Добавить статью
16:10 8 Июня 2015

Д.Сарыгуловдун долбооруна пикир

Талкууга коюлган "Кыргыз Эл Республикасынын элдик Башмыйзамынын" долбооруна пикир

Долбоор, 2015-жылдын 1-апрелинде коомдук ишмер Д. Сарыгулов тарабынан иштелип чыгып, алгы сөздөн, преамбуладан, 9 баптан жана 85 беренеден турат, айрым баптар бөлүмдөргө бөлүнгөн. Долбоордун жаралышы, сөзсүз түрдө кыргыз коомчулугундагы чоң окуя. Долбоор, дагы бир жолу абдан курч формада колдонуудагы Конституциянын жараксыздыгын, бийликтин бардык бутактары аны шайлап, бийликке алып келген элдин алдында эгерим жооп бербей толук бойдон жоопкерсиз башкарып, аны кыйратууга алып келгенин, өлкөдө мамлекеттин саясий түзүлүшүн жана башкаруу системасын түп тамырынан бери өзгөртүү зарылчылыгын айгинелейт. Долбоордо, Элдик Курултай институту аркылуу мамлекетти башкарууга элдин катышуусун шарттоого аракет жасалган. Долбоор, батыштык либерал-демократиялык башкаруу үлгүсүндөгү ноктого байланган колдонуудагы Конституциядан кескин айырмаланып, өлкөнүн укуктук өнүгүүсүн шарттаган көптөгөн (долбоордо 30 дан ашык делинет) жакшы өзгөчөлүктөргө ээ.

Эми, долбоордун жакшы жактары өзүнө буйрусун, биз долбоорго пикир кошуу милдетин алгандыктан, биздин оюбузча айрым бир орун алган мүчүлүштүктөрүнө токтололу.

№ Беренеси, пункту, редакциясы Пикирлер

1 Алгы сөз- беш бөлүмдөн туруп, өлкөнүн оор абалы, колдонуудагы Конституциянын кемчиликтери, элдик башкарууну- Элдик Курултайды киргизүү, иштеп жаткан бийликтин легитимсиздиги жөнүндө, долбоордун кыска маңызы жана өзгөчөлүгү көлөмдүү баяндалып, Башмыйзамдын долбоорун кабыл алуунун негиздемеси сыяктуу берилген. Укуктук ченемдерди иштеп чыгуу (нормотворчество) эрежелеринин калыптанган практикасында Конституциянын текстинде укуктук ченемдердин жоболору гана орун алыш керек, ал эми алгы сөз түрүндөгү анын негиздемеси өзүнчө документ болуп жазылууга тийиш.

2 1-берене 2- жана 3п. Мезгилди СССР таркаган учурга эмес, Кыргызстан эгемендикке ээ болгон учур менен белгиленсе жакшы болмок.

3 1-берене 7 п.

Кыргыз Эл Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөр жана толуктоолор жалаң гана бүткүл элдин добушу (референдум) аркылуу чечилет.

а) Документтин аталышы ар түрдүү болуп калган: Конституция - Баш мыйзам;

б) 85-берененин 1-пунктунда сөзмө-сөз кайталанат;

в) “толуктоолор” деген сөз ашыкча, ал “өзгөртүүлөр” -деген түшүнүк менен камтылат;

г) “жалаң гана бүткүл элдин добушу (референдум)”- 85-берененин 3, 4 жана 5 пунктарына каршы келет.

4 1-берененин 8п. КЭР дин жарандары Кыргызстандын Президентин эркин, жалпы, түз жана тең укуктуу калыс, адилет шартында шайлайт. а) Жобо 47-берененин 4-пунктуна каршы келет.

б) Жобо, Элдик Курултайдын мамлекеттик түзүлүштөгү ордун жокко чыгарат.

5 2-берененин 5п. а) Жобонун маңызы ачылбаган- Кыргызстандын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн деңгээлдеринин аталыштары берилбеген;

б) Ошол эле учурда жобо, ушул эле долбоордун 2-берененин 5-пунктуна, 43-берененин 7 жана

10-пунктарына, 55-берененин 2-пунктуна жана 66-берененин 1 жана 2-пунктарына каршы келет. Ал жоболордо “район”, “область” жана “аймак” деген түшүнүктөр келтирилген.

6 4-берененин 2п. Орус тилине расмий статус берилсе, кыргыз тилинин өнүгүүсүнө тоскоол боло берет, ошондуктан балким: “Орус тили- адамдар арасында өз-ара баарлашуу тили катары колдонулат”- деп берсе жакшы болор.

