Добавить статью
18:48, 13 мая 2015 59269

Салыштыруу таблицасы

ЛИБЕРАЛ - ДЕМОКРАТИЯЛЫК ЖАНА КЫРГЫЗДЫН САЛТТУУ БАШКАРУУ СИСТЕМАЛАРЫН САЛЫШТЫРУУ, 1-таблица

№ Критерийлер Либерал-демократиялык башкаруу Элдик салттуу башкаруу

1 Башкаруу таянычы Саясий партиялар Жамааттар системасы жана элдик курултайлар

2 Тиешелүүлүгү Кыргыздарга жат көрүнүш.

Кыргыз наркында калыптанып, мињдеген жылдар бою үзүрлүү кызматын өтөп, анын ата-бабаларынан калган жана элде аздектелип сакталып келе жаткан элдик салттуу башкаруу системасы - элдик курултайлар.

3 Таянычтардын жаралышы жана алардын туруктуулугу Жамаатташуу муктаждыгы жасалма жана туруксуз саясий партияларды жаратты. Бири биринен анчейин айырмаланбаган саясий платформаларды бетке кармап улам жаңысы түзүлө берет же кайра жоюла берет, өз ара биригип же кайра ажыраша берет. Партиялардын мүчөлөрү да бир партияны таштап, экинчисине өтө беришет. Салттуу жамааттардын жаралышы табийгый- генетикалык негизде жана туруктуу. Аларга ар мезгилде канча тоскоолдуктар болсо да, элдик болмушта ушул күндө да бекем сакталууда. Ошондуктан, айыл жана конуштардын жамааттарынан түздөн-түз шайланган өкүлдөрүнөн турган бабалардан калган Курултай институту да туруктуулукка ээ.

Мекенчилдердин коррупциячыл бийликтен арылууга жана мамлекеттин салттуу нукта өнүгүүсүнө багытталган конституциялык реформа жүргүзүү аракети Элдик Курултай кыймылын жаратты.

4 Максаты Бийликке келүүгө умтулуу. Бийлик бутагын түзүү, анын ишмердигин багыттоо жана көзөмөлдөө.

5 Касиети Бийлик элге эмес, бир гана өзүн шайлаган партияга баш иет. Азчылык көпчүлүктү- мамлекетти, жалпы элди башкарып калат. Түпкүлүктүү жана табийгый мыйзам ченемдүү жоболор –“Элдин бийликтин ишмердүүлүгүн кµзµмµлдµµ укугу” жана “Бийликтин эл өкүлдөрүнө отчет берүү милдети” - бийликте дароо жалпы эл алдындагы жоопкерчилигин пайда кылат.

6 Өнүгүү жолунун багыты Өз өнүгүү жолу менен эмес, башка, батыш мамлекеттеринин өнүгүү жолун кайталоого, дүйнөлүк бирөңчөйлүккө (улуттук өңү жоктукка) умтулуу жатат. Мињдеген жылдардан бери кыргыз улутун сактап келген бабалардын руханий баалуулуктарына таянып, өзүнүн өнүгүү жолу менен улуттук өзгөчөлүгүн сактоо, мамлекеттин башкаруусун жана өнүгүүсүн салттуу нукка буруу.

7 Шайлануу мүмкүнчүлүгү Шайлануу мүмкүнчүлүгүнө партиялык шайлоо тизмесине кирген акчалуу адамдар гана ээ. Чектөө жок.

8 Шайлоочулар

кимди шайлашат Шайлоочулар өздөрү жакшы билбеген адамдардан Президентти жана саясий партиялардын тизмеси менен Жогорку Кењештин депутаттарын түздөн-түз “оптом” шайлашат. Шайлоочулар Улуттук Курултайдын өкүлүнө, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттыгына жана аймактык соттун судьялыгына өздөрү тааныган жана жакшы билген татыктуу адамдарды түздөн-түз шайлашат.

9 Шайлоочулардын компетенттүүлүгү Көпчүлүк элдин коомдук жана саясий даярдыгы жоктугуна байланыштуу, алар шайлоо платформаларды ажырата баалоого, жайнаган бейтааныш талапкерлердин татыктуусун туура тандоого жөндөмсүз. Эл, өзү менен бир жерде жашаган, коомдук жана саясий иштерге даярдыгы бар, инсандык жана ишмердик сапаттарын жакшы билген адамдарды Улуттук Курултайдын өкүлүнө кыйынчылыксыз эле туура тандай алат, ал эми алар - өкүлдөр, талапкерлерди туура тандоого жөндөмдүү. Курултайдын шайлоосу - тандалгандардын тандоосу.

