Добавить статью
11:31 5 Мая 2015

Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)

III БӨЛҮМ. Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүк бийлиги

42-берене

1. Республикалык Нарктык Кеңеш, республиканын кыргыз салттуу жамааттарынын жана аймактык аксакалдар кеңештеринин жогорку органы болуп саналат.

2. Нарктык Кеңештин мүчөлөрү кыргыз салттуу жамааттары жана аймактык аксакалдар кеңештери тарабынан, элдин рухий дөөлөтүнө каныккан, инсандык жана ишмердик сапаттары менен коомчулукка үлгү болорлук улуу муундун өкүлдөрүнөн мыйзамга ылайык шайланат.

3. Нарктык Кеңеш эл арасында бийик нарктык-укуктук ченемдердин калыптанышын, каада-салттын сакталышын жана иштешин көзөмөлгө алат, кыргыздын асыл баалуулуктарына, мекенчилдикке жана ыймандуулукка негизделген, жаратмандыкты жана өлкөнүн өнүгүүсүн багыттоочу Улуттук идеологияны жана кыргыздын жолдуулук ченемдерин түптөйт.

4. Нарктык Кеңеш, Улуттук Курултайга, Президентке жана башка мамлекеттик жогорку органдарга идеологиялык маселелер боюнча сунуш берүүгө укуктуу.

5. Нарктык Кењеш жергиликт‰‰ салттуу жамааттаррынын жана аксакалдар кењештеринин мамлекеттик маани뉉 маселелер боюнча пикири жөн‰ндө элге билдир‰‰ жасоого укуктуу.

6. Нарктык Кеңештин чечими анын мүчөлөрүнүн макулдугу менен кабыл алынат.

1-БАП. Кыргыз Республикасынын элдик жыйындары

43-берене

1. Жарандар мамлекеттик жана коомдук мааниси бар маселелер боюнча жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүүгө укуктуу.

2. Республикада- Улуттук Курултай, аймактарда- аймактык Жыйындар жана айылдык, конуштук башкармалыктарда- айылдык, конуштук Чогулуштар жүргүзгөн бийлик, мамлекеттин негизги башкаруу түрү болуп саналат.

3. Улуттук Курултайдын, жыйындардын иштөө тартиби Конституциялык мыйзам менен аныкталат.

44-берене

1. Улуттук Курултайдын курамы ар бир айылдык жана конуштук башкармалыктардан экиден шайланган өкүлдөн турат.

2. Улуттук Курултайдын өкүлүнө жаш курагы 25 ке толгон, соттолбогон, инсандык, ишмердик сапаттары менен элдин кадыр баркына ээ болгон, Кыргызстандын жараны 4 жылга шайланат.

3. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары жана Нарктык Кеңештин мүчөлөрү Улуттук Курултайдын жыйындарына чечүүчү добуш менен катыша алат.

4. Бардык деңгээлдеги Курултайлардын өкүлдөрү шайлоочуларына жооптуу жана өзүнө тиешелүү милдетти аткара албаса же мыйзамсыз ишке барса, өзүнүн шайлоочуларынын көпчүлүк добушу менен өкүлчүлүк укугунан ажыратылат.

5. Улуттук Курултайдын чечимдерди оор жагдай жаратса, Нарктык Кеңештин талабы менен өкүлдөрүнүн жалпы санынын 2/3 добушу менен Улуттук Курултай таратылат.

45-берене

1. Улуттук Курултайдын жыйынын анын жаш курагы боюнча эң улуу өкүлү ачып, Жумушчу Президиум жана анын Төрагасы шайланганга чейин алып барат.

2. Улуттук Курултайдын жыйынын, анын жүрүш мөөнөтүнө гана шайланган Жумушчу Президиум жана анын Төрагасы башкарат.

3. Улуттук Курултайдын жогорку бийлик бутактарынын жана мамлекеттик атайын органдарынын башчыларынын отчётторунун канааттандырарлык эместигине байланыштуу кабыл алган чечимдери императивдик мааниге ээ, ал эми калган маселелер боюнча кабыл алган чечимдери сунуш иретинде тийиштүү органдарга, мекемелерге таркатылат.

4. Чечимдерди кабыл алуу тартиби Улуттук Курултайдын жүрүшүндө кабыл алынат.