7 5-берененин 2п. а) Бийлик бутактарынын тең салмактуулугу кантип камсыздалары ачылбаган;

б) Деги, ошол батыштык постулат болгон бийлик бутактарынын тең салмактуулуктун кереги барбы?

Балким, ар бир бийлик бутагын бири-биринен толук көз карандысыз жана бири-биринин ишине кийлигишпей өз функциясын гана аткара тургандай кылып койсо оң болор?

8 41-берененин 1п.

...Элдик Курултай... элдин... башкы өкүлү. Конституциянын долбоолорун иштеп чыккан көпчүлүк авторлор жана эксперттер тарабынан калыптанып калган аныктама боюнча, Элдик Курултай- ...“элдин башкы өкүлү” эмес, -элдик өкүлдөрдүн жыйыны, мамлекеттин эң жогорку өкүлчүлүктүү органы. Элдик Курултай жүргүзгөн бийлик, мамлекетти башкаруунун негизги түрү.

9 41-берененин 2 жана 3-пункттар. Элдик Курултайдын келтирилген сыпатталышына талаш жок, бирок Баш мыйзамдын текстинде берилиши орунсуздай...

10 42-берененин 1п. а) Элдик Курултайдын өкүлдөрүн жети жылдык мөөнөткө шайлоо элдин калың катмарынын мамлекетти башкаруу ишинен алыстатат, мындай узак мөөнөткө шайланган өкүлдөрдө сенектик, бийлик бутактары менен ымалалашып, корруп-циялык мамилелердин жаралышы өбөлгөлөнөт;

б) Өкүлдөрдү жашыруун добуш менен шайлоо, шайлоо процессин формалдаштырып, бюрократ-таштырып, шайлоонун айкындыгы начарлап, анын жыйынтыгын бурмалоого жол ачат.

11 42-берененин 4п. Элдик Курултайга элдин бардык бөлүктөрүнөн өкүлчүлүк болгону талашсыз жакшы көрүнүш. Бирок, биринчиден, жарандардын жалпы шайлоосунда элдин кайсы бир бөлүгүнө квота берилсе, ал сөзсүз түрдө талапкерлердин инсандык жана ишмердик сапатына доо кетирбей койбойт. Экинчиден, көпчүлүк жерлерде башка улуттун өкүлдөрү жашабайт. Үчүнчүдөн, шайлоо мезгилинде ар кайсы улуттардын арасында тирешүүлөр орун алышы мүмкүн.

Ошондуктан, балким аялдарга жана башка улуттун өкүлдөрүнө квота берип, бирок аларды жалпы шайлоодо эмес, алардын республикалык уюмдарында делегат катары шайлаган дурустур.

12 43-берененин 1п. Элдик Курултайдын жылдык жыйынын октябрь айында өтүшү түшүнүксүз.

а) Долбоордо Элдик Курултайга жогорку бийлик бутактарынын жетекчилеринин жылдык ишин көзөмөлдөө функциясы жүктөлүп жаткандан кийин, балким анын жыйынын өлкө кыштан чыккандан кийин -март айында өткөргөн максатка ылайыктуу болуп жүрбөсүн?

б) Ошондуктан, Элдик Курултайдын өкүлдөрун шайлоо мезгилин долбоордун 42-беренесинин 3п. көрсөтүлгөндөн башка мезгилге которгон максатка ылайыктуу.

13 43-берененин 3 жана 4-пунктары.

49-берененин 2-1)п.

69-берененин 5 жана 6-пункттары. Жогорку Соттун төрагасынын, Башкы Прокурордун, Эсептөө Палатасынын төрагасынын, КТР дин жетекчисинин Элдик Курултайга Президент тарабынан шайлоого сунуштоо жана аларды кызматтан алууга макулдук берүү ыйгарым укугу:

а) Аларды Президентке көз каранды кылат;

б) Көрсөтүлгөн кызматтарга талапкерлердин шайлануу укугу Президенттин орунсуз сунуштоо ыйгарым укугу менен чектелип калат;

в) Президент, бир мезгилде мамлекеттин жогорку бийлик бутагынын бирин -аткаруу бийлигин (Өкмөттү) жетектегендиктен, ал мамлекеттин башка жогорку бийлик бутагынын жетекчисинин - Жогорку Соттун төрагасынын, анын орун басарларынын, Жогорку Соттун жана жергиликтүү соттордун судьяларынын шайланышына кийлигишкени мыйзамсыз. Мындай жөрөлгө азыркы чаташмай бийликтерден эч айырмасы жок.

14 43-берененин 7п.