10 Элди бириктирүүчү же ажыратуучу касиети Саясий партиялар, эл арасын жикке бөлүп, социалдык ажырымды жаратты, элди улуттар аралык араздашууга чейин жеткирди. Кыргыздардын салттуу башкаруу системасы жана демократиясы дайыма бир бүтүндүктү т‰з‰п келген. Эл уруусуна, улутуна жана жашаган жерине карабастан биригет.

11 Жеке адамдын жана жамааттын укуктарынын коомдогу өз ара приоритеттик абалы Отурукташкан батыш элдеринин туруктуу мамлекети болуп, ал саясий, коопсуздук ж.б. маселелерди чечүүнү өзүнө алып, жеке адамдын укуктары жана эркиндиктери гана мыйзамдалып ишке ашып, жамааттардын кызыкчылыгы жөнүндө сµз да козголбойт. Кыргыздар, кµчмµн турмуш жашоо шартында узак мезгилде туруктуу мамлекеттүүлүккө ээ болбой, элди-жерди душмандан коргоодо, чарба иштерин бирге жүргүзүүдө жана өзүнүн бүтүндүгүн сактоого байланыштуу табийгый генетикалык уруучулук жамааттарды карманган. Жамаатта адамдар эркин болгон, бирок, жамааттын кызыкчылыгы жана намысы жеке адамдыкынан жогору турган.

КОЛДОНУУДАГЫ ЖАНА ЖАҢЫ КОНСТИТУЦИЯЛАРДЫН ОРЧУНДУУ ЖОБОЛОРУН САЛЫШТЫРУУ, 2-таблица

№ Колдонуудагы Конституциянын редакциясы Жаңы Конституциянын редакциясы

1 2-берене

4. Экинчи бөлүмдүн редакциясынан: “... Президентти, ... шайлоо жалпы добуш берүү менен тең жана тикелей шайллоо укугунун негизинде өткөрүлөт”. Кемчилuги: 1) Шайлоочулардын көпчүлүгү коомдук жана саясий иштерден оолак болуп, көп талапкерлердин ичинен эң татыктуусун туура тандоого жөндөмсүз; 2) Эл партияларга, жердештикке жана улуттарга жиктелип бөлүнөт; 3) Эл шайлоого кайдыгер карап, ага келүүсү кескин кыскарып, шайлоо легитимсиз болот; 4) Бийлик, өзүнүн талапкерин өткөрүү үчүн административдик ресурсту толук колдонот; 5) Шайлоого кылмыштуу топтор жана духовенство тымызын, бирок активдүү катышат; 6) Шайлоого мамлекет жана талапкерлер көп каражат сарпташат, талапкерлердин сарптаган каражатын шайлоодон кийин кайра толуктоо аракети чыныгы коррупцияны жаратат; 7) Шайлоодо көптөгөн мыйзам бузуулар болуп, нааразычылыктарды жана тирешүүлөрдү жаратып, кан төгүлүү, улуттар аралык араздашууга жана революцияга айланып кетүүсү мүмкүн. 44-берене

2. Улуттук Курултайдын өкүлүнө ... инсандык, ишмердик сапаттары менен элдин кадыр баркына ээ болгон, коомдук жана саясий иштерге даярдыгы бар Кыргызстандын жараны... шайланат.

62-берене

1. Кыргызстандын Президенти Улуттук Курултайда өкүлдөрдүн 2/3 добушу менен ... шайланат.

Артыкчылыгы: 1) Президентти Курултайдын өкүлдөрүнүн шайлоосу- тандалгандардын тандоосу. Президентти инсандык жана ишмердик сапаттары жогору, коомдук жана саясий иштерге даярдыгы бар Улуттук Курултайдын өкүлдөрү шайлагандыктан, талапкерди туура тандоонун ыктымалдуулугу жогорулайт; 2) Шайлоонун легитимдүүлүгү камсыздалат; 3) Эл бөлүнбөй биригет, шайлоого сарпталуучу каражат кескин кыскарат, административдик ресурсту колдонуу жана мыйзам бузуу мүмкүнчүлүгү дээрлик жоюлат, тынчтык өкүм сүрөт.

2 52-берене

2. Жарандар мамлекеттик жана коомдук мааниси бар маселелер боюнча элдик курултайларды өткөрүүгө укуктуу. Элдик курултайдын чечими сунуш катары тиешелүү органдарга жиберилет. Элдик курултайларды өткөрүүнүн тартиби мыйзам менен аныкталат.

Кемчилиги: Колдонуудагы Конституциянын кабыл алынганына 4 жылдан ашык убакыт өтсө да, Элдик курултайлар жөнүндө мыйзам кабыл алынган жок. Жаңы Конституциянын редакциясы, III бөлүм.

