Ишкер Жеңиш Токторбаев өзүнүн «Жеңиш-Достук» кайрымдуулук фондунун атынан жаңы жыл алдында Жалал-Абад шаарындагы өспүрүмдөрдүн мүмкүнчүлүгү чектелген «Акбермет» балдар үйүндө жана балдардын психневрологиялык диспансерине барып, кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүп келди. Булл тууралуу кайрымдуулук фонддун мүчөсү Абдулках Кушназаров билдирди.
А.Кушщназаровдун айтымында, үч суу жылыткыкыч, 1 музыкалык борбор тапшырган. Ал эми «Акбермет» балдар үйүнө да 1 музыкалык борбор, 5 кап ун, балдарга жаңы жылдык белек берилген. Алардын жардамына психодиспансердин директору Дамира Алимжанова жана «Акбермет» балдар үйүнүнүн директору Алимакан Ташбаевалар ыраазычылыгын билдирди.
Ж.Токторбаев ушундай кайрымдуулук иштерин 7 жылдан бери жүргүзүп келе жаткандыгын жана ал мындан ары да уланттарын билдирди.