Добавить статью
17:07, 29 апреля 2015 96889

Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)

“Даанышман Кеңештин” 14.02.2015-ж.

жалпы жыйынында, долбоорду жалпы элдик

талкууга алып чыгуу чечими кабыл алынды.

Биз, Кыргыз Республикасынын эли:

Ата-бабаларыбыздын осуяттарын, Айкөл Манастын өрнөгүн жана үлгү тутаар ыйык иштерин эске сактап;

Кыргыз элинин наркын, салтын, улуттун руханий баалуулуктарын жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды бийик тутуп;

Кыргызстан элинин биримдигин жана ынтымагын, мамлекеттин бүтүндүгүн камсыз кылууга умтулуп;

Жалпы адамзат кабыл алган адам укуктарын жана эркиндиктерин өнүктүрүүнү көздөп;

Экономиканы, маданиятты, саясий, укуктук, илимий жана улуттук институттарды элдин татыктуу жашоо деңгээлин камсыздоо үчүн өнүктүрүп;

Кыргыз элинин салттуу башкаруу институттарын бийлик менен элдин ортосундагы ырааттуулукка жетишүүнүн, улуттар жана конфессиялар аралык ынтымактын, демократиянын үлгүсү катары карап;

Ааламдашууда кыргыз улутунун жүзүн, наркын, кайталангыстыгын сактап калчу Конституцияны иштеп чыгып;

Көз карандысыз, демократиялык мамлекетибизди өнүктүрүү жана чыныгы элдик бийлик орнотуу максатында ушул нарктык-укуктук Конституцияны кабыл алабыз.

I БӨЛҮМ. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ТҮЗҮЛҮШҮНҮН НЕГИЗДЕРИ

1-БАП. КОНСТИТУЦИЯЛЫК ТҮЗҮЛҮШТҮН КООМДУК- САЯСИЙ ЖАНА ЭКОНОМИКАЛЫК НЕГИЗДЕРИ

1-берене

1. Кыргыз Республикасы (кыскача - Кыргызстан) – эгемендүү, унитардык, демократиялык, нарктык-укуктук, социалдык республика.

2. Кыргызстандын эли, улутуна карабай Кыргызстандын аймагында жана анын сыртында жашап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынан турат.

3. Кыргызстандын эли, Кыргыз Республикасынын эгемендигинин ээси жана бийликтин бирден бир булагы болуп саналат.

4.Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн жана мамлекеттүүлүгүнүн т‰р‰н аныктоо Кыргызстандын элинин укугу.

5. Элдин укуктары жана эркиндиктери ушул Конституция жана мыйзамдар аркылуу корголот.

6. Нарктык-укуктук Конституциянын кабыл алынышына байланыштуу Нарктык Кеңеш, элдин нарктык ченемдеринин корголушунун жана иштешинин кепилдиги Конституциялык Сот, укуктук ченемдеринин корголушунун жана иштешинин кепилдиги болуп эсептелет.

7. “Улутту сактап калуунун негизин укуктук ченемдер менен нарктык ченемдердин түптүү жана ырааттуу байланышы түзөт”- деген башкы идеяны кармануу, жетекчиликке алуу конституциялык түзүлүштү орнотууга жана аны өнүктүрүүгө багытталган иштерди жүргүзгөн бардык мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу органдарынын, жооптуу кызмат адамдарынын ыйык милдети.

2-берене

1. Кыргызстандын эли:

1) Ушул Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде, өз бийлигин шайлоолордо, референдумдарда же шайлаган өкүлдөрүнө укугун табыштоо менен, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу аркылуу жүргүзөт.

2) Улуттук Курултайдын жана аймактык Жыйындын өкүлдөрүн тикелей, түз жана ачык добуш менен шайлайт.

3) Мыйзам чыгаруу жыйынынын, аймактык жана айылдык (конуштук) кеңештин депутаттарын, аймактык соттун судьяларын тикелей, түз жана жашыруун добуш менен шайлайт.

2. Кыргызстандын жарандары, жашы 18 ге толгон курактан тартып шайлоо укугуна ээ.

3. Мамлекеттик маанилүү маселелер, жалпы элдик добуш берүүгө (референдум) коюлат. Элдик бийликти чагылдырган түз жана жалпы элдик добуш берүүнү өткөрүү тартиби конституциялык мыйзам менен бекитилет.

