул жылдын февраль-март айларында эле КСДП жана башка партиялардын талапкерлери катышкан шайлоодо шайланган болчу. Алардын бул кызматта иштегенине болгону жарым жыл болду. Биз мындай мөөнөт ичинде алардын ишине баа берүү мүмкүн эмес деп эсептейбиз.

Ээлеген кызматтарынан бошотуу эч кандай себепсиз жүргүзүлүүдө. Өкмөттүн Аппаратынан эле бир эле учурда жаш, билимдүү, мамлекеттик кызматта иш стажы бар, кесипкөй 16 кызматкер бошотулган. Алардын бири дагы «Республика» партиясынын мүчөсү эмес экендигин белгилеп коюу кажет. Мисалы, Азамат Алкадыров – атактуу Лондон экономика жана саясий илимдери мектебинин бүтүрүүчүсү. Өкмөттүн Аппаратында эксперт катары болгону жарым жыл иштеди жана эч кандай негизсиз эле кызматынан алынган. Демек, жаштарды мамлекеттик кызматка тартуу зарыл деген нерсе сөз бойдон гана калып калат экен да. Ушундай эле абал башка мамлекеттик түзүмдөрдө да өкүм сүрүүдө. Биз мындай кылган болбойт деп эсептейбиз.

Биздин партия кайсы маселе болбосун дайыма конструктивдүү нукта чечүүгө аракет кылып келет. Биз азыр Кыргызстанда тажрыйбалуу кадрларды ары-бери түртүп, иштен ала турган мезгил эмес деп эсептейбиз. Өлкөбүздү өнүктүрүүнүн башкы ресурсу – анын кадрдык потенциалы эмеспи. Мындай кадрдык чечимдер башкача ой жүгүрткөндөргө каршы куугунтуктоону эске салат. Мамлекеттик кызматкерлер жетекчилердин саясий симпатияларына жараша пайдаланылбашы керек.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

26-11-2012
«Республиканын» шайлоолор боюнча билдирүүсү
17605

15-03-2012
КР премьер-министри Ө.Т.Бабановго кайрылуу
48992

12-08-2011
кайрылуусу 
16851

09-08-2011
Кайрылуусу
15394

07-04-2011
Биз эми бийликтин катачылыктарына жана өтүп кеткен кайгылуу окуялардын кайталанышына эч качан жол бербешибиз керек
21760

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×