5. Улуттук Курултай жылына бир жолу март айында өткөрүлөт. Жагдай талап кылганда кезексиз Улуттук Курултай өтөт. Улуттук Курултайды Кыргызстандын Президенти же Кыргыз Республикасынын Мыйзам чыгаруу жыйыны мыйзамга ылайык чакырууга укуктуу.

46-берене

Улуттук Курултай:

1. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлайт;

2. Кыргызстандын Вице-Президентин, Кыргызстандын Өкмөтүнүн түзүмүн жана өздүк курамын Кыргызстандын Президентинин сунушу менен бекитет;

3. Конституциялык Соттун мүчөлөрүн жана төрагасын, Жогорку Соттун мүчөлөрүн жана төрагасын, Башкы Прокурорду, Улуттук Банктын, Эсептөө Палатасынын жана Статистика комитетинин төрагаларын, Борбордук Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн жана Улуттук маалымат Агенттигинин директорун 5 жылдык мөөнөткө шайлайт.

4. Өлкөнүн стратегиялык жана социалдык-экономикалык өнүгүү багыттарын, коопсуздугун, ички жана тышкы саясатынын негизин карайт жана бекитет;

5. Улуттук идеологияны жана кыргыздын жолдуулук ченемдерин карайт жана аны бекитет;

6. Улуттук Курултай өзү шайлаган же дайындаган жогорку бийликтеги кызмат адамдарынын кызматтан кетүүсүн кабыл алат жана аны кызматынан мөөнөтүнөн мурда мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте бошотот.

7. Мыйзам чыгаруу жыйынынын, Кыргыз Өкмөтүнүн республикалык башкаруу баскычтарга жана аймактык бөлүштүрүүлөргө өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү сунуштарын карайт.

8. Кыргызстандын Президентинин билдирүүсүн жана кайрылуусун угат.

9. Мамлекеттик бийлик органдарынын ишмердигине көзөмөл жүргүзөт.

47-берене

1. Улуттук Курултай өзүнүн Катчылыгын түзөт, анын жобосун жана Баш катчысын бекитет.

2. Улуттук Курултайдын Катчылыгы, чакырылган Улуттук Курултайдын ишин уюштурууга катышуучу, жыйындар аралыгында анын чечимдерин иш жүзүнө ашыруучу, туруктуу иштөөчү жумушчу орган.

3. Улуттук Курултайдын Катчылыгы жана бардык түзүмдөрү, аларга бекитилген милдеттердин чегинен чыгууга жана өз алдынча мамлекеттик же өкмөттүк деңгээлдеги чечимдерди кабыл алууга укуксуз жана мамлекеттик, өкмөттүк органдардын күнүмдүк ишине кийлигишпейт.

48-берене

1. Улуттук Курултай жыл сайын Кыргызстандын Президентинин, Мыйзам чыгаруу жыйынынын, Конституциялык Соттун, Жогорку Соттун, Улуттук Банктын жана Эсептөө Палатасынын төрагаларынын, Башкы Прокурордун отчетун угат, алардын ишмердигине “Канааттандырарлык” же “Канааттандырарлык эмес” деген баа берет.

2. Жагдайга ылайык, Улуттук Курултай түзгөн Убактылуу көзөмөл комиссиясы айрым мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик жооптуу кызмат адамдарынын ишмердигин текшерүүнү жүргүзөт.

3. Башкы Прокурор, Конституциялык Сот жана Улуттук Курултайдын Убактылуу көзөмөл комиссиясы, жогорку бийлик бутактарынын жана мамлекеттик башка органдардын жетекчилеринин бир жылдык ишмердиги жөнүндө корутундуларын даярдайт жана Улуттук Курултайдын жүрүшүндө жарыялайт.

4. Улуттук Курултайда ишмердиги “Канааттандырарлык эмес” деп бааланган Президенттен башка жогорку кызматчы кызматынан четтетилет.

5. Улуттук Курултайда Кыргызстандын Президентинин ишмердиги “Канааттандырарлык эмес” деп бааланса, ушул Конституциянын талаптарына ылайык жана Нарктык Кеңештин макулдугу менен кызматынан четтетилет.

2-БАП. Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу жыйыны

49-берене

1. Мыйзам чыгаруу ишмердигин Кыргызстандын Мыйзам чыгаруу жыйыны аткарат жана кабыл алган мыйзамдарынын аткарылышына көзөмөлдүк ишин жүргүзөт.