3-берене

Кыргызстанда мамлекеттик бийлик төмөнкү ишмердүүлүктөргө багытталат:

1. Элдик жыйындарда өкүлчүлүктүү элдик бийликтин үстөмдүгүн орнотууга;

2. Мамлекеттик аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бийлигин ушул Конституцияга жана мыйзамдарга ылайык жүргүзүүгө;

3. Мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтин эл алдындагы жоопкерчилигин жана ачыктыгын камсыз кылууга, өз ыйгарым укуктарын элдин кызыкчылыгында жүзөгө ашырууга;

4. Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү башкаруунун иш-аракетинин ыраатталышына;

5. Мыйзамсыз иш-аракети үчүн мамлекеттик бийлик органдары эл алдында жоопкерчилик тартуусун камсыз кылууга.

4-берене

1. Кыргызстанда мамлекеттик бийлик түзүмүн төмөнкүлөр аткарат:

-Өкүлчүлүктүү бийлигин- Улуттук Курултай жана Кыргызстандын Мыйзам чыгаруу жыйыны;

-Аткаруу бийлигин- Кыргызстандын Өкмөтү (кыскача- Кыргыз Өкмөтү);

-Сот бийлигин- Кыргызстандын Конституциялык Соту, Жогорку Соту жана аймактык соттору;

-мамлекеттик атайын органдар- Улуттук Банк, Эсептөө Палатасы, Башкы Прокуратура, Борбордук шайлоо комиссиясы, Статистика комитети жана Улуттук маалымат Агенттиги.

2. Кыргызстандын элинин атынан Кыргыз Республикасынын Президенти гана чыга алат.

5-берене

Кыргызстандын Президентинен жана Вице-Президентинен, Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынан, Кыргызстандын Башкы прокурорунан, Нарктык Кењештин м‰чөлөр‰нөн Мамлекеттик Кењеш түзүлөт жана Кыргызстандын Президентинин демилгеси менен чакырылып, мамлекеттик маанилүү маселелерди талкуулайт жана аткаруу бийлигине сунуштарын берет.

6-берене

Кыргызстанда:

1. Ойдун ачык айтылышына кепилдик берилет.

2. Коомдук-саясий уюмдар жана кыймылдар, ишкерлер жана кесиптик-чыгармачылык, илимий жана маданий уюмдар, аялдардын, ардагерлердин жана жаштардын уюмдары, мамлекеттик эмес уюмдар, жалпыга маалымдоочу маалымат каражаттары жана башка мыйзам чегинде белгилүү тартипте мамлекеттик каттоодон өткөн жарандык жана жамааттык бирикмелер, мамлекеттин кызыкчылыгына, көз карандысыздыгына, б‰т‰нд‰г‰нө, ырыс-ынтымагына доо кетирбесе өздөрүнүн мыйзамдуу укуктарына таянып, максаттарын жүзөгө ашыруу, µз эркин жана көз караштарын билдирүү үчүн түзүлөт.

3. Мамлекет юридикалык каттоодон өткөн коомдук уюмдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылат.

7-берене

1. Мамлекет жана анын органдары коомдун кандайдыр бир бөлүгүнө эмес, бүтүндөй коомго кызмат кылышат.

2. Мамлекеттик жана коомдук маанидеги чечимдер көпч‰л‰кт‰н добушу менен кабыл алынып, азчылыктын пикири эске алынат. Чечимдерди кабыл алууда, мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктар артыкчылык укукка ээ.

3. Мамлекет өз ишмердигин адамдын жана коомдун жыргалчылыгы үчүн социалдык мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк эрежелери менен жүргүзөт.

4. Мамлекеттик бийликти өзүнчө уюшкан топ, бир дагы социалдык же коомдук бирикме, эч бир инсан ээлеп алууга укугу жок. Мамлекеттик бийликти ээлеп алуу, мекендин бүтүндүгүнө доо кетирүү, өлкөгө чыккынчылык кылуу, Президенттин же жогорку бийлик өкүлдөрүнүн сыртка качып кетүүсү, коррупция жана ушул сыяктуу элге каршы эң оор кылмыштар эбактыгына карабастан жазаланууга жатат.

8-берене

1. Кыргыз эли алгачкы Конституциясын кабыл алгандан берки чек арасы камтыган аймагы сакталат, бүтүн, кол тийгис жана мамлекеттик коргоодо турат. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын жана аймагын кемитпестен өзгөртүү маселеси Кыргызстандын бүткүл аймагындагы элдик курултайлардын бардык баскычтарында жана Мыйзам чыгаруу жыйынында талкууланып, жалпы элдик добуш берүү (референдум) менен гана чечилет.

