Добавить статью
18:50, 13 мая 2015 30706

Шайлоо ыкмасы

ШАЙЛОО ЫКМАСЫН ТУУРА ТАНДАЙЛЫ

Өлкөнүн башкаруу системасын өзгөртүү маселеси бышып жетилип, бир топ авторлор Конституциянын бир нече жаңы редакцияларын жаратышып, алардын арасында мамлекет башчысын- Президентти шайлоо жөнүндө ача пикирлер жаралып, талкууланууда.

Айрымдары, Президентти эл өзү тикелей шайласын десе, башкалары аны коомдук-саясий тажрыйбага ээ болгон эл өкүлдөрү Курултайда шайласын дешет. Бул эки ыкма тең шайлоочулардын конституциялык укугуна каршы келбейт, укуктук жагынан негиздүү жана бирдей: биринчисинде, эл өзүнүн бийлигин тикелей жана түз шайлоолор аркылуу жүргүзсө, экинчисинде, эл өзүнүн шайлоо укугун эл өкүлдөрүнө табыштоо аркылуу жүргүзөт.

Конституциянын бардык жаңы долбоорлорунда Президенттин ыйгарым укуктары кеңейип, ал бир эле убакта мамлекеттин башчысы болуп жана Кыргыз Өкмөтүн жетектейт.

Эми, ушундай жооптуу кызматка жана аны ээлеген кызмат адамына коюлган катаал талаптарга шайлоонун түрдүү ыкмаларынын кандай таасири бар деген суроо жаралат.

1. Президентти жалпы эл шайласын.

Кыргызстандын эли, өзү тандаган талапкерди Президенттике тикелей жана түз шайлайт.

Бул ыкма кооз, демократиялуу болуп көрүнгөнү менен эң оболу, ал кыргыз элине жат, анын менталитетине анчейин туура келбеген саясий партияларга жана жеке адамдын укугуна таянган батыштык либерал-демократиялык башкаруунун классикалык үлгүсү. Эл, жалпы шайлоо, референдумдардан өздөрүнүн турмушуна жарытылуу майнап чыкпагандан кийин, практика көп жолу көрсөткөндөй, аларга кайдыгер мамиле кылып, коомдо бир топ негативдүү көрүнүштөр жаралганына баарыбыз күбөбүз. Шайлоо укугуна ээ болгон элдин 1/3 бөлүгү өлкөнүн сыртында тиричилигин кылып жүрөт, ал эми өткөн акыркы шайлоого көп адам келбей, элдин 1/3 ге жетпеген бөлүгү гана ага араң катышып, көпчүлүккө азчылыктын үстөмдүгү орноду!

Анан дагы бир маанилүү нерсе- шайлоочунун баары эле татыктуу талапкерди туура тандоо жөндөмүнө ээ эмес экен. Аларга мурда ишмердиги, адамдык сапаты жана касиети тургай, аты-жыты белгисиз жайнаган көп талапкерлердин арасынан татыктуусун туура тандоо чын эле кыйынга турат. Шайлоонун бул ыкмасы сөзсүз түрдө саясий партиялардын катышуусу менен өтөт. Талапкер формалдуу түрдө кайсы бир партияда турбаса да, аны сүрөмөлөп колдогон саясий партия, өз талапкерине элдин добушун алып бериш үчүн, карапайым шайлоочуну адаштырат. Эгер, саясий партия бийликте турган болсо, анда ал административдик ресурсту мүмкүн болушунча кеңири колдонуусу кадыресе эле иш болуп калды. Шайлоочуларга акча жана жалган убадалар берилип, эл үмүткер болуп, тандоодон жаңылышып ага ким бергенди шайлап коюуда. Акыркы мезгилде, тилекке каршы кадимкидей калыптанып калган түндүк-түштүк болуп бөлүнүүчүлүк, жердешчилик жана топтук эгоизм да шайлоочуларды туура тандоодон адаштырат. Шайлоо анык шоуга айланып, канчалаган акча өлкөнүн өнүгүүсүнө эмес, өзүмчүл жана мансапкор талапкерлерди мактоого кайтарымсыз жумшалат. Мамлекет да шайлоо өткөрүү үчүн миллиондогон акча сарптайт. Шайлоодон кийин талапкерлер сарпталган акчанын ордун мамлекеттин жана элдин эсебинен толтуруу менен алектенип, коррупциянын сөзсүз жаралышын шарттайт. Акырында, шайланган талапкер, шайлоодон кийин шайлоочуларынан алыстап, аларга өз ишмердиги жөнүндө отчет бербей, анын жоопкерсиздиги жаралат. Биз ушундай демократияны күттүк беле!

