Добавить статью
8:56, 26 ноября 2012 17602

«Республиканын» шайлоолор боюнча билдирүүсү

«Республика» саясий партиясы Бишкек шаардык кеңешине шайлоолор мыйзамдарды одоно бузуу менен жана административдик ресурстун катуу басымы алдында өткөндүгүн билдирет.

Саясий партиялардын байкоочулары да, жарандык коомдун өкүлдөрү да, ММК да, шайлоочулардын өздөрү да шайлоо мыйзамдарын массалык түрдө бузуулар болгондугун билдирип жатышты жана расмий да белгиленди.

1. Мыйзамдарды өтө одоно бузуу – бул добуш берүү жыйынтыктарын катуу административдик көзөмөл астында болгондугу.

Байкоочулар жарым түнгө жакын АШКга бюллетендер салынган сейф-пакеттерди жана коробкаларды алып келе башташканын белгилешти. Мында көпчүлүк шайлоо участокторунда комиссиянын төрагалары бийликтин партияларында болбогон партиялардын байкоочуларына добуш берүү жыйынтыктары тууралуу протоколдордун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн берүүдөн баш тартышкан. Анын үстүнө, бир катар участоктордо добуштарды эсептөө расмий түрдө саат 21.00 - 22.00 аяктаганына карабастан, протоколдор АШКга түнкү 02.00 - 03.00 гана алып келингени тынчсыздантпай койбойт. Ошол эл учурда бюллетендер салынган коробкалар жана пакеттер чапталбаган түрдө болгон. Ошол убакта бюллетендер жана протоколдор кайда болгон, эмне үчүн алар жолдо кармалып калган, жана буга ким кызыкдар болчу деген суроолор туулат. Мына ушул массалык мыйзам бузуулар добуш берүү жыйынтыктарына таасир эткени шексиз.

2. Көпчүлүк участоктордо биздин жана көз карандысыз байкоочулар административдик ресурсту колдонуу, добуш берүүнүн аягында үкөккө бюллетендерди массалык түрдө кошуп салуу фактыларын кармашкан(№ 1322, 1328, 1227, 1228, 1129, 1119, 1120, 1226, 1216, 1049 УШК);

3. 3. «Айлампа» – участокто бир эле адамдын көп жолу добуш бериши сыяктуу булганыч шайлоо технологияларын колдонулду (№ 1151, 1210, 1052, 1053, 1054, 1103-1110, 1126, 1127, 1128 УШК);

3. Шайлоочулардын белгинин коюлбагандыгы же анын сапатынын начардыгы жана ал койгондон кийин эле дароо оңой жуулары тууралуу көптөгөн арыздануулары болду(№ 1210, 1127, 1149, 1107 УШК);

4. Шайлоо күнү бийлик тараптагы партиялардын добуш сатып алуулары (№ 1129, 1130 УШК);

5. Участокто байкоочуларды уруп-согобуз деген коркутуулар болду (№ 1314 УШК);

6. Шайлоочуларды ташып келүү, бюллетендерди кайра эсептөөгө тыюу салуу, үкөктү жана шайлоо бюллетендерин байкоочулардан жашыруу фактылары (№ 1210 УШК);

7. Протоколдордун көчүрмөлөрүн берүүдөн, же протоколдун көчүрмөсүн күбөлөндүрүүдөн баш тартуулар (№ 1307 УШК); саясий партиялардын мисалында бюллетендерди туура эмес сорттоо фактылары ж.б.

Бул тизмени чексиз уланта берсе болот.

Ушуга байланыштуу «Республика» партиясы шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоолордун жыйынтыктарын объективдүү, ачык жана адилеттүү чыгаруу максатында КР Боршайкомуна көптөгөн партиялардын жана БӨУлардын байкоочулары тарабынан түзүлгөн белгиленген одоно бузуулардын тизмеси, актылар жана видеотиркемелер менен бардык арыздарды жөнөтөт жана шайлоолордун жыйынтыктары боюнча добуштарды кечиктирилгис түрдө объективдүү кайра эсептеп чыгууну талап кылат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

24-10-2012
«Республика» партиясы мамкызматкерлерди кескин кыскартууга каршы
26485

15-03-2012
КР премьер-министри Ө.Т.Бабановго кайрылуу
48985

12-08-2011
кайрылуусу 
16847

09-08-2011
Кайрылуусу
15391

07-04-2011
Биз эми бийликтин катачылыктарына жана өтүп кеткен кайгылуу окуялардын кайталанышына эч качан жол бербешибиз керек
21753

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×