2. Кыргызстанда администрациялык-аймактык түзүлүш - республикалык, аймактык, элетте айылдык жана шаарларда конуштук болуп, үч баскычтагы мамлекеттик башкарууга ээ.

3. Кыргызстандын аймагы мыйзамда аныкталган администрациялык-аймактык бирдиктерге бөлүнөт.

4. Бишкек жана Ош шаарлары республикалык маанидеги шаарлар болуп саналат, алардын статусу мыйзам менен ырасталат.

9-берене

1. Кыргызстан өзүнүн Куралдуу Күчтөрүн кармайт, анын Куралдуу Күчтөрү өз мамлекетин коргоого жарамдуу жана жетиштүү коргоно алуунун негизинде куралат.

2. Кыргызстандын Президенти кызмат абалы боюнча Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысы болуп саналат.

3. Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүн өлкөнүн аймагынан тышкары жакта колдонуу маселесин Кыргызстандын Мыйзам чыгаруу жыйыны чечет.

10-берене

1. Кыргызстанда табийгый алаамат болгон учурда, конституциялык түзүлүшкө түздөн-түз коркунуч жаралган жагдайда, көпчүлүктүн өмүрүнө коркунуч туудурган кысым жана зомбулук болгондо, ошондой эле конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн шарттарда жана мөөнөттөрдө өзгөчө кырдаал абалы киргизилиши мүмкүн.

2. Өзгөчө кырдаал абалы Президент тарабынан киргизилет.

11-берене

1. Кыргызстан мамлекеттик символдорго – улуттук Тууга, Гербге жана Гимнге ээ. Алардын сыпаттамасы жана расмий пайдалануу тартиби мыйзам менен белгиленет.

2. Кыргызстандын борбору - Бишкек шаары.

3. Кыргызстандын акча бирдиги – сом.

4. Кыргызстан менен чет мамлекеттердин ортосунда ошондой эле алардын жарандары аралык чарбалык-экономикалык мамилелеринде төлөм каражаты катары чет элдик валюталарды колдонууга жол берилиши мүмкүн.

5. Кыргыз тили- мамлекеттик тил, мамлекеттик ишмердүүлүктүн, улуттар аралык, жарандык жана диний мамилелердин милдетин аткарат.

6. Кыргызстанда жазма маалыматтар мамлекеттик тилде жана кыргыз арибинде жазылат, башка тилдеги жана ариптеги жазуулар котормо ирээтинде колдонулушу мүмкүн.

12-берене

1. Кыргызстанда элдик, мамлекеттик, жеке жана башка мыйзамдарда аныкталган менчик түрлөрү таанылат жана бирдей корголот.

2. Жер, анын кен байлыктары, аба мейкиндиги, суулары, токойлору, өсүмдүктөрү жана жаныбарлар дүйнөсү, башка жаратылыш ресурстары Кыргызстандын элдик менчиги болуп саналат, алар бүтүн экологиялык системаны сактоо жана Кыргызстан элинин жашоосу менен иш-аракетинин негизи катары пайдаланылат жана мамлекеттин өзгөчө коргоосунда турат.

3. Менчиктештирилген жер тилкелелери Кыргызстандын жарандарына гана сатылат.

4. Ушул Конституция кабыл алынгандан баштап, Кыргызстандагы жер, андагы кен байлыктар жана жаратылыш байлыгы ажыратылбайт, сатылбайт жана жеке менчикке берилбейт.

5. Жайыттардан тышкаркы жер тилкелери гана Кыргызстандын жарандарына кыска жана узак мөөнөткө келишим менен ижарага берилиши мүмкүн.

6. Жер тилкелери чет элдик ишкана-уюмдарга ижарага биринчи жолу 5 жылга чейин, эгер жер тилкеси өздөштүрүлсө, андан кийин ар бир 10 жылда узартуу укугу менен берилет. Дипломатиялык өкүлчүлүктөргө эл аралык келишимдердин негизинде берилиши мүмкүн.

7. Менчик кол тийгис. Эч ким мыйзамды бузуу, өзүм билемдик менен мүлкүнөн ажыратылышы мүмкүн эмес. Менчик ээсинин эркинен тышкары, аны мүлкүнөн ажыратууга соттун чечими менен гана жол берилет.

8. Улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын жана наркын сактоо, адамдардын укуктары жана эркиндиктерин коргоо максатында, соттун чечимисиз мүлктү убактылуу алып коюуга, мыйзамда каралган учурларда гана берилет. Мүлктү мындай алып коюнун мыйзамдуулугу сот тарабынан милдеттүү түрдө каралууга жатат.

9. Мыйзамда каралган мамлекеттик муктаждыктар үчүн мүлктү алып коюу, ал мүлктүн ордун толтуруп берүүнү адилеттүү жана алдын-ала камсыз кылуу менен же соттун чечими боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.

10. Жарандардын жана юридикалык тараптардын менчигинде турган мүлктү мамлекеттин менчигине өткөрүү (улутташтыруу), мыйзамдын негизинде ал мүлктүн жана башка чыгымдардын ордун толтуруу менен жүргүзүлөт.

11. Менчиктер коомго жана экологияга зыян келтирбегендей колдонулат, өлкөнүн жалпы өнүгүүсүнө кызмат кылат жана менчик ээлеринин өз укуктарын ишке ашыруунун чектери жана тартиби, аларды коргоонун кепилдиктери мыйзам менен аныкталат.

13-берене

1. Кыргызстандын мамлекеттик бюджети республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден турат, мамлекеттин кирешелерин жана чыгашаларын өзүнө камтыйт.

2. Кыргызстандын социалдык-экономикалык жылдык өнүгүү программасы - мамлекеттик бюджетте чагылдырылат.

3. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди түзүүнүн, кабыл алуунун, пайдалануунун тартиби, ошондой эле аларды аткарууну текшерүү мыйзам менен аныкталат.

4. Республикалык бюджет Кыргызстандын Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан мыйзам менен, жергиликтүү бюджеттер тиешелүү жергиликтүү Кеңештердин чечими менен кабыл алынат.

5. Кыргызстанда бирдиктүү салык системасы иштейт. Салыктарды белгилөө укугу Мыйзам чыгаруу жыйынына таандык.

14-берене

1. Кыргызстанда экономикалык мамилелерди мамлекеттик илимий жөндөлүүчү рынок экономикасы түзөт.

2. Кыргызстандын экономикалык түзүлүшүн, ушул Конституцияда аныкталган менчиктерге негизделген ишкердик тараптардын талаптарына жана социалдык ыңгайлашкан рыноктун мыйзамдарына, коомдун муктаждыгына жана өлкөнүн өнүгүүсүн шарттаган экономиканын жана өнөктөштүктүн өз-ара ылайыкташуу кызматташтыгы аныктайт.

3. Кыргызстан улуттук экономиканын кызыкчылыктарын сактайт жана аларды коргоо чараларын көрөт.

4. Мамлекет ыктыярдуу негизде биригишкен ар түрдүү формадагы айыл чарба бирикмелерин колдойт, алардын өз алдынчалыгын тааныйт.

5. Чет элдик жарандар жана юридикалык тараптар, башка мамлекеттер жана эл аралык субъектилер Кыргыз Республикасындагы менчик объектилеринин тагдырын чечүүгө, ошондой эле сырт тарап көпчүлүккө ээ болгон ишканаларды түзүүгө жол берилбейт.

6. Стратегиялык маанилүү тармактардын көзөмөл пакети мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын колунда болот.

7. Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет элдик субъектилердин баары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына баш ийет.

15-берене

1.Кыргызстандын Конституциясы эң жогорку юридикалык күчкө ээ жана Кыргызстанда түздөн-түз колдонулат.

2. Ушул Конституция мамлекеттик тилде жазылды, башка тилдеги котормосу менен талаштуу учурларда, т‰п нуска артыкчылык укугуна ээ.

3. Кыргызстандын Конституциясынын негизинде Конституциялык мыйзамдар, кодекстер, мыйзамдар, Президенттин Жарлыктары жана башка укуктук ченемдик актылар кабыл алынат.

4. Мыйзам бекиткен тартипке ылайык, Кыргызстан катышуучу болуп күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана эл аралык укуктук ченемдик актылар, Кыргызстандын укуктук тутумунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

2-БАП. КОНСТИТУЦИЯЛЫК ТҮЗҮЛҮШТҮН РУХАНИЙ НЕГИЗДЕРИ

16-берене

Кыргызстанда:

1. Байыртан бери өз ишенимин, руханий жана материалдык маданияттарын, улуттук философиясын оозеки жана жазма шедеврлерин жаратып, мамлекеттүүлүктүн белгилүү формаларын басып өткөн кыргыз эли мамлекеттин өзөгүн түзүүчү улут болуп таанылат жана мамлекеттин тагдырына жооп берет.