Элдик Курултай, ар бир райондо? Жогорку Кеңешке өткөн шайлоодо шайлоочулардын 50 пайыз добушунан ашык добуш алган талапкерлерден турган тизмеден Жогорку Кеңештин 45 депутатын шайлайт.

60-берененин 1п.

Жогорку Кеңеш Элдик Курултайдын чечими менен мөөнөтүнөн мурда таркатылышы мүмкүн. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер эки жолу шайлоо процессинен өтүүгө мажбурланган. Элдик Курултай жана Жогорку Кеңеш өкүлчүлүктүү органдар болуп эсептелет, анын курамын бийликтин булагы болгон- эл шайлайт.

Ушул долбоордун 1-беренесинин 8-пунктуна ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер элден түз шайланат.

Жогоруда келтирилген мыйзам ченемдүү логикага ылайык, Элдик Курултайга Жогорку Кеңешти таркатуу укугун ыйгаруу орунсуз.

15 43-берененин 9-п. а) Элдик Курултайда иши “Канааттандырыл-басын” деген баага татыган Президентке “Өзү арыз жазып кетсин же референдумда эл ишеничин далилдесин”-деген арсар талап абсурд.

1) Элдик Курултайдын өкүлдөрү бүткүл Кыргызстандын элинен шайланып, бардык элдин ыйгарым укуктары өкүлдөргө табышталып, алардын чечими императивдик күчкө ээ. Ошондуктан, Элдик Курултайдын чечими эч кандай кошумча “Далилдөөгө” муктаж эмес.

2) Ушундай олуттуу долбоордо “Референдумдун чыгымын жеке киши төлөйт”- деген сөз орунсуз.

15 47-берененин 4-пункту: Президент-тикке талапкер Элдик Курултайдын 60 пайыз добушун алууга тийиш.

48-берене 1п: Президент жарандар тарабынан жалпы, тең жана тике шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш менен шайланат. Бул жоболордо бийлик булактарынын: элдин жана Элдик Курултайдын шайлоо боюнча ыйгарым укуктарынын жол бергис укуктук дубляжга жана коллизияга жол берилип, Президенттикке талапкер иш жүзүндө эки жолу шайланууга мажбурланган.

Ушул долбоордун 1-беренесинин 8-пунктуна жана 48-берененин 1-пунктуна ылайык, Президенттикке талапкер элден түз шайланат.

Бул учурда, биринчиден, Элдик Курултайдын ролу төмөндөп алсырап, дегеле анын зарылчы-лыгы жоголот. Ал бар болгон күндө да, бийлик бутагынын башчылары ага отчет берүүнү каалабайт жана жоопкерсиздик улана берет. Мамлекетти башкаруу системасында өлкөнүн өнүгүүсүн өбөлгөлөөчү өзгөрүү болбойт. Экинчиден, эл Президентти түз шайлаганда, анын жайнаган талапкерлердин арасынан татыктуусун туура тандоо жөндөмү бир топ төмөн экен. Эл, эгер өлкөнүн жалпыга таанылган лидерди шайласа гана анын адашпасына кепилдик бар, тилекке каршы бизде андай лидер али өсүп жатса керек.Үчүнчүдөн, Президентти эл түз шайлаганда баягы эле жердешчилик, уруучулук, саясий партиялардын кайра жанданышы, криминалдын жана диний уюмдардын шайлоого тымызын кийлигишүүсү, чет өлкөлөрдүн керектүү талапкерлерин бейөкмөт уюмдар аркылуу каржылоосу, администрациялык ресурсту колдонуу улана берет. Бул шайлоо олигархтарга гана мүмкүнчүлүк берип, чыгаан, бирок акчасы жок азаматтар четте калат. Акырында, шайлоочулардын 70-80% шайлоого катышы күмөндүү. Элдин 1/3 сырта тиричилик кылып жүрөт, 1/3 бөлүгүн башка улуттун өкүлдөрү түзүп, алар кыргыздын саясатына “салкын” мамиле кылат, а калган элдин көпчүлүгү, айрыкча шаар эли, практика көп жолу көрсөткөндөй, мындай саясий иш-чараларга кайдыгер карашат. Эми калганын эсептеп көрүп, “Шайлоо легитимдүү болобу?”- деген суроо туулат. Жооп: сөзсүз легитимдүү болот (көп жолу сыналган, ишенимдүү бурмалоо жолу менен).

16 43-берененин 11 жана 12 пункттар.

... жана жетекчилик кызматта он (он беш) жылдан кем эмес иштегендерди. а) Бул талапкерлердин укугун чектөөгө жатат;

б) Он беш жылдан кем эмес жетекчилик кызматта иштөө, талапкердин татыктуулугуна кепилдик бербейт, тескерисинче, азыркы шартта ал мөөнөт алардын коррупцияга малынышынын ыктымал-дуулугун гана жогорулатат.

