Добавить статью
3:44, 12 октября 2012 30062

Аймакта  шайлоого карата  «иш» күчөдү

Күздөгү шайлоолорго карата саясий партиялардын «жарышы» баштала турган болуп калды. Шайлоо жакындаган сайын улам бир партияга “жан кирип” жабылып калган “офисттер” кайра ачылып жандана баштады. Партиялардын алды жай айынан баштап эле тымызын шайлоого даярданып келсе, айрымдары жарышка түшкөнүнө бир жума эле болду. Жалал-Абад областы боюнча 7 шаарда - Жалал-Абадда, Кара-Көлдө, Майлы-Сууда, Кочкор-Атада, Таш-Көмүрдө, Кербенде жана Көк-Жаңгакта саясий партиялардын ат салышуусу күтүлүүдө. Алардын ичинен эң активдүүсү Жалал-Абад шаарында өтөт сыяктанат.

Жалал-Абад шаарында шаардык кеңештин депутаттыгына ат салышып, көпчүлүк добушка ээ болом деген партиялар - КСДП, «Ата Журт» мекенчил партиясы, Өнүгүү, Замандаш-Современник, «Ата Мекен» социалисттик партиясы, «Республика», «Эгемен Кыргызстан», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Мекен биримдиги» партиялары. Негедир «Ар-Намыс» партиясы бул жолу Жалал-Абадда активдеше алган жок. Учурда бул партиялар шымалана иштеп, тизмесин тактап, шаардык конференцияларды өткөрүп, стартка даярданып жаткан учуру. Жакында үгүт иштери башталганда бул партиялар шаарды аралап, электротттарды өзүнө тартууга аракет кылат. Ал эми ким көп добушка ээ болот – шайлоонун жыйынтыгы менен аныкталат. Партиялардын ортосундагы буга чейин ачык, жабык жүрүп келген маалымат согуштары күчөйт. Шайлоо добуштарын ар кандай формада сатып алуу аракеттери көрүлүшү мүмкүн.

Ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу шайлоо окуругдарына шайлоо башталып калган учурда «Ленин-Текебаев» атабыз баш болгон Жогорку Кеңештин демилгеси менен шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралып жатат. «Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу» жөнүндөгү КР мыйзамына «Ким депутат боло албайт?» деген чектөөлөрдун санын көбөйтүү сунушталып жатат. Тагыраак айтканда, «мамлекеттик же жергиликтүү бюджеттин эсебинен тиешелүү калктуу пункттун жашоочуларына кызмат көрсөткөн мамлекеттик же муниципалдык ишканалардын жана коммерциялык мекемелердин жетекчилери менчигинин түрүнө карабастан, жергиликтүү кеңештин депутаты боло албайт деген сунушу жергиликтүүлөрдү «капа» кылууда. Мындай чектөөгө жер-жерлердеги саясий партиялардын өкүлдөрү, талапкерлигин коюп жаткан кандидаттар, коомдук уюмдардын өкүлдөрү каршы болуп жатышат. Анткени, 15-октябрда шаардык кеңештерге талапкерлердин каттоо токтойт. Эгер мыйзамга өзгөртүү кирип калса, каттоодон өткөндөр, тизмеге киргендер эмне кылышат?, деген суроо кабыргасынан коюлууда.

«Бул өзгөртүүнү адам укуктарын чектөө катары кабыл алабыз. Жеке ишкер же муниципалдык ишкананын (комхоз, суу ассоциациясы ж. б.) жетекчиси элдин өкүлү болуп, элдин маселесин чечем деп депутаттыкка талапкерлигин коюуга чектөө киргизүү туура эмес» дегендер чыгышты. Алар “Мамлекеттик кызматчылар, айыл өкмөтүндө иштеген муниципалдык кызматчылар депутат боло албайт” деген чектөө жетиштүү болмок деп эсептешет. Ал эми айыл жеринде андан сырткары иштегендер же жеке сектордо иштейт, же муниципалдык башка ишканаларда иштешет. Эгер аларга чектөө коюлса анда ким депутат болот? Бүгүнкү күнү депутаттардын ыйгарым укуктары өтө чон, алар жер мыйзамдарын, бюджет маселесин, муниципалдык менчик мыйзамдарын, социалдык маселелерди түшүнө алган, тийиштүү туура чечимдерди чыгара алган кишилер болушу керек дешүүдө.

Эң башкысы шайлоо процесси жүрүп атканда оюндун эрежелерин гана өзгөртпөстөн, оюнчуларды дагы өзгөртүү жер-жерлерде чоң нааразычылыктарды жаратууда деген билдирүүлөр менен чыгышып Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, бул өзгөртүүлөрдү кабыл албагыла деп талап кылган кайрылууну жиберишти.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

07-08-2013
Майлуу-Суу шаары саясий кризистен чыга албай жатат  

161273

01-08-2013
Жалал-Абад областында балдардын жайкы эс алуусу үзгүлтүккө учуроодо
162003

14-05-2013
Бабанов бала бакчадан баш тартабы?
32235

13-05-2013
Сузак районунун жетекчилеринин жоопкерсиздиги
37186

07-01-2013
Жалалабаддык ишкер кайрымдуулук акциясын өткөрдү
17711

17-10-2012
Биз  кайсы жолдо баратабыз?...
19801

19-06-2012
Кредит алгандар бергендерге нааразы. Эмне үчүн?
59542

17-04-2012
Пахта эккендердин мээнети кайтпай калып жатат       
102890

28-01-2012
Жетекчисин кызматтан алууга каршы болгон жамаат
49078

27-07-2011
Жалал-Абаддын токойлору жабыркап жатат
128545

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×