Добавить статью
16:49, 24 сентября 2024 56

Бүбүсайра Бейшеналиева. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата

1959-жыл. Кыштын күнү. Аспирантурада окуп жүргөн кезим.

Мен Киевге командировкага көп барар элем. Себеп, дегенде Украина ошол кезде кант кызылчасынын 70 пайызын бергендиктен Бүткүл Союздук илим-изилдөө институту Киевде жайгашчу. «Командировычныйды» жакшы төлөчү. Берекелүү заман. Фрунзеден Киевге Москва аркылуу учкандыктан Москвага токтоп, анан ары кетчүбүз.

Москвага барганда музыкага жакын жаным сөзсүз театрларга кире кетчүмүн. Эмнеси бар экен деп кулактандырууларды окусам Чоң театрда айтылуу бийчи Галина Сергеевна Уланованын 50 жашка чыкканына байланыштуу коштошуу концерти болот деп турат. Учуп эле жеттим. Барганым менен билет жок. Бир саат турдум, билет сураштырып. Анан оюн башталайын деп калганда бирөө чуркап келе жатат, менде бир билет бар деп. Акчасын бере салып, ордун деле сурабай эле кирип кеттим. Кирсем менин ордум театрдын эң үстүнкү балконунда экен. Отурсам жакшы көрүнбөйт. Элдин баары эле туруп көрүп жатышат. Мен дагы тикемден тик туруп көрүп жаттым. Эми ал кезде Уланованын даңкы учуп турган кези эле. Сергей Прокофьевдин музыкасына жазылган белгилүү балетте Жульеттанын ролун катырды. Кол чабууларды айпагыла. Суктанып карап турабыз.

Анан оюн ортосунда антракт болуп калды. Чыгып эле буфетине бардым. Ал кезде театрлардын буфетинде башка жерде табылбаган «Двойное Московское Золотое» деген пиво сатылчу. Ошол пиводон, дагы айтылуу доктор колбасасынан жасалган бутерброд алып, кайда отурсам деп орун издеп жатып, Калый акени (Молдобасанов) көрүп калдым. Жанында Бүбүсайра Бейшеналиева турат. Дагы бир дүңкүйгөн бирөө. Ал композитор Таштан Эрматов экен. Бүбүсайраны мурда сыртынан көрүп жүрчүмүн. Атагы чыгып калган. Жанынан көрөм деген ой жок эле.

Калый ага мени көрө коюп «о-оо, иним кел-кел» деп сүйүнүп кетти. Аңгыча Бүбүсайра жалт карай калганда мен үчүн күн жарк эте түшкөндөй эле болду. Шашканымдан колумдагы пиво ыргып кетип, түшүп баратканда Калый кармап калды. Бул кебетем Бүбүсайранын дагы күлкүсүн келтирдиби жарк этип күлүп жиберди. Күлкүсү тим турганынан да керемет экен. Таза эле оозумду ачып, эстен танып калсам керек. Бүбүсайра «ой, жигит эмне болду?» деп жаркылдап турат. Аңгыча, Кудай жалгап Калый аралашып, «Бүбүсайра, бул Жамин Акималиев деген менин иним, өзү окумуштуу», - деп тааныштырып жатат. - «Бүбүсайра», - деп мага колун сунду. Колу кол эмес эле кебез.

Бүбүсайра ачык сүйлөгөн, ушунча жөнөкөй жан экен. – Калый, деп жатат, ушул колбасаңдан тажадым, өзүбүздүн улуттук тамактардан алып берсең боло, деп. Калый Бүбүсайрадан үч жаш кичүү болсо дагы аны сен дейт экен. Калый аке - “ой, макул, макул” деп жатат. Кичине эсимди жыйсам керек - «Калый аке, эртең убактым бар эле, анын үстүнө мен үйдөн келбедимби, туура көрсөңүздөр сиздерди мен сыйлайын» - дей салдым. Макул болушту. Эртеси саат 12де Чоң театрдын маңдайындагы Кыргыз элчилигинин алдынан жолукмай болдук.