17 43-берененин 13п. а) Квота белгилөө органдын ишмердик сапатына доо кетириши мүмкүн;

б) Улутун “орус, өзбек”- деп көрсөтүүнүн кажети жокко, эгер ушундай эле квотанын зарылчылыгы болсо, балким “башка улуттардын өкүлү”- десе жакшыдыр.

18 43-берененин 16-пунктунун 1-бөлүгү 58-берененин 1-4) пунктуна каршы келет.

Өлкөнүн өнүгүү программасын Өкмөт даярдап, Жогорку Кеңеш колдоп, Элдик Курултайда бекитилип, кийин ал программанын аткарылышы боюнча Президенттен отчет алуу туура болот.

19 43-берененин 16-пунктунун 3-бөлүгү 47-берененин 4-пунктунда кайталанат.

20 43-берененин 19п. Элдик Курултайдын туруктуу иштеген аппараты жок болуп, анын функциясын Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратына жүктөгөн орунсуз.

Элдик Курултайдын чечимдерин ишке ашырылышын көзөмөлдөөчү башкаруучулук ыйгарым укугуна ээ болбогон, туруктуу иштеген чакан жумушчу органдын болуусу зарыл.

45-берененин 4-пунктунда Элдик Курултайдын чечимдерин ишке ашырылышын көзөмөлдөө функциясы Улуттук Кеңешке ыйгарылган.

Бирок, Улуттук Кеңештин Прокуратураны тескеп көзөмөлдөшү, анын алдында атайын кызматтардын кызматкерлеринен куралган туруктуу иштеген көзөмөл тобунун уюштурулушу жана башка ыйгарым укуктары, аны коркунучтуу монстрга айландырат.

21 47-берененин 3п. а) Президенттин жана башка бийликтин бардык талапкерлеринин жаш курагынын жогорку чегин 70 жаш менен белгилөө акталбайт. Бул өтө жооптуу кызматтар бекем ден-соолукту талап кылгандыктан, ал чекти азыркы пенсия жашы же пайгамбар жашы - 63 төн ашырбай чектөө ылайыктуу болот го.

б) Президенттин талапкерлигине кыргыздын нарктуулук сапаттары боюнча талаптар да коюлса жакшы болор эле.

22 54-берененин 1п.

Улуттук жана мамлекеттик идеология Түшүнүксүз, Улуттук жана мамлекеттик идеологиялардын айырмасы кандай? Аныктамалары берилген эмес.

Менимче, элдин улуттук баалуулуктарына, нарк-насилине, салт-санаасына, адилеттүүлүккө, акыйкатка жана чындыкка негизделген, өлкөнү өнүгүүгө өбөлгөлөгөн бир гана Улуттук идеология керек го.

23 Бешинчи бап. КЭР дин Жогорку Кеңеши КЭР дин Жогорку Кеңешинин эң маанилүү функциясы- кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө каралбаган!

24 Экинчи Бөлүм. Жергиликтүү мамлекет бийлиги. Администрация.

66- жана 67-беренелер Абдан жетишсиз. Жергиликтүү мамлекет бийлиги ачылган эмес, башка беренелерге коллизия жаратып калган. Мамлекеттик бийликтин эң төмөнкү деңгээли жана эң көп органы айыл аймактары жонүндө сөз да жок.

25 Жогорку бийлик бутактарынын жетекчилеринин жоопкерчилиги Долбоордо каралган эмес

26 Судьялардын туура эмес кабыл алган чечимдери үчүн жоопкерчилиги Долбоордо каралган эмес

27 Баш мыйзамдын долбоору кыргыздын асыл баалуулуктары жана нарктуулук жөнүндө көп айтылат. Долбоордо, кыргыздын нарк-насилинин жана салт-санаасынын туткасы болгон аксакалдардын орду жана ролу жок. Аксакалдар сотунун буга тиешеси жок.

Сунуш: Долбоор редакциялоого муктаж, балким ийленип иштелип чыккан башка белгилүү долбоорлордун авторлору менен биргеликте дагы иштеп чыгып, элге бирдиктүү долбоор менен чыкса жакшы болмок.

Июнь, 2015-жыл.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

Шайлоо ыкмасы

Салыштыруу таблицасы

Жаңы Конституцияга киргизилген түшүнүктөр (Глоссарий)

Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)

Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)

X
Для размещения комментария авторизуйтесь
АКИpress. Новости Кыргызстана, которые интересуют всех.
Закрыть
X
Для размещения комментария авторизуйтесь