2. Мыйзам чыгаруу жыйыны өзүнүн биринчи сессиясына анын курамынын кеминде 2/3 си шайлангандан кийин, шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан 20 күндөн кечикпей чогулат.

3. Мыйзам чыгаруу жыйынынын биринчи отурумун жаш курагы эң улуу депутаты ачат жана Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы шайланганга чейин алып барат.

4. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Улуттук Курултайга Кыргызстандын Президентинин катышуусунда ант берет.

5. Мыйзам чыгаруу жыйынынын жаңы курамынын биринчи отуруму ачылгандан баштап, мурдагы Мыйзам чыгаруу жыйынынын ыйгарым укуктары токтойт.

50-берене

Мыйзам чыгаруу жыйыны:

1. Саны боюнча 45 депутаттан турат. Кыргызстандын ар бир аймактарынан жана Ош шаарынан экиден, Бишкек шаарынан бешдепутат ченеминде 5 жылдык мөөнөткөжалпы эл тарабынан түз шайланат.

2. Өзүнүн курамынан Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасын жана анын эки орун басарын шайлайт.

51-берене

1. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттыгына, шайлоо күнүнө жашы 25 ке толгон, мурда соттолбогон же мурда соттолгондугу жокко чыгарылган же мыйзам чегинде алынып салынган, шайлоого катышууга укуктуу жана депутаттыкка талапкердигин койгонго чейинки акыркы он жыл республикада жашаган Кыргызстандын жараны коё алат.

2. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты:

1) Кыргызстандын Конституциясына жана мыйзамдарына баш ийет.

2) добуш берүүнүн жыйынтыгы же депутаттык көз караштары боюнча куугунтукка алынбайт.

3) кылмыш үстүндө кармалмайынча тинтилбейт, жекече аңтарылбайт, кармалбайт жана камакка алынбайт.

4) Коммерциялык мекеменин жетекчи органына же анын көзөмөл кеңешинин курамына кирбейт жана жеке ишкердик жумуштарды жүргүзө албайт.

5) Депутаттык ишмердүүлүгүнө тоскоол болбосо, илимий-педагогикалык жана башка чыгармачылык иштерге катыша алат.

6) Депутат бир сессияга анын жумушчу күндөрүнүн 1/3 нен көп убакыт катышпагандыгы үчүн, Кыргызстандын Мыйзам чыгаруу жыйынынын Төрагасы Борбордук шайлоо комиссиясына депутаттын статусун чечүү сунушу менен кайрылат.

7) Мыйзам чыгаруу жыйынынын макулдугу менен гана кылмыш же администрациялык жоопкерчиликке тартылат.

8) Кол тийбестик иммунитетине ээ эмес.

3. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты өзү ыйгарым укуктарын токтотууга арыз берсе, Мыйзам чыгаруу жыйыны тараса, же анын ишмердүүлүгүн улантууга мүмкүн эместиги жөнүндө соттун чечими чыкса, дайынсыз жоголду же өлдү деген соттун чемими күчүнө киргенде анын ыйгарым укуктары токтойт. Депутаттын ыйгарым укугу аны айыптаган соттун өкүмү күчүнө киргенде, башка ишке которулганда же депутаттык ыйгарым укуктарынан ажыратылган ишин таштабаганда, Кыргызстандын чегинен тышкары башка жакка туруктуу жашоого көчүп кетсе, Кыргызстандын жарандыгынан чыкса же жарандык укугунан ажыратылса да токтойт.

4. Мыйзам чыгаруу жыйынынын мөөнөтүнөн мурда бошогон депутаттык ордуна башка депутатты шайлоо тартиби мыйзам менен аныкталат.

52-берене

Мыйзам чыгаруу жыйыны:

1. Улуттук Курултайдын жалпы өкүлдөрүнүн 2/3 добушунун чечими менен таратылат же Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарынын 2/3 бөлүгүнүн чечими менен өзүн-өзү таратат.

2.Таратылганда, Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстандын Президентинин жарлыгынын негизинде Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарын шайлоону 3 айдан кем эмес мөөнөттө жүргүзөт.

3. өзгөчө кырдаал абалында же согуш убагында таратылбайт.