Галина Уланова дүйнөлүк деңгээлдеги бийчи болчу. Бирок, биздин Бүбүсайра Бейшеналиеваны жанынан көргөндөн кийин ал биякта эле калды окшойт. Бүбүсайра жөнөкөй эле кийинген, бирок, табигый сулуулугу, жаракөрлүгү өзүнө батпай төгүлүп турган, кыймылы да керемет, бир кайталангыс жан экен. Атаңдын көрү, баягы Мусакем ырдаган «Жаракөр» ушул турбайбы деп, ичимден толгонуп, мейманканада жакшы деле уктаган жок окшойм.

Эртеси жолуктук. Эми кайда барабыз десек Бүбүсайра айтып калды: «Бу, европанын тамагын жөн эле коелу, бул жакта «Өзбекстан» рестораны бар эмеспи ошого баралы. Манты, шорпо же лагманы болсо керек», - деп калды. Такси кармайын десем жөө эле барабыз деп Бүбүсайра ортого түшүп алып, көркүбүздү ачып баштап баратат. Өтүп бараткандардын айрымдары Бүбүсайраны бир кылчайып карап калып жатканын байкап бараттым. Ансайын «биздин Бүбүсайра» деп көкүрөгүмдү көтөрүп калам. Бүбүсайра андайга көнүп калганбы байкамаксан.

«Өзбекстан» ресторанына бат эле жетип бардык. Барсак кезек көп. Баары эле эркектер. Бүбүсайра «силердин мындайга эбиңер жок, мен азыр» деп эшик тоскон кишиге барып бирдеме айтты окшойт, ал кезекти көрсөтүп жатат. Бүбүсайра ансыз да баятадан көздөрү акчудай болуп өзүн карап турган эркектерди карап, жаркылдаган калыбында: «Столько мужиков стоите. Неужели не пропустите такую красивую девушку как я?», – деди эле, тигилер араң эле турушкан окшойт хор менен «пожалуйста» деп калышты. Бүбүсайра эшикти кенен ачып бизге ишарат кылды эле, шыпылдап өтүп баратсак, беркилерге жакпай калды окшойт: «Оо, с ней еще другие», - деп нааразы болду эле Бүбүсайра: «Эти мои мужчины, как я без них буду обедать?», – деди эле, жаактары жап болду. Менюсун карасак мастава, шорпо, манты, күрүч, шишкебек, айтор, баары эле бар экен. Көрсө, Бүбүсайра ушуларды сагынган тура.

Башкаларын билбейм, Бүбүсайра биринчисине мастава, экинчисине манты алдырып, «аппетит» менен жеп отурду. Калый аке тамашалап калды: «- Йе, Бүбүсайра өзүң бийчи болсоң, ушунча тамак жесең семирип кетсең кантип бийлейсиң?», - деп. Анда Бүбүсайра айтып жатат: «Калый, тамактан жалкоолор гана семирет. Мен суткасына 10 саат бийлесем, мага күчтүү тамак керек да»... Баарыбыз жыргап, күлүп калдык.

Бүбүсайраны ошондон кийин жакшы билип, көзү өткөнчө сыйлашып, катышып жүрдүк. Аттиң, асылган оору 47 жашында алып кетти. Ал айтып жүрүшкөндөй кыргызга жанган бир Чолпон жылдыз эле. Жан дүйнөсү, билими, акылы, сулуулугу, жаракөрлүгү, адамдык касиети табигый айкалышкан мындай аруузат кийин-соңу болобу-болбойбу билбейм. Окууну орусча бүтсө дагы ал баарынан мурда нукура кыргыз кызы эле. Сөзүнөн, баскан-турганынан, өнө-боюнан кыргыз аялзатына тиешелүү бардык касиеттер байкалып турчу. Бир көрүп, баарлашкан адам Бүбүсайраны унутушу мүмкүн эмес деп ойлойм.

Негизгиси кыргыздын эсиндеги легендарлуу сулуулар ушул Бүбүсайрадай эле болсо керек. Жеке турмушу боюнча айткым келбейт. Бир гана көзү өткөндө Чынгыз Айтматовдун катуу ыйлаганын көзүм менен көргөм.

бүбүсайра бейшеналиева
Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×