Президенттикке үзүрлүү эмгеги, мекенчилдиги, адилеттүүлүгү жана тазалыгы менен жалпы элге аттын кашкасындай таанылган, анын терең ызат урматына, кадыр баркына талашсыз ээ болгон жана өлкөнүн улуттук лидерине айланган адамды гана жалпы элдин шайлоосу орундуу. Тилекке каршы, өлкөбүздө азырынча андай адам элдин арасынан суурулуп чыга элек.

2. Президентти Курултайда эл өкүлдөрү шайлайт.

Президенттин шайланышы жана анын ишмердиги, “Эл эгемендиктин ээси жана бийликтин бирден бир булагы”, “Элдин бийликти көзөмөлдөө укугу” жана “Бийликтин өз ишмердүүлүгү боюнча элге отчет берүү милдети”- деген түпкүлүктүү, мыйзам ченемдүү жана бири-биринен ажыратылгыс жоболорго негизделип, аларды ишке ашыруу үчүн өлкөнүн башкаруу системасына Курултай институтун киргизүү зарылчылыгы келип чыгат.

Курултайдын табияты боюнча, элдик өкүлдөрдүн өздүгү абдан такталган, элге белгилүү жана коомдук жана саясий турмуштан тажрыйбасы бар, инсандык жана ишмердик сапаттары менен элдин кадыр баркына ээ болгон татыктуу адамдардан болууга тийиш. Өкүлдөр ар бир айылдык жана конуштук баштапкы чогулуштарда түз жана ачык добуш менен шайланат. Эл өкүлдөрү, шайлоочулары менен жашаган жеринде дайыма жандуу мамиледе болуп, ар бир болуп өткөн Курултайдан кийин эл менен жолугуп, ишмердиги боюнча отчет берип турушат. Мунун баары эл өкүлдөрүнүн тазалыгынын жана жоопкерчилигинин кепили.

Курултайда эл өкүлдөрү, талапкерлердин таржымалын жана өлкөнү өнүктүрүү программалары менен таанышып, аларга суроо берип жана талкуулашып, алардын эң татыктуусун Президенттикке шайлашат. Эл өкүлдөрү, Президенттен жыл сайын отчет алып, анын ишмердигин көзөмөлдөп турушат. Президентти шайлоо компетенттүү жана легитимдүү өтөт. Коом, жогорудагы келтирилген негативдүү көрүнүштөрдүн баарынан арылат. Элдин добушу уурдалбай, адилеттик орнойт. Бийликке таза, адискөй, даярдыгы бар адамдардын келишине шарт түзүлөт. Адамдардын байлыгына карата бийликке шайлануу теңсиздиги жоюлуп, баарына шайланууга бирдей мүмкүнчүлүгү камсыздалат. Шайлоолор ачык жүргүзүлүп, шайлоодон кийинки толкундоолор, нааразылыктар өзүнөн-өзү токтойт. Шайлоого сарпталган бюджеттик каражаттар жана талапкерлердин акчалары кескин кыскарат.

