Добавить статью
15:49, 12 мая 2015 12859

Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)

VIII БӨЛҮМ. Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби

98-берене

1. Ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам, Мыйзам чыгаруу жыйынынын дайындоосу менен жалпы элдик добуш берүү (референдум) аркылуу кабыл алынат;

2. Ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам, Кыргызстандын Президентинин, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн сунушу же 300 миңден кем эмес шайлоочунун демилгеси боюнча Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жактырылат жана жалпы элдик добуш берүүгө (референдум) чыгарылат.

3. Конституциялык Сот, ушул Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча Мыйзам чыгаруу жыйынына келип түшкөн сунушту карап, үч айлык мөөнөттө корутунду чыгарат.

4. Мыйзам чыгаруу жыйыны, Кыргызстандын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу боюнча Кыргызстандын Конституциялык сотунун корутундусун эске алуу менен иштелип чыккан мыйзам долбоорун, ал Мыйзам чыгаруу жыйынына киргизилген күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен карайт.

5. Мыйзам чыгаруу жыйыны, Кыргызстандын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун, 2 ай аралык менен кеминде үч жолу окуу өткөрүлгөндөн кийин, депутаттардын жалпы санынын 2/3 кем эмес добушу менен жактырылат жана жалпы элдик добуш берүүгө (референдум) чыгарылат же кайтарылат.

6. Ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө кабыл алынган мыйзамга Кыргыз Республикасынын Президенти кол коёт.

99-берене

1. Өзгөчө кырдаалдар мезгилинде жана согуштук абал учурунда ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тыюу салынат.

2. Конституцияны өзгөртүү боюнча кайтарылган сунуш Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан бир жылдан кийин гана кайра каралышы мүмкүн.

100-берене

1. Ушул Конституция жалпы элдик добуш берүү (референдум) аркылуу кабыл алынат;

2. Кыргызстандын ушул Конституциясы жалпы элдик добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана ага кол коюу талап кылынбайт.

3. Ар жылдын 5-май күнү - Кыргыз Республикасынын Конституция күнү деп саналат.

Долбоор, “Даанышман Кеңештин” интеллектуалдык менчиги болуп саналат жана анын жыйынынын же Редакциялык тобунун макулдугусуз өзгөртүүгө болбойт.

Даанышман Кеңештен:

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасында козголгон Конституциялык реформа маселелеринин жаралышына байланыштуу, “Даанышман Кеңеш” иштеп чыккан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясынын долбоорун коомчулуктун талкуусуна сунуштайбыз.

Долбоордун 46-беренесинин биринчи пункту кыргыз элинин байыртан берки хан шайлоо салтына жана учурдагы башка мамлекеттерде жетекчи шайлоо тажрыйбасына ылайык жазылды. Элдик талкуудан түшкөн сунуштарда Президентти эл шайласын деген пикир көп болсо, ага ылайык маселе редакциялык топто каралат.

Сунуш-пикириңиздерди төмөнкү даректер боюнча жолдсоңуздар болот:

Электрондук дарек; narktyk-kenesh@mail.ru

Почталык дарек; 720044, Бишкек ш. Сухомлинов көчөсү, 52а. Даанышман Кеңеш

Байланыш телефон: 0553 364 658, Абдурасулов Бөкөнбай Султанович.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

08-06-2015
Д.Сарыгуловдун долбооруна пикир
45288

13-05-2015
Шайлоо ыкмасы
30727

13-05-2015
Салыштыруу таблицасы
59306

13-05-2015
Жаңы Конституцияга киргизилген түшүнүктөр (Глоссарий)
40896

11-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
14896

09-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
33877

08-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
16273

05-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
17678

01-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
29723

29-04-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
45885

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×