Добавить статью
2:54, 17 октября 2012 19801

Биз  кайсы жолдо баратабыз?...

Тарыхтын дөңгөлөгү айланууда. Кыргызстанда мыйзам, укук дегендер жону жука, карды ач букараларга гана иштеп байларга, криминалдарга жана бийликтин башындагыларга келгенде эле иштебей калат экен. Муну мен бийликтин ичинде жана сыртында жүрүп сездим. Мен жаш чагымда кыргыз элинин духун 36-37-жылдардагы сталиндик репрессия өлтүргөн, ошон үчүн жетекчилер кошоматчы, жүзү жок болуп калган деп жүрчүмүн. Кийин ал система кыйрады,эгемендүү болдук десек, андан кийинки акаевдик, бакиевдик жана отунбаевалык-атамбаевдик система андан да коркунучтуу болуп чыкты. Булардын системасы акаевчилер ( Алга Кыргызстан), бакиевчи – (Ак Жол), убактылуу өкмөтчүлөр , отунбаева-атамбаевчи ( КСДПК) өздөрүнө караган адамдардын тобуна гана кызмат кылган корпоративдик бийликке айланды. Акаев Айдар, Адил,Бермети жана анын досторун байытып кыргыз элин аларга чөгөлөтсө, Бакиев Максимди байытып анын досторуна кыргыз элин чөгөлөттү. Отунбаева Бабановду байытып дүйнөлүк олигархтардын катарына кошуп ал азыр акчасы менен кыргыздарды чөгөлкүсү келүүдө. Парламенттик бийлик түзүлдү, мындан ары парламент,андан кийин президент башкарат деп сүйүндүк эле, бул праламент башкара албай Атамбаевге чөнтөк партия болуп калды. Ошон үчүн парламентти тараткысы келбей жатат. Спикер СДПК, Премьер-министр СДПК, аким, губернатордун көбү СДПК болуп Ак Жол партиясынын жолуна түшүп кетип баратат. Мамлекети кызмтатта иштеп көнүп калгандар хамелеон болуп бийликке карай өзгөрө берип жүзү деле калбай калды. Бул алардын күнөөсү эмес, бийлик системасынын күнөөсү. Биз айтсак балким капа болоор, Р.Отунбаева дле мамлекетти шопурлар башкарып калды деген мааниде айтканы ММКга жарыяланып чыкты. Демек А.Атамбаевдин “короосундагылар” элди “тейлеп” жатканы да. Мейли ага деле макул дейли. Жалал-Абадда отставкадагы полковник, бир пенсионер “Бакиевди үй-бүлөлүк башкаруу деп кууп чыктык, бирок ал менин пенсиямды 2 миң сомдон 8 миң сомго чейин көтөргөн, Отунбаева, Атамбаевдер келгенден кийин 100-200 сом эле кошулду. Мага демектен Атамбаев аялын премьер кылып алсын, бир туугандарынын баарын кызматка коюп койсун, болгону кымбатчылкка жараша пенсиямды көтөрүп турса эле болду” деп чыркырап айтып жатса, эмне айтаарыңды билбей калат экенсиң. Ал го ал болсун кечээ эле Ташиевге окшоп оппозицияда жүргөн бийликти алынын жетишинче боктоп, уят сөздөр менен атап жүргөн Атамбаев жана анын командасы парламенттик шайлоодо эң көп добуш алып элдин жогорку ишенимине ээ болгон “Ата Журт” партиясын бири-бирине тукуруп, ич ара бөлүп жарып, алсыздандырып анан оппозияда калган үч депуттатты Ак үйдү басып алганга, бийликке төңкөрүш жасаганга аракет жасады деп каматып салып, кудум Акаевчесинен, Бакиевчесинен “мыйзам чегинде болуш керек” деп “Бейиш эненин таманында деп” энелер күнүн жарыялаганын унутуп ачкачылык жарыялап 8 күндөн бери боз үйдө отурган энелердин муң зарына кулак салбай койгону, коомчулукту ойго салып койду.

Эң кызыгы КТР, ЭлтР аркылуу Ташиевди мыйзамды бузду, ак үйгө “атака” жасады, мындай адам жазаланыш керек деп кайра-кайра айтып жатып, өзүнүн чыныгы жүзүн, бийликке кантип келгенин ачып, басып алгандыгын элге билгизе баштады. Эл мурунку бийликтен бул бийликтин айырмасы жок экенин билди.

Эл азыр “Бакиев деле мыйзамды сактап, ак үйгө кирем дегендери атканы туура болгон экен. Отунбаева, Атамбаев,Текебаевдер деле ак үйдү басып, морадерлук кылып бийликти алып алган тура. Демек булардыкы деле мыйзамсыз болгон турбайбы” деп ойлоно баштады. Азыр коомчулукта ушул суроо пайда болду жана анын жообун издей баштады.

Бул жагынан алганда Ташиевди камаган Атамбаевге жана анын бийлигине ыракмат айтыш керек. Анткени элдин көзү ачылып жатат. Көрсө, бийликти басып алгандар баатыр эмес экен.

Шоруң каткыр мыйзам, кимге жазылган? Эгер бийликте тургандар үчүн тиешеси жок болсо, анда ак үйдү басып алууга Ташиев эле эме Бабанов да умтулат, умтулуп жатат. Анда да башкалар умтулушу мүмкүн. Бирок ала өздөрү эмес, карапайым эл курал болуп берет.

Мен Алмазбек Атамбаевден муну күтпөдүм эле. Мен Текебаевден муну күтпөдүм эле. Мен Ташиевден да ушуну күткөн эмесмин. Биз кайсы жолдо баратабыз? Каякка баратыбыз? Эмне болобуз?

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

07-08-2013
Майлуу-Суу шаары саясий кризистен чыга албай жатат  

161256

01-08-2013
Жалал-Абад областында балдардын жайкы эс алуусу үзгүлтүккө учуроодо
161995

14-05-2013
Бабанов бала бакчадан баш тартабы?
32235

13-05-2013
Сузак районунун жетекчилеринин жоопкерсиздиги
37186

07-01-2013
Жалалабаддык ишкер кайрымдуулук акциясын өткөрдү
17710

12-10-2012
Аймакта  шайлоого карата  «иш» күчөдү
30058

19-06-2012
Кредит алгандар бергендерге нааразы. Эмне үчүн?
59541

17-04-2012
Пахта эккендердин мээнети кайтпай калып жатат       
102876

28-01-2012
Жетекчисин кызматтан алууга каршы болгон жамаат
49073

27-07-2011
Жалал-Абаддын токойлору жабыркап жатат
128539

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×