53-берене

Мыйзам чыгаруу жыйыны:

1. Мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүн төмөнкү багыттарда жүргүзөт:

1) Кыргызстандын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин карайт жана аны жалпы элдик добуш берүүгө (референдум) чыгарат;

2) Кыргызстандын мыйзамдарын кабыл алат жана алардын аткарылышын көзөмөлдөйт;

3) Кабыл алынган мыйзамдарга түшүндүрмө берет;

4) Мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык, эл аралык келишимдерди, макулдашууларды бекитет же жокко чыгарат;

5) Амнистия жөнүндө актыларды чыгарат;

6) Мамлекеттик сыр боюнча атайын мыйзам кабыл алат жана мамлекеттик сырдын сакталышын көзөмөлдөйт;

2. Өкүлчүлүктүү ишмердүүлүгүн төмөнкү багыттарда жүргүзөт:

1) Республикалык бюджетти кабыл алат жана анын аткарылышын көзөмөлдөйт;

2) Республикалык бюджеттин өнүгүүгө ыйгарылган каражаттарынан инновациялык негиздеги мамлекеттик өндүрүшкө артыкчылык берет;

3) Кыргызстандын аскер наамдарын, дипломаттык рангдарды, класстык чиндерди, атайын жана башка наамдарды бекитет;

4) Кыргызстандын ардактуу наамдарын жана ардактуу белгилерин берүүнүн тартибин бекитет;

5) Чет мамлекеттердин жетекчилеринин же алардын расмий өкүлдөрүнүн пикирин угат;

6) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн республикадан тышкаркы аймактарда колдонуу маселесин чечет.

3. Улуттук Курултайдын ыйгарым укуктарына кирбеген башка дагы мыйзамдуулукка байланыштуу маселелерди карайт жана чечет.

4. Мыйзам чыгаруу жыйыны мыйзам кабыл алуудан тышкары, өзүнө тиешелүү маселелер боюнча көпчүлүк добуш менен токтом кабыл алат.

54-берене

Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы:

1.Мамлекеттин ички жана тышкы мыйзам чыгарууга байланышкан алакаларында Мыйзам чыгаруу жыйынынын атынан чыгат;

2.Мыйзам чыгаруу жыйынынын отурумун алып барат;

3.Мыйзам чыгаруу жыйынынын ишин жетектейт жана отурумунда каралуучу маселелерди даярдоону, талкуулоону ишке ашырат;

4.Мыйзам чыгаруу жыйыны кабыл алган актыларга, мыйзамдарга кол коёт;

5.Кыргызстандын аткаруу, сот жана башка мамлекеттик жогорку бийлик органдары менен тыгыз байланышта иш жүргүзөт;

6.Мыйзам чыгаруу жыйынынын аппаратынын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзөт;

7.Мыйзам чыгаруу жыйынынын Регламентинде көрсөтүлгөн жана башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

55-берене

Мыйзам чыгаруу:

1. Жыйыны өзүнүн курамынан максатка ылайык комитеттерди түзөт, убактылуу комиссияларды жана алардын төрагаларын шайлайт. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты экиден көп эмес комитетке жана комиссияга мүчө болууга укуктуу.

2. Жыйынынын комитеттери, Мыйзам чыгаруу жыйынынын ыйгарым укуктарына кирген маселелерди алдын ала карап даярдайт жана Мыйзам чыгаруу жыйыны кабыл алган мыйзамдарын жана чечимдерин иш жүзүнө ашырышын көзөмөлгө алат.

3. Жыйыны мыйзамдарды жана башка укуктук ченемдик актыларды, алардын долбоорлору комитеттерде каралгандан кийин гана карайт.

56-берене

Мыйзам чыгаруу жыйынынын:

1. Сессиясынын отуруму сентябрдан баштап июнь айынын акыркы иш күнүнө чейин өтөт.

2. Кезексиз сессиясы Улуттук Курултайдын, Кыргызстандын Президентинин, Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынын жана Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарынын 1/3 нин демилгеси менен чакырылышы мүмкүн.

3. Мыйзам чыгаруу жыйынынын отуруму анын депутаттарынын 2/3 си катышканда ыйгарым укукка ээ.

4. Чечимдери, ушул Конституцияда көрсөтүлгөн тартипке ылайык, жыйындын отурумунда ар бир депутаттын өзүнүн гана добуш берүүсү менен кабыл алынат. Депутаттарга добуш берүүдөн баш тартууга жол берилбейт.

5. Уюштуруу жана ишмердүүлүк тартиби, түзүмү, штаттык бирдиги Мыйзам чыгаруу жыйынынын Регламенти жөнүндө мыйзамы менен аныкталат.