Бул ыкма менен шайлоодо эл өкүлдөрү саясий партияларсыз эле электораттарга бөлүнбөй, улуу максаттын тегерегине биригип, ата-бабалардын жолун татыктуу улантышат. Дүйнөдө ушундай тажрыйбалар көп жана азыр да натыйжалуу иштеп жатат. Бир жарым миллиард калкы бар жана эң жогорку темпте өнүгүп жаткан Кытайдын үч миңге жакын гана эл өкүлдөрүнөн турган ВСНП (Всекитайское Собрание Народных Представителей), жылына бир ирет чогулат, Кытайдын Төрагасынын шайлайт жана анын отчетун угат. Анын 150 адамдан турган Комитети туруктуу иш алып барат. Өкүлчүлүктүү бийлик менен партиялык түзүлүш ичинен табийгый бириктирилген. Аталышы эле башка болгону менен ыйгарым укуктары, статусу, коомдогу орду боюнча биздин Курултайдын дал өзү.

Германиянын Президентин Федералдык Жыйын шайлайт. Президент Федералдык канцлердин талапкерлигин Бундестагка (Парламент) сунуштайт. Монголиянын Парламенти Улуу Хурал деп аталып, анын абдан чоң ыйгарым укуктары бар. АКШ нын Президентин 538 адамдан турган шайлоочулардын коллегиясы шайлайт. Рим Папасын бүткүл дүйнөдөгү католик динин тутунган өлкөлөрдүн Кардиналдары чогулуп шайлайт.

Жапондор Император, Европада өнүккөн бир канча өлкө Король институттарын бийликтин жана элдин бирмдигинин символу катары эң сонун колдонуп, сактап келе жатышат. Демек, Курултай институтун киргизүү, айрым оппоненттер айткандай, тарыхый артка чегинүү эмес, тескерисинче өлкөнүн алдыга карай өнүгүүсүнүн негизи.

3. Президентти жалпы эл шайласын, ишин Курултай көзөмөлдөсүн.

Айрым саясий партиялардын өкүлдөрү “Эл өкүлдөрүн бийлик сатып алат”- деген шылтоого жамынып, “Президентти жалпы эл шайласын, ишин Курултай көзөмөлдөсүн”- дешет. Муну менен алар Курултайга шайланган эл өкүлдөрүнүн аброюна мурдатан эле шек келтиришүүдө. Алар шайлоодогу ар кандай бурмалоолордон бийлик тарабынан берилүүсү убадаланган биометрикалык паспорттор менен корголушуна ишенич кылаарын айтышат.

Биометрикалык паспорттордун берилүүсү азырынча бүдөмүк, аларды колдонуу Кыргызстанда алдын-ала сыноодон өткөн жок жана шайлоо жыйынтыгын бир эле хакер, аны жалдаган тараптын кызыкчылыгына тымызын буруп койбосуна ким кепил боло алат? Анан бул паспорттор, адамдардын кайдыгерлигин жоюп, шайлоого катышуу активдүүлүгүн жана татыктуу талапкерди туура тандоо жөндөмүн көтөрбөйт да.

Курултайдын Президентти шайлоого укуксуздугу, анын Курултайга отчет берүү милдетин орунсуз кылып, укуктук коллизия жаралат. Анда “Курултайдын эмне кереги бар?”- деген мыйзам ченемдүү суроо туулат. Оппоненттерге ушул гана керек, алар Курултай институ либерал-демократиялык башкаруу үлгүсүнө каршы турарын жакшы билишип, Курултайды атайын алсыратып, каралап, аны элдин ишеничинен кетирүүгө болгон аракети.

Акырында, Президентти мурдагыдай эле жалпы элдин шайлоосуна калтыра турган болсок, анда жогоруда 1-пунктта келтирилген кемчиликтер жоюлбастан кайталана берет.

Ошондуктан, шайлоо ыкмасын туура тандайлы.

Апрель, 2015-жыл.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

08-06-2015
Д.Сарыгуловдун долбооруна пикир
45258

13-05-2015
Салыштыруу таблицасы
59268

13-05-2015
Жаңы Конституцияга киргизилген түшүнүктөр (Глоссарий)
40854

12-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
12844

11-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
14870

09-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
33655

08-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
16243

05-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
17636

01-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
29681

29-04-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
45843

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×