Артыкчылыгы. Долбоордогу: “Элдин бийликти көзөмөлдөө укугу” жана “Иши жөнүндө бийликтин элге отчет берүү милдети” –деген түпкүлүктүү, табийгый жана мыйзам ченемдүү жоболорду ишке ашыруу үчүн элдик курултайлар атайын өзүнчө бөлүм болуп киргизилди. Бул укуктук чара дароо бийликтин эл алдындагы жоопкерчилигин жаратып “Эл эгемендиктин ээси жана бийликтин бирден бир булагы”- деген конституциялык жобонун иштөөсү шартталат.

3 60-берене

1. Президент мамлекет башчысы болуп саналат.

2. Президент элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин көрсөтүп турат.

Кемчилиги: Президент, мамлекет башчысы катары Конституциянын аткарылышына, элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигине, жарандардын укугунун жана эркиндиктерин сакталышына кепил болбой, эч кимдин алдында эч нерсеге жооптуу эмес экендиги белгиленет. 61-берене

Кыргыз республикасынын Президенти:

2. Конституциянын аткарылышынын, элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигинин, жарандардын укугунун, эркиндиктерин жана салттуулуктун, адилеттиктин бекем сакталышынын кепили болуп саналат;

Артыкчылыгы: Президенттин мамлекет башчысы катары Конституциянын жана башка негизги ченемдердин аткарылышына кепилдиги юридикалык бекитилген.

4 64-берене

3. Президент:

1) Жогорку соттун судьяларын кызматына шайлоо үчүн талапкерлерди Судьяларды тандоо боюнча кеңештин сунушу боюнча Жогорку Кеңешке сунуштайт;

2) Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Жогорку соттун судьяларын кызматынан бошотуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуштайт;

3) Судьяларды тандоо боюнча кеңештин сунушу боюнча жергиликтүү соттордун судьяларын дайындайт;

4) Судьялар кеңешинин сунушу боюнча конституциялык мыйзамда каралган учурларда жергиликтүү соттордун судьяларын бошотот.

74-берене

4. Жогорку Кеңеш:

1) Президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку соттун судьяларын шайлайт; ... Президенттин сунуштамасы боюнча аларды кызматтан бошотот;

93-берене

8. Экинчи бөлүк: Жергиликтүү соттордун судьялары Судьяларды тандоо боюнча кеңештин сунушу боюнча Президент тарабынан биринчи ирет 5 жылдык мөөнөткө, кийин курактык чегине жеткенге чейин дайындалат.

Кемчилиги: 1) “Эл ... бийликтин бирден бир булагы” –деген түпкүлүктүү жобо бузулуп, бийликтин өзүнчө бутагы - Сот системасы, бийликтин башка бутактарына жана ортомчу органга толугу менен көз каранды болуп калган. 2) Жергиликтүү соттордун судьяларына, 5 жылдык мөөнөттөн кийин, кызмат орду алардын курактык чегине жеткенге чейин “белек” кылынат. 75-берене

2. Жогорку Соттун судьялары Улуттук Курултайда шайланышат жана төрагасы бекитилет.

6. Соттор Жыйыны, Жогорку Соттун жумушчу органдарын- Жогорку Соттун Президиумунун жана тармактык коллегияларынын курамын шайлайт.

76-берене

2. Аймактык соттордун жана аймактар аралык арбитраждык соттордун судьялары альтернативдүү түрдө, өз кичи мекенинен башка аймакта, анын эли тарабынан шайланат.

78-берене

2. Кайсы соттун судьясы болбосун, ишти өз убагында карабагандыгы үчүн жана ар бир бузулган иши үчүн, мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга тийиш. Эгер, бир жылда үч жолу иши бузулса же туура эмес кабыл алган чечими оор жагдай жаратса, ал судья кызматынан четтетилет жана экинчи сот системасына судьялык кызматка алынбайт.

Артыкчылыгы: 1) “Эл ... бийликтин бирден бир булагы” –деген түпкүлүктүү жобо сакталып, сот бийлигинин төмөнкү инстанциясы - аймактык соттордун судьяларын эл тикелей шайлайт.

2) Сот бийлигин түптөөдө, башка бийлик бутактары жана ортомчу түзүмдөр катышпай, сот системасы толук көз карандысыздыкка жетишет.

3) Бардык соттордун судьялары 5 жылдык мөөнөткө гана шайланып, алардын квалификациясын жогорулатууга, ишинин сапатын жакшыртууга жана атаандаштыкка шарт түзүлөт.