57-берене

Мыйзамдын долбоорун сунуштоо демилгесине төмөнкүлөр ээ:

1. Кыргызстандын Президенти;

2. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты;

3. 20 миңден кем эмес шайлоочу (элдик демилге);

4. Кыргызстандын Жогорку Соту (сот түзүлүшү жана сот өндүрүшүнө байланышкан маселелер боюнча).

58-берене

1. Мыйзам долбоорлору Мыйзам чыгаруу жыйынына киргизилет.

2. Кыргызстандын Президенти тарабынан киргизилген мыйзам долбоорлору тезинен кабыл алынышы талап кылынган учурларда, Мыйзам чыгаруу жыйыны аларды кезексиз карайт.

3. Мыйзам чыгаруу жыйынына келип түшкөн мыйзамдын долбоорун, Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы тийиштүү комитетке жиберет. Комитет бир айдын ичинде өзүнүн корутундусу менен мыйзамдын долбоорун Мыйзам чыгаруу жыйынынын кароосуна алып чыгат.

4. Бюджет боюнча мыйзамдын долбооруна өзгөртүүлөр Эсептөө Палатасынын корутундусунун негизинде Кыргыз Өкмөтүнүн макулдугу менен гана киргизилет.

5. Салыкты жокко чыгаруу, салык төлөмүнөн бошотуу, мамлекеттик каржылоо милдеттенмелерин өзгөртүш жана башка мамлекеттин бюджетинен кетүүчү төлөмдөрдү, же алардын киреше бөлүктөрүн кыскартуучу мыйзамдын долбоорлорун Мыйзам чыгаруу жыйынына киргизүү же кабыл алуу Кыргыз Өкмөтүнүн макулдугу менен гана жүргүзүлөт.

6. Кыргызстандын Конституциясына түшүндүрмө берүү, Конституциялык мыйзамдар жана аларга өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндөгү мыйзамдар, эки жолудан кем эмес окулуп, Мыйзам чыгаруу жыйынынын жалпы депутаттарынын 2/3 добушу менен кабыл алынат.

59-берене

1. Мыйзам чыгаруу жыйыны кабыл алган мыйзам, бир айдын ичинде Кыргызстандын Президентине кол коюуга жөнөтүлөт.

2. Кыргызстандын Президенти бир айдын ичинде мыйзамга кол коёт же өзүнүн өзгөртүү, толуктоолору менен макул эместигин билгизип, Мыйзам чыгаруу жыйынына кайра кароого жөнөтөт.

3. Кыргызстандын Президенти тарабынан сунушталган редакция менен Мыйзам чыгаруу жыйыны макул болгон учурда Кыргызстандын Президенти бир айдын ичинде мыйзамга кол коёт.

Мыйзам чыгаруу жыйыны Кыргызстандын Президентинин каршылыгы менен макул болбогон учурда, мыйзам 6 айдан кийин каралат.

Мыйзам, Мыйзам чыгаруу жыйынынын экинчи жолку кароосунда мыйзам депутаттардын 2/3 добушу менен кабыл алынса, Кыргызстандын Президенти мыйзамга бир айдын ичинде кол коёт.

4. Мыйзамдын өзүндө аны күчүнө киргизүү тартиби көрсөтүлбөсө, кабыл алынган мыйзам жарыялангандан кийинки он күндөн кийин ал күчүнө кирет.

60-берене

1. Мыйзам чыгаруу жыйыны таратылса, кайра шайланган Мыйзам чыгаруу жыйынынын биринчи отуруму башталганга чейин, мыйзам чыгаруу укугу Кыргызстандын Президентине убактылуу өтөт.

2. Мыйзам чыгаруу жыйыны таратылган учурда, Кыргызстандын Президентинин мыйзам чыгаруу ыйгарым укуктары, тиешелүү мыйзамдык күчү бар, токтомдорду же жарлыктарды чыгаруу менен жүргүзүлөт.

(уландысы бар...)

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

08-06-2015
Д.Сарыгуловдун долбооруна пикир
2713

13-05-2015
Шайлоо ыкмасы
2523

13-05-2015
Салыштыруу таблицасы
2293

13-05-2015
Жаңы Конституцияга киргизилген түшүнүктөр (Глоссарий)
2042

12-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
2405

11-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
2107

09-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
14175

08-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
1595

01-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
4573

29-04-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
2642

Еще статьи

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
X
Для размещения комментария авторизуйтесь

×