2. Мамлекет Улуттук идеологияны карманат, кыргыздын жолдуулук ченемдерин жана улуттук наркты элдин бардык катмарына жайылтууну камсыз кылат.

3. Мамлекет кыргыз элинин салттуу жамаатчылыгын тааныйт жана салттуу коом түзүү тажрыйбаларын заманбап колдонууга милдеттүү.

4. Мыйзамдарды жана башка укуктук ченемдик актыларды элге толук жеткирүү үчүн жалпыга маалымдоочу каражаттарда жарыялоо, алардын күчүнө кириши үчүн керектүү шарт болуп эсептелет.

17-берене

1. Мамлекет, билим берүүнү экономикалык, социалдык жана маданий теңсиздикти жоюу, атуулдардын эркин коомду демократиялуу өнүктүрүүгө катышуу, илимий жетишкендиктерге ээ болуу шарттарын түзүү менен өнүктүрөт.

2. Мамлекет илимий жана технологиялык изилдөөлөргө, чыгармачылык изденүүлөргө кызыктыруу шарттарын түзөт.

3. Элдин саламаттыгына кам көрүү, республикада алдын алуучу медицинаны өнүктүрүү, ага тиешелүү экономикалык жана экологиялык шарт түзүү, мамлекеттин башкы милдеттеринин бири.

4. Мамлекет тарыхий эстеликтерди коргойт, адабият, искусство, илим, жалпыга маалымдоочу каражаттардын жана спорттун өнүгүшү үчүн керектүү шарттарды түзөт.

18-берене

1. Дин мамлекеттен ажыратылган. Диний уюмдар жана бирикмелер мамлекеттин тартибине жана иштерине кийлигишпейт.

2. Диндин, элдин байыртадан калыптанган улуттук маданиятына, наркына, каада – салтына, үрп – адатына жана ырым - жырымдарына кедерги болуусуна тыюу салынат.

3. Мамлекет диний багыттагы ишмердүүлүктү көзөмөлдөйт жана ага тескөө жүргүзөт.

19-берене

Кыргызстанда төмөнкү аракеттерге жана ишмердүүлүктөргө тыюу салынат.

1. Саясий маселелер боюнча:

1) Автономиялык аймактык бирдиктерди түзүүгө;

2) Улуттук сепаратизмге, шовинизмге, уруулардын ынтымагын кетирүүгө;

3) Мамлекеттик жана партиялык институттардын биригүүсүнө, диний жана этникалык негизде саясий партия түзүүгө, мамлекеттик түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, улуттук коопсуздукту бүлүндүрүүгө, социалдык, улуттар аралык, диний касташууну тутандырууга, элдик асыл нарк, дөөлөт мурастарга залака келтирүүгө багытталган партиялык, коомдук, мамлекеттик эмес уюмдардын иш аракеттерине;

4) Куралдуу Күчтөрдү ички саясий маселелерди чечүүгө пайдаланууга;

5) Жарандардын бирикмелерине аскердик тутумдарды түзүүгө;

6) Социалдык, расалык, улуттар аралык, тил же диний көз караштагы жек көрүү жана артыкчылык кылуу сезимдерин ойготкон пропаганда же үгүт иштерине;

7) Кыргызстандын улуттук кызыкчылыкка каршы иштеген жана чет өлкөлөрдөн каржыланган партиялардын, бей өкмөттүк уюмдардын, диний агымдардын жана жеке адамдардын аракеттерине;

8) Инсандын ар-намысына шек келтирген, адамды басынткан, гуманизмге каршы диндерди жайылтууга жана диний экстремизмге;

9) Диний ишмердүүлүктүн улуттук баалуулуктарга залакасын тийгизүүсүнө, аларга саясий максаттар менен милдеттерди көздөөгө;

10) Жалпы баалуулуктарга каршы келчү басылма, жалпыга маалымдоо каражаттарын, оюн-зоок жана башка коомдук чараларды уюштурууга, цензурага.