5 64-берене

4. Президент:

1) Жогорку Кеңештин макулдугу менен Башкы прокурорду дайындайт; ... кызматтан бошотот;

Кемчилиги: Башкы прокурорду жана башка мамлекеттик жогорку кызмат адамдарын Президент тарабынан дайындоо мүмкүнчүлүгү, топтук эгоизмге, алардын квалификациясынын төмөндөшүнө жана Президенттин бийлигин авторитардык режимге которот. 46-берене

Улуттук Курултай:

3. Конституциялык Соттун мүчөлөрүн жана төрагасын, Жогорку Соттун мүчөлөрүн жана төрагасын, Башкы Прокурорду, Улуттук Банктын, Эсептөө Палатасынын жана Статистика комитетинин төрагаларын, Борбордук Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн жана Улуттук маалымат Агенттигинин директорун 5 жылдык мөөнөткө шайлайт.

Артыкчылыгы: Мамлекеттик башка органдардын жетекчилеринин көз карандысыздыгын камсыздайт.

6 70-берене

2. Жогорку Кеңеш ... 120 депутаттан турат.

Кемчилиги: 120 депутат Кыргызстан үчүн өтө эле көп экендиги баарына айкын болду, чыгым негизсиз көп, натыйжа аз, палатанын отурумунда дайым 30-40 эле депутат отурат. 50-берене

Мыйзам чыгаруу жыйыны:

1. Саны боюнча 45 депутаттан турат.

Артыкчылыгы: Жакшы тажрыйба бар- мурда Жогорку Кеңештин 35 депутаттан турган Мыйзам чыгаруу жыйыны иштеген.

7 70-берене

1. Жогорку Кеңеш - ... мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук кылуу милдеттерин жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү жогорку орган болуп саналат.

74, 75 жана 76-беренелердин тексти

Кемчилиги: 1) Депутаттардын басымдуу көпчүлүгү мыйзам чыгаруу жөндөмүнө ээ эмес. 2) Кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышы дээрлик көзөмөлдөнбөйт. 3) Депутаттар көбүнчө кадр маселесине көңүл бурушат же өз иши менен алек. 53-берене

1. Мыйзам чыгаруу жыйынынын негизги ишмердүүлүгү:

2) Кыргызстандын мыйзамдарын кабыл алат жана алардын аткарылышын көзөмөлдөйт; 4) Республикалык бюджетти кабыл алат жана анын аткарылышын көзөмөлдөйт;

Артыкчылыгы: Мыйзам чыгаруу жыйынынын саясий оюндарга алып келүүчү ишмердиктери жоюлуп, көпчүлүктүн коалициясына биригүүгө, өкмөт түзүүгө, башка бийлик бутактарынын кадрдык маселелерин чечүүгө катышпайт, аткаруу бийлигинин ишмердигине кийлигишпейт.

8 83-берене

3. Өкмөттү Премьер-Министр башкарат.

Кемчилиги: 1) Премьер-Министр кызматына талапкерди көрсөтүү, Өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктоо, фракциялардын саясий оюнуна айланды; 2) Премьер-Министр жана ал башкарган Өкмөттүн курамы элге эмес, өздөрүн көрсөткөн фракцияларга көз каранды; 3) Президенттин жоопкерчилиги Премьер-Министрге жүктөлүп, кыйчалыш мезгилде аны жана аны менен кошо Өкмөттү кызматтан кетирүү жаман адатка айланды. 61-берене

Кыргыз республикасынын Президенти:

1. 1. Мамлекеттин башчысы жана жогорку аткаруу бийлиги болгон Кыргыз Өкмөтүн жетектеген эң жогорку кызмат адамы;

Артыкчылыгы: 1) Президенттин жоопкерчилиги күчөп, аткаруу бийлиги партиялардын коалициясына эмес, жалпы элге кызмат кыла баштайт;

2) Кыргызстандын шартында мамлекетти башкаруу ыкчам жана ийкемдүү болуп, башкаруу чыгымы азаят. 3) Премьер-Министр кызматы жоюлуп, Президенттин жана Өкмөттүн аппараттары биригип кыскарат.

9 Жергиликтүү бийлик. Кемчилиги: Жергиликтүү бийликтин органдары ар түрдүү аталып ар бөлүмгө (V, VIII ) чачылып кеткен, элдик бийликтин орду жана ролу көрсөтүлбөгөн. VII бөлүм. Жергиликтүү башкаруу

Артыкчылыгы: Жергиликтүү башкаруунун формалары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жоболор бир бөлүмгө топтолуп, толук сыпатталган.

Март, 2015-жыл.
Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

08-06-2015
Д.Сарыгуловдун долбооруна пикир
45261

13-05-2015
Шайлоо ыкмасы
30706

13-05-2015
Жаңы Конституцияга киргизилген түшүнүктөр (Глоссарий)
40854

12-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
12844

11-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
14871

09-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
33670

08-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
16245

05-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
17636

01-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
29684

29-04-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
45846

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×