2. Адамдын эркиндиктери жана укуктары боюнча:

1) Мектеп жашындагы балдарга мамлекеттик программадагы милдеттүү негизги билим берүүнүн ордуна башка билим берүүгө;

2) Коомдук бирикмелерде, саясий партияларда, массалык кыймылдарда жана бийликтин өкүлчүлүк органдарында оппозициялык азчылыкты түзгөн адамдардын укуктарын, эркиндиктерин жана ар-намысын кемсинтүүгө;

3) Мыйзамда көрсөтүлгөндөн башка, адамдын макулдугусуз ал жөнүндө купуя маалымат топтоого, сактоого, жайылтууга;

4) Адамдарга алардын өз макулдугу менен күбөлөндүрүлгөн тартипти сактабай медициналык, биологиялык, психологиялык жана кибернетикалык тажрыйбаларды жүргүзүүгө.

3. Мыйзам чыгаруу ишмердиги боюнча:

1) Юридикалык же жеке тараптын же алардын бирикмелеринин экономикалык ишмердиктерин ар кандай жолдор менен үстөмдүккө алып келүүчү укуктук ченемдик актыларды кабыл алууга;

2) Адамдын эркиндигин жана укуктарын жокко чыгарган, же басмырлаган, жарандардын социалдык-экономикалык абалын начарлатуучу мыйзамдарды кабыл алууга;

3) Кыргыз Республикасынын Конституциясында аныкталган укуктар менен эркиндиктерден ашык максаттар жана эркиндиктер каралган мыйзам кабыл алууга ;

4) Улуттук коопсуздук кызматынын ишин негиздөөчү мыйзамдарына же инструкцияларына кыргыз элинин наркына, салтына залака келтирүүгө же үй-бүлөнүн ыркын кетирүүгө алып келүүчү идеяларды, беренелерди киргизүүгө;

5) Согуштук же өзгөчө кырдаал абалынын учурунда Кыргызстандын Конституциясына жана Конституциялык мыйзамдарга өзгөртүү, толуктоо киргизүүгө;

4. Экономикалык маселелер боюнча:

1) Жаңы салыктарды киргизүүдө салык төлөөчүлөрдүн абалын начарлатуучу мыйзамдарды өткөн мезгилге карата кабыл алууга;

2) Бир туугандык же үй-бүлөлүк жакындыгы бар адамдардын мамлекеттик жооптуу кызматтарда бирге иштөөсүнө;

3) Мамлекеттик жооптуу кызматтарда иштеген адамдарга жана алардын жакын туугандарына чет өлкөдө жашырылган активдерди кармоого;

4) Кыргызстанда иштеп табылган капиталды чет өлкөгө келишимде белгиленген өлчөмдөн ашыкча жана жашыруун чыгарып кетүүгө;

5) Адамдарды жалданма жумушка эмгек келишимисиз иштетүүгө;

6) Балдарды жалданма эмгекке пайдаланууга;

7) Эмгек акыларды купуя чегерүүгө жана өкмөт бекиткен экономикалык ченемдерден жогору дайындоого;

7) Айыл чарбасынын, республикалык маанидеги авто жана темир жолдоруна же электр чубалгыларына, аэропортторуна, суу сактагычтарына керектелүүсүнөн башка максаттарга, сугат жерлерин пайдаланууга;

20-берене

Кыргызстанда мамлекеттик бийлик органдарынын, өкүлчүлүктүү бийлигинин, аткаруу бийлигинин, сот бийлигинин жетекчилери жана алардын өкүлдөрү, жергиликтүү бийликтин кызматкерлери, ушул Конституцияда жана атайын мыйзамдарда аныкталган укуктарын жана милдеттерин аткарбаса, ошондой эле укукка туура келбеген чечимдердин кабыл алынышына алып келген аракеттери же аракетсиздиги үчүн, өздөрүнүн ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланган учурда жана ыйгарым укуктарынын чегинен чыкканда, мыйзамга ылайык саясий, укуктук, администрациялык жана кылмыш-жазык жоопкерчиликтерине тартылышат.

(уландысы бар...)

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

08-06-2015
Д.Сарыгуловдун долбооруна пикир
89659

13-05-2015
Шайлоо ыкмасы
60970

13-05-2015
Салыштыруу таблицасы
114295

13-05-2015
Жаңы Конституцияга киргизилген түшүнүктөр (Глоссарий)
77849

12-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
23305

11-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
30548

09-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
55054

08-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
40050

05-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
42766

01-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
58282

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×